Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

Эл үнү: Вирус менен кармашкан медайымдын айлыгы


Кыргызстандык дарыгерлер.
Кыргызстандык дарыгерлер.

"Эл үнүнө" коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды дарылаган кенже медициналык кызматкерлер кайрылышты. 1-майдан тарта "тигүү цехтерине да уруксат берүү зарыл" деген өтүнүч менен чалгандар бар.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын жандандыруу бөлүмүнүн аты-жөнүн жашыруун калтырууну өтүнгөн кенже медициналык кызматкерлери:

- 21-марттан бери тынбай иштеп жатабыз. Ошондон бери Саламаттык сактоо министрлигинен берилчү кошумча төлөм колубузга тие элек. Оорукананыкы деп бир айлыкка 7000 сом беришти. Бул өкмөттүн бизди шылдыңдаганыбы? Интернетте, жаңылыктарда “медициналык кызматкерлерге бардык айлык акысы, кошумча төлөмү менен берилди” деп жүрөт го. Балким врачтарга берилгендир. Бирок эмнеге кенже медкызматкерлерди карашпайт? Бала-чакабызды, үй-жайды көрбөй иштеп жатканыбызга эки айдан ашты.

Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын директору Гүлжигит Алиев бул даттануу боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Март жана апрель айынын айлык акыcын толук алышты. Март айы үчүн кошумча төлөмдү толук алышты. Ал эми апрель айыныкы майда берилет. 7000 сомдон март айыныкы берилген. 23-мартта биринчи оорулуу түшкөн, ошондон бери иштеп жатышат. Апрель айы үчүн медайымдарга 40 миң сомдон берилери айтылган. Ошону толук алышат.

Тамак-аш тартыштыгы

Гүлнара Мурзабекова,

- Беловодное айылында Жаштык беш көчөсүндө №494 үйдү ижарага алып жашайм. Азык-түлүктөн кыйналып жатабыз.

Алтын Койчиева:

- Жалгыз бой энемин, майыпмын. Мектепте окуган балам бар. Үйүбүз жок, батирде ижарада жашайбыз. Жардамга аябай муктажбыз. Боорукер адамдардан жардам күтөбүз, аябай кыйналып жатабыз.

Аты-жөнүн айтпаган тургун:

- Өзүбүз батирди ижарага алып турабыз. Эки балам бар. Бутум сынгандыктан, темир орнотулган. Ошого жакшы баса албайм. Аялым иштечү эле. Ал дагы карантинге байланыштуу үйдө отуруп калды. Аябай кыйналып жатабыз. “Жардам берилет” дешкен, эч кандай жардам берилген жок.

Беловодское айылынан чалган тургун:

- Чоңдор “элге акча бөлүнүшү керек” деп сүйлөп жатышат. Айрымдары “акча эмес, азык-түлүк берип жатабыз” деп атышат. Кана акча? Кана азык-түлүк? Эч нерсе жок. Эмне бишкектиктерге берип, бизге таратпайсыңарбы? Баарыбыз бирдейбиз. Макул, мага кереги жок. Бирок элдин арасында көп балалуулар, оорукчандар бар. Алар балдарын кантип багат? Иштеп, акча табайын десе жумуш жок. Чынын айтсам бизде Беловодское айылында кимдир-бирөөгө азык-түлүк же жардам берилгенин уга элекмин.

Жаш төрөгөн эне:

- Төртүнчү баламды жакында эле төрөдүм. Жолдошум жүрөгүнөн операция болуп, ооруканага жатып чыкты. Биз ушул тапта кыйналып жатабыз. Кичинекейиме сүт, памперс керек. Мурда туугандарыбыз жардам берип турушчу эле. Азыр алар да карантинге байланыштуу иштегенге жумушу жок, үйдө отуруп калышты. Азык-түлүк жана жолдошумдун дарысына акча керек. Өзүм болсо Нарында апамдын үйүндөмүн. Апам да пенсия албайт. Балдарга жөлөк пул алайын десем Нарында дагы, Бишкекте дагы туруктуу каттообуз жок болгондуктан берилбейт экен. Нарын шаары, “Городок” жакта жашайбыз. Телефон номерибиз -- 0704446503.

Аты-жөнүн айтпаган тургун:

-Төрт бир тууганбыз. Батирде жашайбыз. Эжемдин эки кичинекей баласы менен алты киши турабыз. Жардам сурайбыз.

Жалгыз бой эне:

- Мен Жамгырчинов көчөсүндөгү №88А дарегинде батирде жашайм. Жалгыз бой энемин. Азыр жардам тандап таркатып кетти. Батирде жашагандарга, майыптарга берген жок. Үйлөрү барлар алышты. “Силерге берилбейт» деп коюшту. Бир жарым айдан бери эч жардам ала элекпиз.

Жалал-Абаддагы жолчулардын арызы

- Кара-Көл шаарынын №39 ДЭУсунда иштейбиз. Бул жерде отуз чакты механизатор бар. Айлык акыбызды ала албай жатабыз. Январь-февраль айлары үчүн маяныбызды да толук албай, аванс алгабыз. Ошондон бери карантин болуп калды, үйдө жатабыз. Ишибиз жок. Жетекчилик үйдө болгон күндөргө айлык акы төлөнбөсүн айтууда. Жалаң айлык менен жан багабыз. Үч-төрттөн балдарыбыз бар. Карантинде жаткан күндөр үчүн башка мамлекеттик мекемелер жумушчуларга маянасын төлөп берет экен. Бизде жер жок. Мал бакканга шартыбыз жок. Кара-Көл шаары эки тоонун ортосунда жайгашкан.

24-апрелде Түркиядан учуп келген жаран:

- Түркиядан учуп келген күнү бизди эки күн обсервацияга жаткырышкан. Эки күндөн кийин чыгарып жиберишти. Үйдө көп киши болгондуктан ал жакка барбай, бир туугандарыбыздын үйүндө жалгыз жашап атам. Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн келип тил катка кол койдуруп кетишти. Ал жерде “тышка чыкпайм, жакындарым менен байланышпайм, тартип бузбайм” - деп жазылган. Азыр мага тышка чыкканга, дүкөнгө барганга да болбойт. Туугандарым менен да байланыша албайм. Азык-түлүгүм жок. Мен Журнальный көчөсү №38 дарегинде келгенден бери жалгыз турам. Бир да дарыгер же медайым келген жок. Мени менен кошо учуп келген кыздарга дарыгерлер келип, экинчи анализдерин алып, обсервациядан чыгып атышыптыр.

Тигүү цехи качан ачылат?

Келсинай Анарбаева, Бишкектин тургуну:

- Силер аркылуу менин үнүм чоңдорго жетеби деген үмүт менен кайрылып жатам. 1-майда көп эле ишканалардын ачылышына уруксат берилгенден кийин тигүү цехтерине деле уруксат беришсе болмок. Себеби дегенде, Кыргызстанда тикмечилик менен тирлигин кылгандар аябай көп. Азык-түлүгүбүз жок калды. Мамлекет жардам берет дегенинен 1227 кыска номуруна чалдым. Такыр албай коюшту. Мындан ары жашообуз кандай болот? Биздин төлөп жаткан насыябыз дагы бар. Ошондуктан бийликтен тигүү цехтерин дагы эртерек ачып берип коюшун суранат элем.

Жарыктын акчасы менен азабы

Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнүн тургуну:

- Бизде бир көйгөй. Электр энергияны канча колдонгонубуздун көрсөткүчүн жазып кетип, эртеси күнү акчасын төлөгүлө деп келишти. Мен убактылуу жумушсуз экенимди, азыр төлөй албасымды айттым. Текшерүүчү башка күнү келип, жетекчилигинин көрсөтмөсү менен электр жарыгын кыркарын айтты. Мен өзүм устамын, ар кандай курулушта иштейм. Биздин азыр жумушубуз жок. Араван районуна карантин киргизилген. Ошондуктан эмне кыларыбызды билбей атабыз.

Ак-Ордо-2 конушунун тургуну:

- Бизде эки күндөн бери жарык жок болчу. “Трансформатор күйүп кетти” деп айтышты. Эми азыр көчөмө көчө кыдырып, 700 сомдон чогултуп жатышат. Кечээ Сокулукка барышыптыр, ал жактан дагы эле баланста эмес экенбиз маалым болду. “Трансформатордун ичин алмаштыруу үчүн бир ай кетет, күтсөңүздөр бекер оңдоп беребиз” - дешиптир. Жарыгы жок отурабыз. Балдарыбыз сабактан калып атат. Тамак жасай албай эки күндөн бери кыйналып жатабыз. Менин беш балам бар. Муздаткычтагы болгон азык-түлүк бузулду. Эмнеге өкмөт тараптан бизге эч кандай жардам жок? Иштегендер салыктын баарын төлөйбүз. Эми трансформаторду дагы өз акыбызга оңдотушубуз керек экен. Муну кандай түшүнсө болот?

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG