Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Москва: Ооруну жашырган мигранттар


Жатаканада изоляциядагы мигранттар
Жатаканада изоляциядагы мигранттар

Москвада коронавируска чалдыккан кыргызстандыктар илдетин жашырып, ооруканаларга кайрылуудан баш тартып жатышат. Алардын арасында өз алдынча дарылангандар да жок эмес.

Чет жакта кара жанын карч уруп, тиричилик кылып жүргөн мекендештер пандемия маалында өзгөчө кыйын абалга туш болду. Тапкандарын өзүнөн аяп, күнүмдүк жашоого жетчүсүн калтырып, калганын Кыргызстанга салып, үй-бүлөсүн багып жатканына кубанып жүргөн мигранттар 1,5 айдан бери ишсиз отуруп калып, эми өздөрү азык-түлүктөн жардамга муктаж.

Эки күн бою дене табы 38ге чейин көтөрүлүп, өзү шалдырап, сөөктөрүнө чейин ооруп, жыт сезбей, төшөккө жатып калган Рита жанындагы кызын кимге калтырарын билбей, берки эки бөлмөдө жашаган кошуналарын да ойлоп, ооруканага кайрылбаганын айтып берди:​

«Мен Орусиянын жаранымын. Эки бөлмөдө сегиз адам жашайт. Алар Кыргызстандын жарандары. Алар эмне болот? Ошондон чочуладым. Башында бир бала ишинен ооруп келген. Анан мен жыгылдым. Коронавирус эмес, сасык тумоо деп отурабыз. Коронавирус десе, батирди каратинге жабып, өзүбүз эшикке кирип-чыга албай калабыз. Ансыз деле бир айдан бери жумушсуз отурабыз. Сырттан келгенде колун жуудуртуп, бөлмөлөрдү тазалап, жакшы эле сактанып отурганбыз».


Социалдык тармактарда «Тез жардам» чакырып, дарыгерлерге кайрылуудан кооптонуп, батирлерде топ-тобу менен сыркоолоп жаткан мекендештердин баяндары толтура. Ал жакта бири-бирине дары-дармектен кеңешип, өз алдынча дарылангандар да бар. Рита башкалардын айткандары боюнча парацетамол, амиксин, арбидол ичип жатканын айтты. Бул чаттарда арча, сарымсак, имбирь, лимон, бал да өтүмдүү.

Медициналык жардамга муктаж мигранттардын илдетин жашырып, мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен байланышуудан качканына биринчи кезекте миграциялык документтерди текшерүү себеп. «Тез жардам» кызматкерлери деле жардамга кайрылган кишинин паспорту менен жашаган жери боюнча каттоосун талап кылат. Адатта жашаган жеринде миграциялык каттоого турбай, бир батирде топтошуп жашагандар мындай көзөмөлдөн жаа бою качышат.

«Бул мигранттардын батири, кыргыздар жашайт»

«Менин атымды ачык айтпай эле койгулачы» деп өтүнөт күйөөсүндө коронавирус аныкталган келин. Метронун «Крылатское» станциясындагы бул батирдеги 12 кишинин алтоонон коронавирус чыккан.

Үч бөлмөлүү батирди ижарага алып, күйөөсү, эки баласы менен бир бөлмөнү уялап, калган эки бөлмөдө мигранттарга жатак орун берип жашаткан келин үйдө баары бирден ооруй баштаганда «кожоюн билип калат» деп коркконун айтты.​

«Батирди жаап салат, эки балам менен көчөдө калам» деп корктук. Анын үстүнө кошуналар «бул мигранттардын батири, кыргыздар жашайт» деп билип алып, кожоюнубузга чала башташты. Биз «андай эмес, билбей эле айтып жатышат» деп туруп алдык. «Тез жардам» келсе, ого бетер ызы-чуу болушмак».

Башында ооругандарга бирден укол сайып, компресс коюп, кийин өзү да төшөккө сулай жыгылган келин күйөөсүнүн абалы оорлоп кеткенде гана «Тез жардамга» чалышканын айтып берди:​

«Медициналык билимим бар. Баарына терафлю, амоксициллин, азитромицин алып, укол сайып дарыладым. Анан биз жакшы болуп калганда жолдошум ооруп калып жатпайбы. Таксиде иштечү. Өпкөсүн желдетип алган окшойт. Абалы оорлоп, куса баштаганда дарыгерлерди чакырдык. Андан коронавирус чыкканда баарыбыздан анализ алып, карантинге жаап коюшту. Ошол анализдерден берки бөлмөдө жашаган беш кызда илдет чыкты. Көчөгө нанга да чыга албай калып, оор абалда калганбыз. Элчиликке кайрылып, азык-түлүктөн жардам алдык. Биз ыраазыбыз».

Бул батир карантинге алынганга чейин мурда чогуу жашагандардан үчөө батир алмаштырып, башка жакка көчүп кетишкен. Алардын азыркы жашаган жери, коронавирус аныкталганы же аныкталбаганы тууралуу маалымат жок.

«Башка батирге чыгып кеткенге акча жок»

Мигранттардын бири документ текшерүүдөн коркуп, кийинкиси кошуналардан, батир ээсинен чочулап, үчүнчүсү илдетти уялганынан жашырса, басымдуу бөлүгү «эртең-бүрсүгүнү ишке чыгабыз» деп жумуштун башталышын акмалап турган чагы. Андыктан 14 күндүк карантинден качып, тобокелдик менен жашагандар да бар.

Бакыт Москвага эки ай мурун келгенде эле карантиндик чараларга кабылган. Ал батирде чогуу жашаган келин илдетти жашырып, башкалардын саламаттыгына коркунуч жаратканына нааразы.

«Берки бөлмөдө бир адам жаңы төрөгөн аялы жана бир кызы менен жашайт. Ашкананы, даараткананы чогуу колдонуп, баары аралашып жүрөт. Төрөтканадан ооруну жуктуруп келиптир. Бизге күйөөсү он күндөн кийин айтып жатпайбы. Биз бир бөлмөдө эле жети киши жашайбыз. Азыр баарыбыз ооруп жатабыз. Башка батирге чыгып кетели десек акча жок. Батир алмаштырсак, башкаларга жугузуп коёбузбу? Эмне себептен бул келинди доктурлар коронавирус менен үйгө чыгарып жиберишкен? Булар эмнеге бизден жашырып, башында эле айтпай коюшту? Эми биз эмне болобуз? Кыргыздар «Тез жардам» чакырса, алар келбей коёт экен, келсе да ооруканага алып кетпейт экен. Азыр дарыга эмес, тамакка акча таппай жатабыз».

Бакыт Кыргызстандан карызга акча алып иш издеп келгенин, эми Москвада карызга жашап жатканын кошумчалады.

«Кыргыздар вирусту трагедия кылып алышты»

Эл достугу университетинин студенти буларды айтты:

«Бул ачык айткандан уяла тургандай ВИЧ/СПИД эмес. Бул жукса эле дароо жанды ала тургандай вирус эмес. Кыргыздар коронавирусту трагедия кылып алышты, уят деп жашырып жатышат» деп түшүндүрдү .

Студенттик жатакана
Студенттик жатакана

Ал өзү Москвадагы студенттик жатаканада COVID-19 аныкталган курбулары менен обсервацияда жатат. Кошуна бөлмөдө илдет аныкталган кыргызстандык дагы бир студент бар. Анткен менен экөө тең илдетти жуктуруп алып, азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин Кыргызстандагы ата-энесине, бир туугандарына айта элек.

«Медициналык факультетте окуйм, ординатормун. Ата-энеме, туугандарыма деле коронавирусту түшүндүрүп айтып жатам. Өзүм ооруп калганымды такыр айткан жокмун. Канчалык түшүндүрсөң деле тынчсызданышат, анан менин да тынчымды алышат. Москвада жакын жоро-жолдошторум бар. Жатаканада үч маал тамак беришет. Дарыгерлер онлайн байланышып, эки күндө бир жолу дайыныбызды сурап турушат. Негизи ар бир оорунун жеңил, орто, оор, симптому жок түрлөрү болот. Меники жеңил. Өзүмдү сонун эле сезип калдым».

Орусиядагы 750 миңдей мигранттын канчасында коронавирус аныкталганы расмий айтыла элек. Элчи Аликбек Жекшенкулов 18-апрелде «Азаттыктагы» маегинде Москвада 50-60тай жаран коронавирус боюнча шек менен үй карантинде отурганын айткан. Анда Москвадагы кыргызстандыктарга медициналык колдоо көрсөтүү үчүн элчиликке караштуу демилгечи дарыгерлерден турган топ онлайн консультация бере баштаганы кабарланган. Кийин белгисиз себептерден улам бул дарыгерлердин иши токтоп калып, эми гана кайра жанданды.


Коронавирус боюнча мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылып чыккандардын бири Дилбара Асаналиева 15 дарыгер күнүгө 60-70 жарандын арыз-муңун угуп, кеңешин берип жатканын айткан. Асаналиева кээ бирлер үйдө ооруп жата берип, илдет өтүшүп кеткенде кабарлашып, ооруканага кеч жөнөтүп жатканын белгилеген:​

«Клиникалар жабылып, үйдө отуруп калгандыктан өзүбүздүн кызматыбызды сунуштаганбыз. 15 дарыгердин жетөө терапевт, калганы – гинеколог, кардиолог жана башкалар. Мындай кыйын кезеңде эмне кылаарын билбей отуруп калган мекендештерге сөзсүз бир медицина кызматкерине телефон чала калып, кеңеш алуу абадай керек. Биз сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап, анан симптомдоруна жараша бири-бирибизге өткөрүп беребиз. Жаман жери - биздин жарандар илдетти жашырганга аракет кылышат. Аты-жөнүн, дарегин, канча адам менен жашарын сурасаң эле телефонду коюп салышат. Бир чалып, анан айткан нерсени кылбай, өздөрү дарыланып отуруп, анан абалы оорлошуп кеткенде гана чалгандар болот. Биз 10-15тей жаранды өтө оор абалда өзүбүз «Тез жардам» чакырып, абалын түшүндүрүп жатып, догдурларга салып бердик. Кээ бир жарандарыбыз абалын орусча түшүндүрүп бере албайт экен».​

Эки жумадан бери Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупиктин «Тонг жахони» уюмунда борбор азиялык мигранттар үчүн күнү-түнү байланыш номуру иштеп жатат. Анда мигранттарга кыргыз, тажик, өзбек тилдеринде маалымат берилет.

Гүлиза Акматсияева
Гүлиза Акматсияева

Кызматкери Гүлиза Акматсияева мигранттардын COVID-19 тестин тапшырууга шарты жок, илдет өз маалындай аныкталбай, өтүшүп кетип жатканын белгилейт. Москвада мындай тест 2-4 миң рублга чейин турат.

«"Тонг Жахони" «Каритос Франц» уюмунан, тажикстандык жана өзбекстандык мигранттардан кайрымдуулукка келген акчанын эсебинен жардам берет. Тамак-аш, дары-дармек алып берип жатабыз. Кээ бирлери «Тез жардам» чакырып бергиле дейт. Кыргыз жарандарынан азыр кеминде ондон киши жашаган 11 батир биздин каттоодо турат. Бирок баары COVID-19​ менен ооруп жатат деп айтууга болбойт. Мисалы, бир батирде экөө ооруса, калганы кошо карантинге алынган. Тест тапшырууга акчасы жок, көбү жөн эле сасык тумоо болуп жатканын же коронавирус жуктурганын билбейт. Кээде догдурлар бир батирди карантинге алышып, анан мөөнөтү бүткөндө кайра келип түшүндүрбөй эле узартып коюп жатышат».

Орусияда соңку күнү коронавирус 10 миңдей кишиден табылып, инфекцияга чалдыккандар жалпысынан 120 миңден ашты. Илдеттен 15 миңдей адам айыгып, 1222 киши каза болду.

Москвада коронавирус жуккандар 62 миңден ашты. Буга чейин мэрия COVID-19 бейтаптарын кабыл алууга 25 ооруканада 20 миң орундук дайындалганын, эми кошумча 8-9 миң орундуу ооруканалар тартыларын кабарлаган. Шаарда «Тез жардам» кызматы жетишпей, ооруканалар кабыл албай жатканына москвалыктар да арызданып жатышат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG