Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Пандемия орозо айтты өзгөрттү


Карачи шаарындагы мечит. 22-май, 2020-жыл.
Карачи шаарындагы мечит. 22-май, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер мусулман жамааттары Орозо айтты майрамдагандан кийин коронавирусту жугузуп алган адамдар көбөйүшү мүмкүн деп чочулашат.

Ушул дем алыштарда мусулмандардын ыйык Орозо айы аяктап, ислам динин туткан жамааттар айттаганы жатышат. Бирок быйылкы майрамдык жөрөлгөлөр менен иш-чараларды пандемияга байланыштуу кабыл алынган чаралар чектеп койду.

Адатта борбордук мечиттерге, чоң аянттарга миңдеген киши чогулуп намаз окуса, быйыл көп жерде андайга тыюу салынды.

Базарлар айт алдында кымгуут түшсө, бул күндөрү карантинден улам коомдук жайлардын көбү жабык турат. Инфекция акча аркылуу жугушу ыктымал деген чочулоо битир берүү салтынын да кыйла чектелишине алып келди.

Пандемиядан катуу жабыркаган өлкөлөрдүн бири Иранда вирустун жайылуу «коркунучу төмөн» аймактарда жамаатташып намаз окууга уруксат берилди. Айт күндөрү эки жакка каттоого салынган тыюу убактылуу алынды. Жакында мечиттерге жана ыйык жайларга барууга кайрадан уруксат берилип, бирок ар бир адам маска, мээлей кийип жүрүүгө, мечитте 30 мүнөт гана болууга милдеттендирилген.

Бирок эпидемия коркунучун көзгө илбей, айт алдында көчөлөргө, базарларга агылган элди да көрсө болот.

Кабулдагы базар. 22-май, 2020-жыл.
Кабулдагы базар. 22-май, 2020-жыл.

Жума күнү Кабулдун чоң базарларынын биринде соода кадимкидей кайнап турду. Маска тагынган же дарыгерлер кеңеш бергендей аралыкты сактаган киши дээрлик байкалган жок.

«Ар бир адам гигиена эрежелерин сакташы, өкмөт, дарыгерлер айткан кеңештерди аткарышы керек деген ойго кошулам. Бирок биздин өлкөдө күнүгө канчалаган киши кол салуу менен теракттардан каза болуп жатат. Эмне үчүн өкмөт ошол көйгөйгө олуттуу мамиле кылбайт?» - дейт жергиликтүү тургун Абдул Салим «Reuters» агенттигинин кабарчысына.

Алты миллион калкы бар ооган баш калаасында 28-мартта карантин киргизилип, коомдук транспорт жүрбөй калган, кеңселер менен ишканалардын көбү жабылган.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 22-майга карата чыгарган маалыматына ылайык, 9 216 киши коронавирусту жугузуп алган, 205 киши оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты.

Бангладештин борбору Дакка шаары да марттын аягынан бери карантинге кирген. Жакында өлкө бийлиги вирустун алдын алуу максатында чектөөчү чараларды 31-майга чейин узартты.

Бирин-серин дүкөндөргө гана иштөөгө уруксат берилди. Ири соода борборунда кийим-кече саткан бутиктердин ээлери демейде майрамдык көйнөктөрдү байма-бай алышканын, азыр болсо кардарлар аз болуп, кирешесиз калышканын айтып даттанышууда.

«Reuters» агенттиги Бангладеште ушул бейшемби күнү COVID-19 илдетине кабылгандар 28 жарым миң киши болгонун, 408 бейтап көз жумганын кабарлады.

Орусиянын муфтийи Талгат Тажуддин быйылкы Орозо айы өзгөчө болгонун айтат. Ислам дин кызматкерлери башынан эле динчилдерге жамаатташып намаз окуу милдет эмес экенин айтып, мечиттерден тартууланган намазды онлайн көрүп турууга чакырып келишти.

Москвада буга чейинки жылдары айт намазга чогулгандар ушунча көп болгондуктан, кээде көчөлөрдү жабууга да туура келген. Шаардын борбордук мечитине баргандардын басымдуу бөлүгү эмгек мигранттары болчу. Бул жолу Орозо айтта баш калаадагы мечиттер жабык болмокчу.

Махачкаладагы мечит. 21-май, 2020-жыл.
Махачкаладагы мечит. 21-май, 2020-жыл.

Инфекциялангандардын саны боюнча Орусияда алдыңкы саптарда келаткан Дагестанда бийликтин чечими менен Кызыляр жана Кызылюрт шаарларында айт майрамдалган төрт күн бою толук карантин киргизилүүдө. Аймактын борбору Махачкалада да ушундай чара көрүлүшү ыктымал.

Кошуна Чеченстандын аймагында да 23-26-май күндөрү элдин сыртка чыгышы катуу чектелди. Республиканын ички иштер министри Руслан Алханов тыюуну бузгандар мыйзамга жараша катуу жазаланарын эскертти.

Бейшембинин кечинде чечен лидери Рамзан Кадыров коронавирус жугузуп алып, Москвадагы ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы «орозо айт намазын аянттарда жана мечиттерде окуганга болбойт» деп 21-майда жарыялады. Коңшулаш Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстанда да ушундай эле чара көрүлгөн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG