Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Тыюу салынган диний уюмдардын таасири


Канатбек Мурзахалилов, Улукбек Каландаров.
Канатбек Мурзахалилов, Улукбек Каландаров.

«Биз жана дин» түрмөгүндө Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдар менен кыймылдардын ишмердигин талдайбыз.

Түрдүү диний идеологияларды карманган топтордун өзгөчөлүктөрү, алардын саясатташуусу менен радикалдашууга түрткү берген факторлорго кайрылабыз.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Түркиянын «Улудаг» университетинин магистранты, теолог Улукбек Каландаров талкуулады.

Канатбек Мурзахалилов: - Адегенде Кыргызстандын аймагында ар кандай соттук инстанциялар тарабынан деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп табылып, тыюу салынган түрдүү диний уюмдар менен кыймылдардын ишмердүүлүгүнө сереп салалы.

Улукбек Каландаров: - Эгемендиктин алгачкы күндөрүнөн тартып өлкөдө көп диндүү коом түзүлдү. Кыргызстандын жарандары динге, ар кандай ишенимдерди тутунууга жана түрдүү диний топторго мүчө болууга эркиндик алышкан. Бул «диний жандануубуз» кандайдыр нукка салынбай, салттуу диндер мамлекет тарабынан тиешелүү колдоого алынган эмес.

Акыркы күндөрү диний баалуулуктарды колдонуу аркылуу адамдарды өз катарына тартып, жек көрүүнү, зордук-зомбулукту жана чыр-чатакты жараткан ар кандай дин жана диний агымдар пайда болду. Алар жарандарыбыздын бирдикте тынч жашоосуна залакасын тийгизип, мамлекетибизде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшүнө шарт түзүлдү. Аталган көрүнүш мамлекет менен диндердин ортосундагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бөлүүгө жана көзөмөлдөгө мамлекетти мажбурлоодо.

Канатбек Мурзахалилов: - Булардын ишмердүүлүгүнө кандай критерийлердин негизинде тыюу салынат?

Улукбек Каландаров: - Көптөгөн мамлекеттердин мыйзамдарында динге ишенгендер жана диний уюмдар боюнча кабылданган чектөө жана тыюу ченемдери көбүнчө коомдук тартипти, адептүүлүктү коргоого негизделет. Биздин мыйзамдар да ушул өзгөчөлүк аркылуу радикалдуу ой-пикирлердин жайылышынын алдын алуу менен бирге, Кыргызстандын каада-салттарына жат болгон пикирлерди «дин» деп таратып жаткан уюмдардын ишмердүүлүгүн чектөөгө мүмкүнчүлүк берет. Тактап айтканда, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, мамлекеттин эгемендигин жана элдин биримдигин сактоого терс таасир этүүчү диний топтордун тыюу салынышына мыйзам жол берет.

Азыркы күндө Кыргызстандын аймагында террористтик жана экстремисттик деп тыюу салынган уюмдардын саны 21ге жетти.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстанда такфиристтик иделогияны карманган диний жамааттар кайсылар? Алар башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

Улукбек Каландаров: - Кыргызстандагы такфиристтик идеологияны карманган диний агым катары чет жактан диний билим алгандардын арасында, салафиттик идеологиядагы топтордун ичиндеги радикалдык, такфиризм пикирин карманган жамааттарды жана бул идеологияны колдонуп, жайып жүргөн диний топторду атаса болот. Такфиристтик идеологияны кармангандардын көбү башкаларды каапырлыкка чыгарууга негиз болгон түшүнүк - бул «ыйман менен амалды» чогуу деп кабылдаган ишеним. Ханафий мазхабында болсо ыйман келтирип, бирок амалдарды аксаткан киши каапыр эмес, күнөөкөр деп эсептелет.

Ал эми «такфир» сөзү Куран менен хадистерде айтылбайт. Дин окумуштуулары Куран жана хадистерде келген, «такфир» сөзүнүн уңгусунан чыккан, маанилеш сөздөрдүн көбүн этиш катары айтышат. Ал «күнөө кылуу» деген маанини бергендигин айтышат. Өкүнүчтүүсү - такфиристтик идеологияны кармангандардын көбү кишинин кайсы бир мазхабдын көз карашына же кимдир-бирөөнүн пикирине кошулбаганы үчүн жана ыйык китептердин модернисттик көз караш менен окулушуна каршы болгондугу үчүн такфир кылышат. Такфир маселесинде кишинин ыймандын шарттарына ишенип же ишенбегендиги каралышы керек. Ишенүү да кишинин ички дүйнөсүнө байланыштуу маселе болгондуктан киши өзү ачык айтмайынча билиш кыйын.

Канатбек Мурзахалилов: - Бүгүнкү күндө Кыргызстанда террорордук, радикалдык коркунучтардын көбөйүшүнө түрткү берген социалдык-экономикалык себептерден башка дагы кандай факторлор бар?

Улукбек Каландаров: - Жеке адамдын жана коомчулуктун реалдуулугун чагылдырган маалымат гана адамдын эмоцияларын, психикасын көзөмөлдөп, аны акылга сыйган тыянакка алып келип, фанатизмдин алдын алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Тактап айтканда, диний окутуунун негизги – базалык билимдин жоктугу же анын сапаты жоктугу динчил адамды диний маданиятынан тайдырат. Аны фанатизмге алып келет, өзүнүн руханий дүйнөсүнө сын көз караш менен мамиле кылганы мындай турсун, айлана-чөйрөсүндөгү реалдуу ааламды сындай турган болот. Бул абал бара-бара радикалдуу көз караштарга алып келери анык. Ал көз караштар өз кезегинде экстремисттик маанайдагы ураандарга айлануу мүнөзүнө ээ. Террорчулук болсо, көбүнчө ушундай ураандардын негизинде жүзөгө ашырылат. Терроризм куралсыз ишке ашпаганы үчүн ал идеология курал катары динди, мекенчилдикти, улуттук каада-салттарды, адам укуктарын же жалпы эле инсан үчүн улуу болгон көптөгөн түшүнүктөрдү фактор катары колдоно алат.

Канатбек Мурзахалилов: - Кыргызстан сыяктуу дүйнөбий өлкөдө жалпы эле дин, анын ичинен ислам саясий эмес, социалдык ролду аткарып, элди бөлүп-жарууга эмес, аны бириктирүүгө кызмат кылышы керек. Ал үчүн мамлекет диний чөйрөнү кыспай, өз талабын таңуулабай, негизинен кызматташтык жолунда болгону туура. Ушул өңүттө сиз бүгүнкү күндөгү мамлекеттин радикализмдин алдын алуу жаатындагы саясатынын күңгөй-тескейин кандай баалайт элеңиз?

Улукбек Каландаров: - Бүгүнкү күндө Кыргызстанда расмий жана расмий эмес ишмердүүлүк кылган 30дун тегерегинде диний уюм бар. Бирок алардын кээ бирлери гана коомчулуктун калың катмарынан тарапташ топтоп, жарандардын руханий кризистен чыгышына оң таасир тийгизүүдө. Кээ бирлери диний теория менен практикада ашынган көз караштарды жана ыкмаларды карманган экстремизмдин жайылышына, диний же болбосо жамааттык бөлүнүүгө себеп болгону анык.

Аларды жалпысынан төмөнкүчө мүнөздөсө болот:

  • Саясатка аралашпастан калкка динди жеткирүүнү көздөгөндөр.
  • Саясий бир даражага жетип, өкмөттүк деңгээлде диний саясат жүргүзүүнү каалагандар.
  • Халифат куруу же болбосо өлкөнү исламчыл башкарууга алмаштырыш үчүн учурдагы мамлекеттик моделди күч колдонуу аркылуу өзгөртүүнү максат кылгандар.
  • Исламчыл башкарууну каалаганы менен күч колдонуу ыкмасын кабылдабагандар.
  • АКШ, Орусия жана Европа мамлекеттери «мелүүн» деп атаган кээ бир диний уюмдар.

Сырттан келген бул диний уюмдардын бири-биринен айырмаланган багыттары, баалуулуктары, ыкмлары, максаттары жана миссиялары бар. Бул факторлор мамлекетти тезинен диний чөйрөдөгү саясатын кайрадан реформалоого мажбурлады. Мамлекеттин диний уюмдар менен агымдарды тартипке салуу жана радикализмдин алдын алуу жаатындагы саясатын, өлкөнүн дин аралашпаган моделин сактап калыш үчүн барган кадамдарына жалпысынан эксперттер оң баа берүүдө.

Ал эми мамлекет радикализмдин жана экстремизмдин алдын алууда негизги маанини билим берүү, агартуу иш-чараларына, радикалдашуунун баштапкы себептерин талдоого жана жоюуга багытташы зарыл.

Канатбек Мурзахалилов: - Учурда өлкөдө диндин кандайдыр бир денгээлде саясатташтырылышы да мүшкүл жаратууда. Айрым бир саясатчылар шайлоо алдында диний ресурсту пайдаланууга же саясий капитал чогултуу максатында түрдүү диний жамааттар менен тыгыз байланышта болууга аракет кылышат. Ушул өңүттөн алып караганда түрдүү идеологияга ээ болгон жана сырттан жардам алган диний жамааттар менен агымдар Кыргызстандагы чечим кабыл алуу катмарынан колдоо тапты, алар менен иштешүүнүн жолун өздөштүрдү десек болобу?

Улукбек Каландаров: - Кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстан кээ бир диний топторго карата чечкиндүү боло албай жатат. Айрым бир саясатчылардын саясий капитал топтоого же диний чөйрөдөгү электоратын жоготуп албоогу умтулганын да айтса болот. Өкмөт өлкөгө турист тартуу жана социалдык жардам алуу максатында айрым уюмдарга колдоо көрсөтөт. Буга мисал катары азыркы өкмөттүн Аймактарды өнүктүрүү жылындагы таза суу маселесин чечүүсүнө «Сауд өнүктүрүү фонду», «Катар хайрия», «Ассанабил» жана «Ассалам» фонддорунун демөөрчүлүгүн айтсак болот. Андыктан сырттан жардам алган диний топтордун мамлекеттин чечим кабыл алуучу орундарында иштегендерден колдоо аларын жана алар менен иштешүүсүн айтса болот. Негизинен саясатчылардын диний ресурсту пайдаланышына эң алгач бийликтен саясий калканч издөө аркылуу өз ишмердүүлүгүн жайгысы келген диний топтор мүмкүнчүлүк берет.

Канатбек Мурзахалилов: - Диний экстремизмдин, терроризмдин алдын алып, аны жеңиш үчүн кандай практикалык сунуштарды айта аласыз? Бизде кандай кемчиликтер бар? Аларды кантип оңдосок болот?

Улукбек Каландаров: - Серепчилер диний радикализм менен күрөшүүдө салттуу диний идеологиянын колдоого алынышы жана ал идеологиянын башка идеологиялардан айырмачылыктары, калкка туура түшүндүрүлүшү зарыл экенин айтышат.

Бул иштин натыйжалуу болушунда дин адамдарынын жана диний уюмдардын ролу өтө чоң экени белгиленет. Ислам - кыргызстандыктар үчүн жөн гана руханий баалуулук. Өлкө жарандарынын басымдуу бөлүгү мамлекеттин дүйнөбий моделин колдойт. Көпчүлүк мусулмандар саясий, диний топтордун лидерлерин таанышпайт.

Жаштардын сырттан жардам алган түрдүү диний топторго кошулушуна өлкөдөгү саясий-социалдык жана экономикалык абал негиз болууда. Андыктан диний экстремизмдин алдын алууда мамлекет өз жарандарынын жашоо шартын жакшыртышы, коррупцияга жол бербей, калыстыкты орнотушу маанилүү болуп саналат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG