Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Айтта соопчулуктун жаңы жолу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Орозо айттын алдында айрым активисттер майрамда мал союунун ордуна аны муктаждарга таратып берүү демилгесин көтөрүштү. Бишкектеги басма сөз жыйынында алар Орозо айтта мал көп союлуп жатканын билдиришти.

Диниятчылар Орозо айтта мал союу шарт эмес экенин, бирок каалоочуларга чектөө жоктугун айтып жатышат. Бүгүнкү айт намазда муфтий да кайрымдуулук иштерин көбүрөөк кылууга, адам укуктарын урматтоого чакырды.

Орозо айтта мал сойбой, аны бей-бечараларга таратып берүүгө чакыргандардын бири - "Жакшы хан" коомдук фондунун негиздөөчүсү Жакшыбек Турсуналиев. Ал бир катар айылдарда бир көчөдө эле Орозо айтта ондон ашык кой союлган учурлар бар экенин эске салып, колунда барларды кайрымдуулукту туура жасоого үндөдү:

- Бизге Талас облусунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн айрым жашоочулары сунуш менен кайрылышты. Бир эле айылдын бир көчөсүндө эле 15-18 кой союлганы жатканын айтышты. "Баарыбыз сооп таап, куран окутсак, арбактардын ыраазычылыгын алсак деген ниет кылабыз. Бирок ысырапкорчулукка барбай, койдун көбүн сойбой, жакыр адамдарга тирүүлөй берип койсо сообу болобу?" деп суроо салышкан эле. Муну биз дин боюнча илимдүү карылардан да сурадык. Алар малды муктаждарга, карызы барларга таратып, аларды береседен куткаруунун, чарбасын улап, жакшы жашап кетүүгө шарт түзүүнүн сообу чоң экенин билдиришти. Андыктан, мисалы, бир айыл өкмөттө жүз кой союла турган болсо, өз ара ынтымакташып чечишип, он кой союп, жалпы арбактарга багыштап куран окуп, калганын ошол айылдагы жакыр, чарбасы жокторго тирүүлөй же акчалай берип койсо деген ой.

15-июнь, 2018-жыл.
15-июнь, 2018-жыл.

Кары Абдыкалык Амираев да ислам дининде ысырапкорчулукка жол берилбей турганын айтты:

- Бир сомду кайсы жерден алдык, кайсы жерге бердик - ошол тууралуу да эсеп беребиз. Ошого тапкан каражатыбыздан алыбызга жараша кедей-кембагал же карызга баткан адамдарга бөлүшүп турганыбыз жакшы болмок.

"Азаттык" басма сөз жыйынынан кийин Бишкекте жана анын тегерегинде Орозо айтка карата мал союп жаткан жарандардын пикирлерин сураштырды. Башкалаадагы мал базарлардын биринде айттын алдында соода кызып турган кези экен. Сатуучу Кубанычбек Макешев бул күнү кой көп өтөөрүн, алардын баасы 4000-7000 сомдун тегерегинде экенин билдирди:

- Кой арык-семизине жараша бааланат. Мисалы, бул беш миң. Ал эми мунусу алты жарым миң сом.

Мал базарда айтка карата мал сойдуруп жаткан жарандар да көп кездешет. Бишкек тургуну Турсунбек Мукатаев көп кабаттуу үйдө шарт жок болгондуктан, базардагы касапкананын кызматын пайдаланып жатыптыр:

- Мен бул жактан кой сойдуруп барам. Үйдө колуктум боорсок жасап, жыт чыгарат. Мүрзөгө барып, ата-бабаларыбызга куран окутабыз. Жыл сайын эле ушундай кылабыз. Курман айтта да курмандык чалабыз. Колунда жокторго да садага берем. Кой да союп, кыскасы кыргыздын салтын, мусулманчылыктын шартын бүт аткарабыз.

Касапкана башчысы Жума Кемеловдун билдирүүсүндө, касапчылар арапа күнү түшкө чейин эле 150дөй кой-эчки союп беришкен. Быйыл Орозо айтта мал сойдургандар өткөн жылдагы майрамга караганда көп болгондуктан, ал кол алдында иштеген касапчылардын санын көбөйткөн:

- Мисалы, мурдагы жылдарда 100 кой союлган болсо, быйыл эки жүз. Анткени орозо кармагандар көбөйүп жатат да. Курман айтта союлган малдын саны мындан да көп болот. Жетишпей калабыз, сырттан балдар келип бизге мал союшат.

Бишкектин айланасында эле онго жакын мал базар жана бир нече касапкана бар. Аларда канча мал союлганы тууралуу так маалымат жок.

Орозо айтта малды муктаждарга таратууга чакырышкан "Жакшы хан" коомдук фондунун өкүлдөрү өз демилгесин жер-жерлердеги мечиттердин имамдары аркылуу элге сиңирүү керек экенин айтып жатышат. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы - муфтияттын өкүлү Акимжан Эргешов орозодо кайрымдуулук менен алектенүү башкы шарттардын бири экенин ырастап, бирок шарыятта каалоочуларга мал союуга чектөө жоктугун белгиледи.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Орозо айтта мал союу ислам дининде "милдеттүү эмес" деп билдирди. Ал исламдагы бул майрамдын талаптарын минтип түшүндүрүп берди:

- Мал чалуу милдеттүү болгон учур Курман айтка туш келет. Орозо айтта жок. Курман айтта колунан келген байлар мал союп, кан чыгарып, муктаждарды, жарды-жалчы, коңшу-колоңду, тууган-уруктарды тоюндурушу милдеттүү болот. Бул байларга тиешелүү. Ал эми Орозо айтта мал союу каралган эмес. Болгону, ким кааласа мал сойсун, кааласа кайрымдуулук көрсөтсүн, кааласа малды тирүүлөй, кааласа акчалай берсин. Бирок Орозо айтта милдеттүү бериле турган нерсе бар. Ал - орозо битир. Жан башына берилет, "жандын зекети" деп айтылат. Аны жарды-жалчыларга бериш керек. Сөзсүз түрдө мечитке алып барып берүү шарт эмес. Адам өзү билген муктаждарга бергени жакшы. Болгону жаран аны өзүнүн балдарына, балдар ата-энесине бере албайт. Жубайлар бири-бирине бере албайт. Андан башка туугандарынын баарына орозо битирди берсе жарай берет. Орозо битирде сөзсүз отуз сом бериш керек эмес. Мүмкүнчүлүгү болсо жардыларга канчалык көп берсе, ошончолук жакшы. Бере турган киши таппай калса, мечитке алып барып таштаса, алар ылайыгына жараша таратып беришет.

Бүгүн Бишкекте айт намазындагы баян учурунда муфтий Максатбек ажы Токтомушев да кайрымдуулукка басым жасап, сооп иштерди көп жасаш керек экенин айтты.

- Бир ай бою "жалган сүйлөсөм орозом ачылып калат" дедик. Бир ай бою Жараткандан дуба кылып, куран окуп, жүрөктү тазалаганга аракет кылдык. Бир ай бою тарави намазын окуп, жакшы иштерди, кайрымдуулуктарды кылып, ооз ачаарларды өткөрдүк. Эми тарбия берген орозо айынын касиетин калган убакыттарда улантышыбыз керек.

Муфтий кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын кайгылуу тагдырына жана башка коомдогу терс көрүнүштөргө да токтолду. Кан төгүү, киши өлтүрүү, адам укугун тепсөө, балдарга карата зордук-зомбулук, наристелерге зулумдук кылуу исламда жол берилгис күнөө экенин айтып, башкалардын укугун сактоого, урматтоого элди чакырды. Борбордогу айт намаз окулган эски аянтка бүгүн 30 миңден ашуун адам келди.

Бишкектеги айт намаз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00

Орозо айт - мусулмандардын негизги майрамдарынын бири. Ал отуз күндүк Рамазан айы аяктагандан кийин белгиленет. Ал эми Курман айт адатта орозонун бүткөнүнө 70 күн болгон соң майрамдалат. Исламда орозодо битир-садага берип, кайрымдуулук иштерди көп жасап, сооп табуу керек экендиги жазылган.

Быйыл Кыргызстанда битир-садагадан канча акча топтолгону эсептеле элек. Былтыркы жыйналган битир-садага 33 миллион сомдон ашкан.

Рамазан айында, Орозо жана Курман айтта, жума намаз учурларында айрыкча чоң шаарлардагы мечиттердин алдында кайыр сурагандар көбөйөт. Динаятчылар жылдан-жылга муктаждарга садага бергендердин саны да арбып келатканын белгилешет.

АКШнын "Global Finance" басылмасы 2016-жылы Кыргызстанды дүйнөдөгү 50 жакыр өлкөнүн катарына кошкон. Статистика боюнча өлкөдө калктын 32 пайызы жакырчылыкта жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG