Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 23:09

Вируска «таажыны» биз кийгиздик


Иллюстрациялык сүрөт.

Таажы вирусу өтө тездик менен жайылып баратат. Изилдөөлөргө таянсак али вакцина табылбай жатканы, биринчи толкун кайта электе, экинчи толкундун келүү коркунучу бир кыйла сарсанаага салчудай.

Үмүт үзбөш керек. Түркияда бул илдеттин алдын алуу максатында бир топ атактуу адамдардын сүрөтү менен «Биз көргөн чараларга таажы вирусунун күчү жетпейт» деген жазуу эл көп учураган бир топ жайларга жабыштырылды. Чындыгында таажы вирусу менен эң ийгиликтүү күрөшкөн өлкөлөр - ага карата тыкандык менен чара көрө алган өлкөлөр болду десек жаңылышпайбыз. Беткап тагынып жүрүү, коомдук аралыкты сактоо, мүмкүн болушунча аз нерсени кармоо, тез-тез колду самындап жууп туруу сыяктуу физикалык маңыздагы алдын алуунун натыйжасы айтылып келди. Бирок гуманитардык же аң-сезим багытындагы факторлордун салмагына анча баа берилген жок.

Гуманитардык илимдин мааниси

Негизи өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн дээрлик баарында гуманитардык предметтерге көп маани берилбейт. Мындай өлкөлөрдө так илимдин аркасынан түшүү гана нан таап жеген турмушка жеткирет. Ал эми гуманитардык билимдин аркасынан түшүүнүн көбүнесе материалдык жемиши болбойт. Так ушул себептен улам психология, социология, философия, музыка окуп үйрөнүү адатта көпчүлүктү кызыктырбай калган.

Пандемия менен күрөшүүдө так ошол гуманитардык билимдин орду чоң болсо керек эле. Алсак, улуу дарыгер Ибн Сина философияны да аябай жакшы өздөштүргөнү тарыхтан белгилүү. Анын убагында да жугуштуу илдет жайылган экен. Кыскасы, падыша Ибн Синаны чакырып, илдет менен күрөшсө болор-болбосун сураган. Ибн Сина күрөшсө болорун, ал үчүн биринчи кезекте элдин маанайын көтөрүп, ылаңдан коркпош керек экенин айткан. Падышанын адамдары базарды, мечиттерди убактылуу жаап, көчөлөрдү аралап: «Үйүңүздөрдө олтуруңуздар, ойноңуздар жана музыка угуңуздар. Бул илдет оюн-зооктон жана музыкадан коркот. Булар - Ибн Синанын сөздөрү» деп кулактандырышкан экен.

Пандемия башталганда баарынын шаштысы кетип, физикалык чара көрүүгө толук жетише албай жатып маселенин бул жагын ойлоно албай калышты окшойт. Тескерисинче, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө элдин маанайын түшүргөн кадамдар жасалды. Булардын эң эле башында мамлекеттен жетиштүү материалдык колдоо ала албагандарды айтса болот. Карыз менен эптеп күн көрүп, күнүмдүк чыгашасын күндө иштеп таап жашаган үй-бүлөлөр үчүн бул аябай оор. Маанайдын чөгүшү кишинин ооруга каршылык көрсөтө турган күчүн азайтат эмеспи. Кыскасы, бул учурда мамлекет жарандарынын материалдык маселелерин жарытылуу чечип бере алганда, коомдун иммунитети кыйла жогоруламак. Мындай тескери кадамдардын кесепети күн тартибине кире бербегени менен, илдеттин ырбашында чоң роль ойноду.

Таажы вирусубу же кыжаалаттыкпы?

Негизи кыжаалаттык бир топ оорунун анабашы экендиги маалым. Албетте, жалгыз себеби эмес. Мамлекеттен эч кандай материалдык колдоо ала албагандыгы үчүн, ачка олтурган үй-бүлөсүн багуу максатында пандемиянын коркунучуна карабай иштеп жүргөндөрдөн бири журналисттин: «Эмне үчүн үйүңүздө олтурбай сыртта жүрөсүз? Таажы вирусунан коркпойсузбу?» - деген суроосуна: «Мени таажы вирусу өлтүрбөйт. Мени бул саясий түзүмдүн кесепети, кыжаалат кылганы өлтүрөт окшойт», - деп үшкүрүп жооп берген экен.

Калың катмардын материалдык муктаждыгын жетиштүү даражада чечип бергенде деле маселе толук чечилип калмак эмес. Бир канча ай бою элдин кыймыл-аракетин чектеп, мүмкүн болсо үйүнө камагандын кесепетин баары эле жон териси менен сезди окшойт. Жарык маанайда болуп, илдеттен коркпой, аны менен аң-сезимдүү, сабырдуу абалда күрөшүү гуманитардык билимге канчалык ээ болгонубуздан көз каранды.

Кыскасы таажы вирусу менен күрөшүүдө аң-сезимдүү иш алып бара албагандыктан аны ырбатып алдык окшойт. Мисалы, бөлүшүп жегенди билбегендиктен дүйнө коомчулугунда ушул тапта жумушсуздук эң оор маселеге айланды. Адамдар банктардын алдында үймөлөктөштү, кабатыр болду. Гумандуу адамдар басымдуулук кылган коомдордо мындай окуялар азыраак болгону деле ачыкка чыгып калды. Айтайын дегеним, таажы вирусу адам көргөн чаралардан күчтүү эмес экендиги анык. Бирок биз, адамдар, адамча жашап, абийирдүүлүк менен мамиле кылганды эптей албай, бири-бирибизге жырткыч сыяктуу мамиле кылып, мунун натыйжасында көңүл ачык жүрө албай олтуруп таажы вирусун ырбатып алдык окшойт. Башкача айтканда таажы вирусунун «таажысын» кайра эле биз, адамдар, төбөсүнө балчайтып кийгизип, аны дөөгө айландырып алгандай сезилет.

Пандемия маалында «беткаптар» түштү

Пандемия кайсы өлкө өз жарандарына канчалык деңгээлде маани берерин далилдеп койду. Бул мезгил бизге мамлекеттер өз жарандарына кылган мамилеси жагынан үч түргө бөлүнөрүн көрсөттү окшойт. Мисалы, Батыш Европадагы бир катар өлкөлөр өз жарандарына пандемия убагында керектелчү акчалай жардам менен катар бир топ кепилдиктерди, жеңилдиктерди берди. Кээ бир өлкөлөр болсо мамлекеттин экономикалык күчүнө жарашпагыдай кылып болсо да жардам беримиш болду. Ал эми үчүнчү топтогу өлкөлөр дээрлик тим эле коюшту...

Мамлекет элдин күчү менен турары маалым. Андыктан кадимки шарттарда бийлик төбөлдөрү элге сылык-сыпайы мамиле кылышат, элге чындап маани берип жаткандыгын көрсөткүсү келет. Элдин «биз мамлекеттин көңүл чордонунда экенбиз» деген ойдо болушун каалашат. Бирок дайыма эле ким чын ыкластуу, ким жасалма экенин ажыратып биле берүү мүмкүн болбойт экен. Ал эми пандемия доору бир тобунун бетин ачып койду.

Пандемия жалаң эле мамлекеттердин эмес, жеке адамдардын да беткабын сыйрып түшүрдү. Алсак, жөн убакта так ошол калың катмардын эмгегинен пайдаланып байыган, чоңойгон, кубаттанган фирмалар, уюмдар, ишкерлер пандемия убагында алган колдоосунун бир бөлүгүн кайра ошол карапайым элге кайтарууга ичи тарып, жаман күндө жанында тура алган жок. Мисалы, азык-түлүк фирмалары учурдан пайдаланып дароо бааларды кымбаттатууга аракеттенди. Азык-түлүктү дүкөндөргө таратып, кардарга тараткан ортомчулар, дүкөн ээлери да элдин капчыгын таламайга кошула кетти.

Авиа каттамдардын ачылышын бир тобубуз күткөн элек. Ачылышы го ачылды. Бирок кечээ кызыгын карап көрдүм - баалары асмандын башына чыгып кетиптир. Муну пандемиядан улам үч ай бою жарытылуу иштей албаганына байланыштырып жатышкандыр. Мени таң калтырганы - булар кадимки шартта деле кылган кызматына төп келбеген кымбат акы алат, жалган жарнамаларды колдонот, эч качан керектөөчүнүн укугуна сый-урмат көрсөтпөйт, азык-түлүк жаатында товардын сапатын так сактабайт, салык төлөөдө ар кандай айлакерликке барышат го. «Үч айдан бери силерди тоной албай, кыжаалат болдум. Мына эми мынтип кайрадан колго түшүп олтурасыңар, өткөн үч айлык «акымды» кошо өндүрүп калайын эми» дегендей эле сезилди.

Жарнамалардагы «Биз сиздер менен биргебиз!», «Сиздердин коопсуздугуңар үчүн кызматыңыздардабыз!», «Сиздин ден соолугуңуз - биздин кепилдигибизде!», «Аягына чейин сиздин жыргалчылыгыңыз үчүн!» деген сөздөрдүн баары жасалма экени дагы бир жолу түшүнүктүү болду окшойт.

Так ушул таш боордук, сугалактык, бейгамдык, ашынган өзүмчүлдүк, бети жоктук биздин жашоодон чыкмайын таажы вирусунун «таажысы» түшпөйт. Башкача айтканда адам катары биздин ушунча талуу жерлерибиз туруп, алар менен деги эле ийгиликтүү күрөшө албай жатсак, таажы вирусун кантип жеңебиз? Кээде бул илдет келбесе деле адам адамды кырып жок кылганы калган окшойбуз деп ойлоп кетем.

Элдин досу - эл гана

Жакында шайлоо болот. Байкаганыңыздардай, карапайым элдин досу болбойт. Буга чейин деле шайлоо алдында өтө көп убадалар берилген, бирок көпчүлүгү орундалбай келатат. Жакшылап байкап көрсөк, шайлоо алдында саясатчы таккан бепкап, кызмат өтөмүш болгон бир канча жылда кайра эле шыпырылып түшүп калат. Шайлоо алдында берилген убадалар товардын жарнамасынан айырмаланбай деле калды. Саясатчы добуш алгыча, фирмалар болсо товарын саткыча элге элге күйүмүш болот, жалган сүйлөйт окшойт.

Таажы вирусунун бул сабагынан соң алдыдагы шайлоодо аз да болсо аң-сезимдүүрөөк кадамдарга бара алар бекенбиз? Шайлоочу бул жолкусунда беткаптын ары жагын аз да болсо көрө алат болду бекен?

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG