Бишкектин чок ортосундагы "Сүрөтчүлөр үйү" өлкөнүн маданий символдорунун бири. Өткөн кылымда курулган бул имараттын тагдыры учурда арсар. Бишкек мэриясы Чүй 108 дарегиндеги жерди мамлекетке өткөрүп берүүнү сунуш кылды. "Сүрөтчүлөр үйү" 2002-жылы Маданий жана тарыхый мурастар тизмесине кирген.
Мурдагы мэр Жеңиш Токторбаев “Азаттыкка” курган маегинде "Ошту 12 млрд сом карызы менен калтырды" деген кептерге байланыштуу жооп берди. Ал шаардагы ишкерлерге мэрия 2 млрд 300 млн сомго жакын карызы экенин тактады.
47 жаштагы мугалим Мээрим Токоева мектепке күнүгө төрт чакырым, аба ырайы катаал болгондо сегиз чакырым жол басып, суу кечип, токой аралап жетет. Ал Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы мектепте орус тили мугалими. Токоеванын үйү айылдын четинде ээн талаада жайгашкан.
Кыргызстан илбирс туризмин өнүктүрүүгө умтулууда.
Ысык-Көлдүн Түп районундагы Михайловка айылын ХХ кылымдын башында көчүп келген украиндер түптөгөн. Кыргызстанда совет доорунда отурукташкан жүз миңден ашык украин улуттундагылар жашаган. “Данисте” өздөрүн кыргыз коомунун бир бөлүгү катары санаган украиндер тууралуу баяндайт.
Акыркы он жылда Ысык-Көл өтө тездик менен тартылып баратканы дароо көзгө урунат.
АКШда унаа сүзүп каза болгон эки жигиттин жакындары кыргыз бийлигине кайрылып, жардам сурап жатат. 2024-жылы теги индиялык кыз жол жээгинде турган машинени сүзүп, анын кесепетинен 20 жана 21 жаштагы эки кыргыз жараны ошол жерде мүрт кеткен.
Жыл жыйынтыктап жатканда "Азаттыктын" студиясына өзгөчө ырдоо стили менен таанылган Адик Жумабеков конокко келди. Адик кыйла жылдан бери өнөр дүйнөсүндө жүрүп, музыкалык аспаптардын коштоосунда фонограммасыз ырдаганга артыкчылык берип келет.
2026-жылы эмнени кыялданасыз? Шаар тургундарынын пикирин сурадык. Сиз дагы өз оюңузду комментарийге жаза кетиңиз.
Дүйнөнү велосипед менен кыдырууну максат кылган кыргызстандык саякатчы Марат Ниязмат уулу Африка сапарынан кийин мекенине өзгөчө жаңылык менен кайтып келди.
Климаттын өзгөрүшү барган сайын кыргызстандык фермерлерди жаңы шартка ыңгайлашып жашоонун жолдорун издөөгө түртүүдө. Тоолуу, мал киндиктүү өлкөдө 9 миллион гектардай жайыт жер бар. Бирок жайыттардын 35% ашыгы деградацияга учурап, 80% түшүмдүүлүгү азайган.
Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилиши карым-катнаштын жанданышына алып келди.
13-октябрда коомдук талкууга коюлган өлүм жазасы боюнча мыйзам долбоорунун талкуусунун мөөнөтү соңуна чыгууда
Бишкекте таң аткандан түнгө чейин жолдо автунаа толтура. Шаардыктар убактысынын көбүн жолдо өткөрүп, айрым учурда сааттап бир орундан жыла албай калат. Шаар бийлиги айрым жолдорду кеңейтип, инфратүзүмдөрдү жакшыртуунун аракетин көрүүдө. “Данисте” баш калаадагы жол тыгындын себептерине кайрылат.
Кыргыз коомчулугунда, анын ичинде 1-сентябрда эле жайкы эс алуудан кайтып ишке киришкен Жогорку Кеңеште да парламент өзүн-өзү таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот деген маалыматтар кызуу талкууланып жатат.
Жаңы-Тилек - Нарындын Ак-Талаа районундагы карым-катнашы кылуу татаал болгон четки айылдардын бири.
Ушул тапта Кытай–Кыргызстан–Өзбекстанды байланыштырган стратегиялык темир жолдун курулушу кызуу башталды. Жалпысынан 480 чакырым болгон темир жолдун 300 чакырымдан ашыгы Кыргызстанды аралап өтөт. “Данисте” рпограммасы Нарындын Ак-Талаа районунун акыркы Кош-Дөбө айылына барып келди.
2020-жылдын ушул күндөрү Бишкекте коронавирустан каза болгондор күн санап өсүп турган.
Изилдөөчүлөр байыркы жылкы тукуму саналган кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда экенин айтууда.
Бишкектин чет жакасындагы Молдовановка айылын көптөр абак жайлар менен байланыштырат. Үч миңдей калк жашаган айылдын бир кылымдык тарыхы дагы концлагерлерден башталган. “Данисте” бул жолу абак жайлардын айланасына отрукташкан айыл турмушу тууралуу айтып берет.
Дагы жүктөңүз