Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Шайлоо, жаңы оюнчу, эски аң-сезим


Шайлоо мыйзамы: саясатчылар бийликке кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00

Шайлоо ыкмасы боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Бишкек. 11.11.2019.

Кыргызстанда күзүндө кезектеги парламенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Бул саясий жүрүмдү утурлай, айрым серепчилердин блогдоруна да орун бермекчибиз. Назарыңыздарда -- жаш илимпоз Элмурат Кочкор уулунун ой толгоосу.

Шайлоо кайрадан жакындап келе жатат. Мындай учурларда күн тартиби жанданып, коомчулуктун көңүлүн бурган көрүнүштөрдүн көбөйүшү табигый көрүнүш. Мындай учурда ким кимдин эсебине чуркап жүргөнүн, кайсы кабар кимдин пайдасына жаңырып жатканын ажыратып билүү оңой боло бербейт экен.

Соңку кездерде күн тартибинде көп талкууланган бир катар көрүнүшкө калыс баа берип, туура чечим чыгаруу жарандык милдетибиз болсо керек. Андыктан, мен да булар тууралуу өз оюмду бөлүшө кетейин.

Эски аң-сезимге жаңы үмүт артуу

Ар бир шайлоонун алдында болгондой эле, бул жолкусунда да элдин көксөгөн нерсесин аларга берүүнү убадалаган сөздөр, ураандар айтыла баштады. Мисалы, эки жолку төңкөрүштө элдик бийликтин орношу- чындыгында эл күткөн, көксөгөн нерсе болчу. Бул доорлордогу шайлоолордо элге дал ушул элдик бийликтин орнотулушу убадаланды. Ачык айтыш керек, чындыгында андай болгон жок. Анткени, элдик бийликтин орношун жүзөгө ашырчу инструменттер жетишсиз болчу.

Соңку жылдарда парламентке жаштардын баруусу керектиги суроосу тез-тез күн тартибиндеги талкууга жем таштап жатат. Дал ушул боштукту туура сезип, кээ бир партиялар жаштарды аралаштырып шайлоого аттанганга камынып калды.

Бирок мени тынчсыздандырган нерсе -- бул парламентке бараткан жаштардан гана көбүрөөк нерсе күтүп алгандыгыбыз болуп жатат. Жаштар да келсин, биз ага кубаналы, бирок көп нерсе күтүп алып, эртең алардан да көңүл калчу болбойлу. Жаштардын келүүсүн мамлекеттик механизмдердин жакшырышына багытталган «башталгыч кадам» катары көрүү гана туура болот. Отуз жылдык өнөкөт оорууу, бир-эки жаш жигиттин ашып барса беш эле жылда айыктырып, жыргатып ийээрин үмүт кылуу туура болбой калат. Эң жаманы, парламентте акыркы үмүтү жаштарда калган карапайым элдин үмүтүн бул жолу да сындырып алуу коркунучу бар.

Коомдо соңку бир канча айдан бери жемкорлорду, шылуундарды жоопко тартуу маселеси кызуу талкууда болгондуктан, шайлоого аттангандардан буга байланыштуу убадаларды да уга баштадык.

Убада берүүдө уламышка айланган саясатчылардын жемкорлукка каршы күрөшүүгө көнүмүш үндөөсү анчейин жаңырык таппашы анык. Андыктан аз да болсо жаштарга үмүт артып турган катмар бар болгондуктан, эски саясатчылар убаданы так ошол жаштарга энчилеп берди көрүнөт.

Дароо эле «жемкордун колун сындырам», «соргокту кустурам» деген курулай убадалар жаңырчу болду. Парламентке аттанган жаштардын толкундануусун, жакшы ниетин түшүнөм. Бирок, булар реалдуу пайдубалы болбогон сөздөр. Анткени «азганактай эл өкүлү кааласа эле өлкөдөгү жемкорлордун кекиртегин бууганга күчү жетеби, буга биздин өлкөдөгү агым жол береби?» деген суроонун жообу бүдөмүк бойдон калууда.

Эгерде жаш саясатчылар узак мөөнөттүү саясатта калууну, реалдуу реформаларды жасоону көздөшсө, анда дал ушул суроого баш оорутуп, андан соң этияттап убадаларды тизмектесе туура болчудай.

Кыскасы, жаш саясатчынын толкундануусуна беш жылды байлап берип, анан мөөнөтү бүтүп, "ишенген молдобуз сууга аккан соң" жаштардан да үмүттү үзүү -- эң көп зыянын кайра эле бизге тийгизет.

Маселенин өзөгүн «кайсы саясий партиянын берген убадаларын орундатууга реалдуу пайдубал бар?» деген суроо түзүшү керек. Буга көңүл бурбай, адатыбызча оңойго качырып, жаштарды шайлап берип туруп, өзүбүз жигердүү болбостон жамбаштап жата берсек, бул чакырылышта да элдин пайдасына алгылыктуу натыйжа ала албайбыз.

Ажыкеге арткан үмүт

Маалым болгондой, белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловдун шайлоого аттануусу күтүлүүдө. Жок дегенде интернеттеги коомдук тармакта ошондой ой-пикирлер учурап калып жатат. Эгер ал же башка таасирдүү ханафий диниячы шайлоого талапкер катары кайсы бир партиянын курамында аттанып калчу болсо деп төмөндөгү ой-толгоомду алдын ала бөлүшүп жатам.

Чубак ажы Жалиловдун диний ишмердүүлүгү, эл менен жакындыгы, кесе сүйлөй алгандыгы барына маалым. Бирок, менин оюмча, Жалиловду шайлоого аттанышын каалаган катмардын жаралышына себеп болгон эң негизги фактор -- бул ал кишинин Ислам укугунун өкүлү катары көрүлүүсүндө болду окшойт. Ажыкенин так ошол Ислам укугундагы принциптер тууралуу арбын сөз кылгандыгы, алардын негизинде жашаса, бейпил жашоого жетүү мүмкүн экендиги тууралуу көп сөз кылышы мунун негизги себеби болду го, чагымда.

Жогорудагы жаштар жаатындагы жоромолдорумду бул жерге да айткым келип турат. Бул жерде да «Чубак Жалиловду парламентке киргизип жиберүү менен эле сахабалардын доорундагыдай бейпил жашоо орноп калат» деген түшүнүккө ээ болуу туура эмес. Ажыке аң-сезимдүү эле кадам таштайт, күчүнүн чегин билет, бардыгын кыйратып ийүү мүмкүн болбогонун да аңдап турат деп байкадым.

Тасма. Next TV сыналгы каналы Чубак ажы Жалиловдун шайлоого катышаар-катышпасы тууралуу жоромолдорго учкай кайрылды. 17.6.2020 (06:15--07:00 мүнөттөр).

Бирок, күйөрмандардын «Ажыке сиз парламентке барбасаңыз же президент болбосоңуз болбой калды!» деген сөзүнөн ажыкенин көзүндөгү Чубак Жалилов менен шайлоочунун көзүндөгү Чубак Жалилов таптакыр башка экени көрүнүп калды. Андыктан, күйөрмандарга ажыке өзү реалдуу үмүт жана натыйжалар тууралуу кайрылуу жасап койсо жарашып калат ко дейм. Антпесе, ажыкеден көптү үмүт кылып алып, мунусунда накта ишенген молдо сууга агып, үмүттөр таштандыга кетпесе экен деген ой.

Чубак Жалиловдун талапкерлигинин дагы бир опурталдуу жагы бар. Ал -- саясий карт бөрүлөрдүн ажыкени анын өзүнө байкатпастан колдонуп коюу коркунучу.

Ажыке -- жакшы киши, эгерде шайлоого талапкер катары чыгам десе, таза ниет менен аттанып жаткандыр. Бирок, саясатта анын жаңы, тажрыйбасыз экендигин моюнга алуу кажет. Коркунуч -- карт бөрүнүн жанындагы тажрыйбасыз саясатчынын көп добуш ала билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигинде.

Жөнөкөй тил менен айтканда, ажыкенин жакшы ниетине ишенип, аны менен бир сапта турган карт бөрүлөрдүн колун кубаттап бербесек болду. Менимче, Жалиловдун талапкерлигине бере турган убадаларынын канчалык реалдуулугу бар экенине жараша гана баа берилиши абзел. Эл өкүлдүгүнө аттана турган болсо, ажыкени урматтап берилген добуштардын партиялаштарынын карөзгөй мүдөөсүнө садака чабылып кетпешинин кепилдигин бере алат болду бекен?

Ушул жерде эске сала кетчү эки ерсе бар. Биринчиден, Ислам укугу өнүгүп, туу чокуга жеткен учурларда деле мыйзамдуулук менен кошо уурулук, талап-тоноочулук, көз боёмочулук деле болгон.

Ошол эле Азирети Мухамметтин доорунда деле таза, чынчыл, калыс кишилер болгондой эле, балит, ууру, бетпак кишилер деле болгон эмеспи.

Айтайын дегеним, биздин молдокелер суктанып айтып берген доор, чын-чынында, реалдуу жашоодо болгон эмес.

Ч.Жалилов шариятта жазылгандай кылып, кой үстүндө торгой жумурткалаган бейпил жашоону керт башы аркылуу алып келе албасын билет. Ал кишиден муну күтүп алып, шайлоочу ажыкени да, өзүн да кыйноосунун кажети жок.

Экинчиден, парламентте монолог эмес, диалог болоорун, дем салуу, дуба кылуу менен эмес, заманбап мыйзам жазуу, өкмөттүн ишин көзөмөлдөө менен иш жүрөөрүн акылга түйүп алуу зарыл. Кыскасы, мечитте жүздөгөн кишини жактоочусу катары чогулта алган имам парламентте жүз жыйырма эл өкүлүнүн бири гана болот.

Анан калса, диниятчы деле Башмыйзамдагы өз атуулдук укугун пайдаланып, Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн ат салышууну чечсе, ошол Башмыйзамдагы Кыргызстан секулярдык (айдыңдык; орусча "светский") мамлекет экендиги таасын жарыяланган беренени да "кыйшаюусуз аткарам" деп ант берүүгө камынышы да башкы шарт болуп саналат.

Заттык кызыкчылыктар үчүн киши өлтүрүлгөн, кээде өлтүргөндөн бетер кылып кордогон дүйнөдө жашап жатабыз. Заттык кызыкчылыктар көрпенделик менен биринчи орунга коюлуп жаткан чакта башка деле азыркы азганактай айдың мыйзам чыгаруучулар үчүн иш алып баруу өтө оор болуп жатканын көрүп-билип жатпайбызбы.

Талапкердин тулкусуна эмес, системага ишеним

Шайлоодо жалпы коомчулукка кайрадан алданбоонун өзөккү жолу -- жүзөгө ашуусу мүмкүн болгон, системалуу, реалдуу максатты койгон реформачы инсандарга жана алардын саясий партияларына ишеним көрсөтүүдөн башталат. Жакшы ниеттүү болуу -- ийгиликтүү болуу үчүн жетиштүү эмес. Мунун өрнөгүн тарыхтан байма-бай кезиктирүүгө болот. Кыскасы, бүгүн да жакшы киши экен же жакшы партия экен деп эле ысымы же партиялык аталышынан улам колдоп коюудан мурда, анын саясий партиясынын жалпы иш-планынын жана долбоорунун канчалык реалдуу экенине, тизмеде кийин алдыга суурулуп чыга калчу жемкорлордун бар же жоктугуна кылдат баа берүү шарт.

Негизи, элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон атуулдардын этностук тегине, динине, жынысына, расасына же башка өзгөчөлүгүнө карабастан эл өкүлү болушу орундуу болот. Бирок, азганактай кишиге көп үмүт артпоо, көптү күтпөө абзел.

Парламенттин көпчүлүгүн чыныгы реформачылар түзүшү үчүн жана добуш бурмалоого жол бербөө үчүн шайлоочулар жалпылап аракет кылышы абзел.

Элмурат Кочкор уулу
Элмурат Кочкор уулу

Дегиңкиси, эски система, эски аң-сезим кожоюндук кылган жерге жаңы, жаш оюнчулар жана тажрыйбалуу таза оюнчулар аруу максат менен кириши -- мезгил талабы... Өзгөрүү акырындык менен болот.

Жарандык коом катары бул болочокку чакырылышта реалдуу, системалуу иш-планы барлардын партияларына ишеним көргөзүү жана берилген сөздөрдүн орундалуусун көзөмөлдөө, мүмкүн болсо, шарттоо орундуу болот деп ойлойм.

Элмурат Кочкор уулу,

Түркия

P.S. Автордун пикири «Азаттыктын» позициясын билдирбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG