Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 06:48

«Битир-садага таратуу иши ачык болушу керек»


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык мусулмандар жыл сайын Орозо айында 30 миллион сомдун тегерегинде битир-садага жыйнашат.

Аны муфият муктаждарга жана диний керектөөлөргө жумшайт. Коомчулукта элден ыктыярдуу түрдө топтолгон акчанын сарпталышына байланыштуу күмөн санагандар бар. Андыктан коротулган каражат жөнүндө ачык отчёт берилиши керек деген сунуштар айтылып жүрөт.

«Биз жана дин» түрмөгүндө мусулмандарга милдеттүү деп эсептелген орозо-битирдин мааниси, каражат чогултуу жана коротуу эрежеси тууралуу кеп кылабыз.

24-апрелде башталган мусулмандардын ыйык Орозо айы 24-майда соңуна чыгат.

Шарият эрежесине ылайык, мусулмандар Орозо айында муфтият бекиткен өлчөмдө муктаждарга битир-садага берет. Ал белгилүү бир азык-түлүктүн баасындагы акчалай жардам.

Битир-садага - мусулмандардын өздөрүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн атынан аткарууга милдеттүү материалдык ибадат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев:

«Битир-садага эркин момун мусулмандарга важип болот. Малы нисабга, башкача айтканда, мүлкү шарият тарабынан белгиленген өлчөмгө жеткен, эгер өсүп турбаса да зекет бере турган даражада болсо, алар битирди берүүгө милдетүү. Ал эми зекет бере турган байлыгы болуп туруп битир-садаганы алып жеген адам үчүн ал арам болот», - деп түшүндүрдү.

Билалидин ажы Сайпиев.
Билалидин ажы Сайпиев.

Жыл сайын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Орозо айында берилүүчү битир-садаганын өлчөмүн бекитет. Быйыл өлкө боюнча битир-садаганын баасы ар аймактагы азыктардын баасына карап өлчөнгөн. Буудайдын баасына бычылганы ар бир адамга 35 сомдон, мейизден 384, ундан 60, арпадан 54, курмадан 512 сомдон туура келет. Битир-садаганы мүмкүнчүлүгүнө жараша үй-бүлөдөгү ар бир кишинин эсебинен колунда жок адамдарга пайдалуу экендигине карап туруп берсе жакшы болот.

Жыйналган битир-садага кандай максаттарга жумшаларын жана аны кимдерге берүү керек экендигин Сайпиев төмөнкүчө чечмеледи:

«Зекет, битир-садага биринчи кезекте жакыр адамга берилет. Экинчиси - үшүрлөрдү, битирлерди элден жыйноочу адамга кызматына жараша берилет. Ага ал адамдын иштеген акысы, жол киреси кирет. Үчүнчүсү - карызы бар адам болсо ага берилет. Андан кийин өз байлыгынан ажырап калган, мисалы, сапарга бара жатып автоунаасын же ажылыкка бара жатып каражатын жоготуп алган мусапыр адамдарга да берилет. «Ибн Сабил» деп коёт, Алланын жолундагы медреселерде окуткан же окуган адамдарга да зекетти берсе жакшы болот».

Орозо туткан мусулман колунда жок болсо, зекет берүүгө каражаты жетпесе деле орозонун битир-садагасын бериши керекпи? Мындай учурда алар өздөрүн коомдон обочо сезип калбайбы? Бул сурообузга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Фархад ажы Юсупов мындайча жооп узатты:

Фархат ажы Юсупов.
Фархат ажы Юсупов.

«Зекет берүүгө милдеттүү болбогондорго негизинен битир-садага берүү парз эмес. Бирок, Кыргызстанда, биздин коомчулукта битир-садаганы мусулман болгон бардык эле кишилер берет. Бул үрп-адат болуп калды. Аны улантууда пайда бар. Битир-садаганы бере турган инсандар зекет берүүгө милдеттүү болбосо да эң төмөн даражадагы будайдын өлчөмү - 35 сом менен берсе жакшы. Ал эми байлар болсо жогорку баада битирин берген аябай ыңгайлуу болуп эсептелет».

Салтка айланып калгандай көпчүлүк мусулмандар битир-садаганы жыл сайын мечиттердеги атайын кутучаларга салчу. Быйыл коронавирус пандемиясынан улам өлкө боюнча бардык мечиттер жабык. Учурда бериле турган битир-садаганы муфтият онлайн түрүндө терминалдардан которууну жолго салды. Акчаны которуунун жол-жобосу тууралуу Билалидин ажы Сайпиев мындай деди:

«Элдин баары карантинде болгондуктан муфтият «РСК-банк» менен атайын программа иштеп чыкты. Ал болсо дүкөндөрдөгү терминал аппаратынан эле түз которсо болот. Ага кирсеңиздер «кайрымдуулук» деп турат. Анын ичинде «Муфтият», анан «Жетимдердин акысы», «Зекет», «Үшүр», «Садага-битир» деген бөлүмчөлөр бар. Ошол жерден «Садага-битирди» бассаңыз эсеп чыгат. Ага акчаны которсоңор болот. Ал түз муфтияттын эсебине түшөт. Анан муфтият аманатты тиешелүү жерлерге жеткирип берет. Быйылкы өзгөчөлүк ушундай».

Битир-садаганы мечиттердеги кутучаларга салгандан кийин, ал акча каражаты топтолуп, бирдиктүү иш-чара аркылуу шарияттын жол-жобосу аркылуу ишке ашырылат. Ал эми быйыл социалдык желелерде «муктаж үй-бүлөлөргө, оорулуу адамдарга орозо-битирди бергиле» деп, алардын реквизиттерин көрсөтүү менен түрдүү жарыяларды учуратып жатабыз.

Бул маселе боюнча Фархад ажы Юсуповдун пикирине орун берсек:

«Пандемиядан улам мечиттер жабык. Бирок кээ бир мечиттерде кутучалар коюлду. Жарандарыбыз ал кутучаларга битирин салса болот. Эгерде андай мүмкүнчүлүк жок болсо, өздөрү билген жакын кошуналарына же башка кишилерге жеткиришсе, ал да жакшы. Негизинен битир-садага колунда жокторго жеткирилиши керек. Социалдык желелердеги көрүнүштөр азыркы учурдун бир талабы болуп эсептелет. Себеби эң муктаж ким болсо, садага ошолорго жеткирилиши зарыл да. Бул туура. Ислам динине карама-каршы болгон бир да жери жок. Ошондуктан социалдык тармактарды колдонуп, реквизиттерди көрсөтүп, муктаждарды аныктап, жардамды ошол жакка багыттоо өтө жакшы. Ал Кудайга жаккан амал болуп эсептелет».

Орозо айында топтолгон битир-садагага байланыштуу коомчулукта айрым бир түшүнбөстүк жаралган фактылар да кездешет. «Кыргызстандын калкынын 90% жакыны мусулман. Ошолордон орозо убагында муфтиятка бир канча миллион акча түшөт» деген стереотип калыптанып калганы жашыруун эмес. Бул боюнча дин кызматкерлеринин дарегине терс пикирлер да айтылып жүрөт.

Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы кызматкери, теолог Жумадыл Маматжановдун пикири төмөнкүчө:

Жумадыл Маматжанов.
Жумадыл Маматжанов.

«Битирден түшкөн каражатты пайдаланууда, аны таркатууда, муктаждарга жеткирүүдө же болбосо арыз менен кайрылгандарга тегиз бөлүп берүүдө сөзсүз маселе чыгышы мүмкүн. Бул маселеде битир-садаганы чогулткан тараптар да толугу менен системалашып бүтө элек. Акырындап жолго түшүп келе жатат деп айтсак болот. Муфтияттын берген маалыматы боюнча битир-садагадан 30-40 миллион сом келип түшөт. Анын 40-50% жергиликтүү мечиттерде калат. 15% райондук хатибиаттарда, 15% облустук казыяттарда, андан кийин калган 20% муфтиятка келип түшөт деген маалымат бар. Бирок ушул маалыматты муфтияттын расмий баракчасына, сайтына так эсебин көрсөтүп жазса жакшы болмок. Анткени бул элден чогулуп жаткан каражат да».

Буга Билалидин ажы Сайпиев мындай жооп берди:

«Чогулган каражаттын 15% муфтиятка келет. Ал 6-7 миллион сомду түзөт. Ал бир жуманын ичинде, он күнгө калтырбай азиздерге, карылар үйүнө, жетим-жесирлерге, жүздөгөн арыз жазган колунда жок адамдарга берилет. Муфтияттын кызматкерлерине айлык акы катары же башка төлөмдөргө колдонулбайт. Муфтий өзү да муну көзөмөлдөп турат. «Топтолгон каражат өз ээсине кетсин» деп дайыма айтат».

Топтолгон битирдин коротулушу боюнча маалыматтар ачык болушу керекпи? Биздин өлкөдө битир-садака, зекетке байланыштуу маалыматтар ачыкпы? Аны кайдан алсак болот? Бул суроолорубузга Жумадыл Маматжановдун жообу төмөнкүчө болду:

Мечиттерде, казыятта калган каражаттын да отчёту жок. Бул нерселерди ачык-айкын жарыялаган болсо элде да көбүрөөк ишеним пайда болот. Ошол эле убакта бул кадам битир-садаганын дагы көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деп айтмакмын.
Жумадыл Маматжанов.


«Муфтият тараптан келип түшкөн битир-садаганы бөлүштүрүүдө өздөрүнүн берген маалыматы боюнча, мисалы «медреселердеги бир балага 700-800 сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт, стипендия берилет» деп айтып жатышат. Бирок айрым медреселерден сураштырып келсең, ал суммадагы каражат бөлүнбөгөнү маалым болот. Бул боюнча маалымат берип жатканда алар так, деталдуу түрдө маалымат бериши керек. Өз сайтына жайгаштыруусу зарыл. Кайсы медресеге канча бөлүндү? Суммасы канча? Жөн гана «мынча пайызы медреселерге, мынча пайызы казыятка калды» дебей, суммасын көрсөтүшү абзел. Мисалы, 36 миллион сом чогулду деп жатабыз. Ошол 36 миллиондун канча миллион сому муфтиятка келип түштү? Канча миң сому белгилүү бир медресеге кетти? Канча миң сому кайсы бир казыятка же мечиттерге калды дегендей. Андан кийин мечиттерде, казыятта калган каражаттын да отчёту жок. Бул нерселерди ачык-айкын жарыялаган болсо элде да көбүрөөк ишеним пайда болот. Ошол эле убакта бул кадам битир-садаганын дагы көбөйүшүнө өбөлгө түзөт деп айтмакмын. Анткени элде ишеним пайда болсо, көбүрөөк каражат чогултмак. Учурда битир-садаганын өлчөмү минималдуу 35 сом, эң көбү 512 сом деп чыгарылды да. Көпчүлүк учурда 35 сомдон берип кете беребиз. Эгерде ишеним болгон болсо, анда эл 512 сомдон да көп битир-садага таштамак. Муфтият ачык-айкындык менен элдин ишенимине кириш керек. Бул эң маанилүү нерсе».

Мындан сырткары Жумадыл Маматжанов жети жыл дин жаатында «Аль Азхар» университетинде атайын билим алып келген киши катары Египеттеги жана башка ислам дүйнөсүндөгү мамлекеттерде орозо битирге байланыштуу байкоолору менен бөлүштү.

«Египетте атайын Вакф министрлиги бар. Бул министрлик мамлекеттик орган болгондуктан битир-садага, зекет, кайрымдуулук маселелерин тескейт. Каражаттардын чогулушу ар түрдүү. Алар мечиттерде же атайын кайрымдуулук кутучалары аркылуу чогултулат. Көпчүлүк өлкөлөрдө бул маселеде биздегидей көйгөй жок. Анткени аларда кайрымдуулук системасы түзүлүп калган», - деп белгиледи теолог.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG