Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:35

Умраны уюштуруудагы «улак тартыш»


Кааба. 5-март, 2020-жыл.
Кааба. 5-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар 14 кишиге жетти. Алардын көбү Сауд Арабиясына умрага барып келишкен.

Акыркы окуялардан кийин коомчулукта умра же кичи ажылык деген эмне, ал жакка барып келүүнүн жолдору кандай, жоопкерчилиги кимде деген сыяктуу ар кандай суроолор берилип жатат.

Кыргызстанда умра сапарларын жеке менчик туристтик компаниялар жана былтыр жыл соңунан бери муфтият да уюштура баштады. Сандар көрсөткөндөй, акыркы жылдары Кыргызстанда умрага баргандар үч-төрт эсе көбөйгөн.

Коронавирус жугузган алгачкы үч кыргызстандык Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аныкталганы 18-мартта расмий кабарланган. Алар 70, 62, 42 жаштагы эркек тургундар. Алар менен умрадан чогуу учуп келген 142 адам азыр обсервацияда, алар менен байланышта болгон 1414 адам үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Баары Кыргызстандын ар кайсы аймактарында.

Коронавируска дагы үч кыргызстандык чалдыкканы 20-мартта белгилүү болду. Алар - Ноокаттын тургундары, 77, 71 жана 67 жаштагы аялдар. Үчөө тең райондук ооруканада жатат. Алар да Сауд Арабиясынан умрадан келген. Ушу тапта вирус табылгандар менен бирге учуп келген 282 адамды жана алар менен байланышта болгондорду тактоо иши жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги умрага барып келгендерди үйдөн чыкпоого, эч ким менен байланышпоого чакырды. Алар менен канча киши байланышта болгону так эмес. Журналист Марат Тагаев мына ушул жагдай кооптуу болуп жатканын айтты:

Марат Тагаев.
Марат Тагаев.

«Сауд Арабиясы ыйык деген Мекке жана Медина шаарларын 28-февралда жапты. Коронавирус Сауд Арабиясында 2-мартта катталды. Кыргыз өкмөтү, Саламаттык сактоо министрлиги жана республикалык штаб Сауд Арабиясында кыргызстандыктар кичи ажылыкта жүргөнүн билишкен. Билиши керек болчу. Бирок аларды көзөмөлгө алган эмеспи, белгисиз. Саламаттык сактоо министрлиги муфтиятка 13-мартта жума намаздарды токтотуу боюнча сунуш киргизди. Бирок муфтият аны четке какты. Тажикстан болсо жума намазга 6-мартта эле чектөө киргизген. Бизде болсо умрада жүргөндөр 12-мартта келишиптир. Алар 13-мартта жума намазга барышса керек. Муфтият Кыргызстанда коронавирус катталардан бир күн мурун, 17-мартта жума намаздарга тыюу салды. Бул жерде бийликтен буйрук түшкөндөн кийин дароо аны аткарыш керек болчу. Муфтияттын, дин кызматкерлеринин кенебестигинин кесепеттери кандай болгонун көрүп турабыз».

Коронавируска байланыштуу акыркы окуялар умра зыяраты жана ага баруу жолдору боюнча маселени козгоду. Түшүнүктүү болуш үчүн алгач «Умра же кичи ажылык деген эмне?» деген суроого жооп алып алалы. Бул үчүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаевге кайрылып, ажылык менен умранын айырмасын сурадык.

Жолдошбек Абдылдаев.
Жолдошбек Абдылдаев.

«Умрага баруу адамдын жеке өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша болот, - деп түшүндүрдү ал. - Кайсы убакытта болбосун ниет кылып, «нафил намазын окуйм, орозо кармайм» деген сыяктуу эле «умра сапарын аткарып келейин» десе шарият уруксат берет. Ажылык - бул парз, ал эми умра - сүннөт амалы. Андан башка да айырмачылыктары бар. Ажылыкка белгиленген убакытта, белгиленген мезгилде, белгиленген күнү гана барышат. Умрага ажылык парз аткарылып жаткан кезде барганга болбойт. Калган учурда кайсы айда, кайсы күнү, кайсы мезгилде болбосун барууга уруксат. Мындан сырткары, ажылыктын амалдарын аткарып жаткан учурда калпыстык кетсе ажылык бузулат да, кийинки жылы кайра барууга туура келет. Ал эми умрада мындай «бузулуп калуу, каза болуу» деген жок. Мындан тышкары «машаир» деп коёт, ажылыкта Мина өрөөнү, Арафат өрөөнү, Муздалифа, «шайтанга таш атуу» деген атайын ажылык парздарын аткара турган жерлер бар. Аларды кыдыруу керек. Умрада бул жерлерди кыдырбай койсо деле болот. Ажылыкта «учурашуу тавафы», «коштошуу тавафы» дегендер болсо, умрада жок. Таваф - бул Каабаны айлануу».

Эми умрага баруунун жолдору жана кичи ажылыкты уюштуруу менен алектенген туристтик компаниялар тууралуу сөз кылсак.

Мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдиновдун «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда кичи ажылыкка баргандар кыйла көбөйдү. Эки-үч жыл мурун умрага жылына 1000-2000 киши барса, 2019-жылы 15 миңге чыкты.

Суроо-талапка жараша аларды тейлеген туристтик ишканалар да көбөйүп, 30дун тегерегине жетти. Нурдинов муну Сауд Арабиясы умрага квота берүүнүн талаптарын жумшартканы менен түшүндүрдү. Ал адамдарды кичи ажылыкка ташыган ишканалар көзөмөлдөн чыгып кеткенин айтып, муну COVID-19 вирусу боюнча азыркы кырдаалга байланыштырды:

Бакыт Нурдинов.
Бакыт Нурдинов.

«2008-жылы 31-декабрда кабыл алынган «Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамда «Сауд Арабиясына зыяратка, ажылыкка, умрага Кыргызстандын жарандары барганда аларды уюштуруу жана жоопкерчилик Мусулмандардын дин башкармалыгына жүктөлөт» деп жазылган. Муфтият муну буга чейин колго ала алган эмес. Анткени ал ажылыкты уюштуруу менен гана алек болуп келген. Азыр умрага алып барган компаниялар да көбөйүп кетти. Ошон үчүн жоопкерчиликти да эч ким албай жатат. Акыркы окуя боюнча азыр адамдарды умрага кайсы фирма алып кеткенин мамлекет да билбей отурат. Жоопкерчилик жок. Ошондуктан умраны уюштурууну муфтиятка жүктөш керек».

Умра сапарын уюштурууну Мусулмандар дин башкармалыгынын көзөмөлүнө өткөрүү тууралуу мурдараак да сөз болгон. Муфтият былтыр 27-декабрда өзү да биринчи жолу кичи ажылыкка зыяратчыларды алып барып келди. Диний мекеменин расмий маалыматы боюнча, ушу күнгө чейин 213 адам муфтияттын кызматынан пайдаланды.

Башта сөз болгондой Кыргызстанда умра сапарын уюштуруу жагынан кызуу иштеген 20дан 30га чейин туристтик фирмалар бар. Ошондой компаниялардын бири «Jazeera travel» ишканасынын жетекчиси Мадали Ойтемиров умра сапарын уюштурууну толугу менен муфтиятка берүүгө каршы экенин билдирди:

«Умра жана ажылык боюнча мыйзам - негизи чоң ажылык сапарга байланыштуу мыйзам. Документтин долбооруна ажылыкты жазып, ага умраны да кошуп коюшкан. Ал эми мыйзамды колдогон депутаттардын көбү ажылык менен умранын айырмасын билбейт да. Умра - Сауд Арабиясында жайгашкан Каабага зыярат кылуу. Биз мыйзамды Сауд Арабиясынын мыйзамына төп келе тургандай кылып жазышыбыз керек эле. Себеби, биз кандай гана мыйзам кабыл албайлы, умра баары бир Сауд Арабиясында болот да. Алардын талабы боюнча умраны туристтик компаниялар уюштурушу керек. Алар койгон талапты бардык эле компаниялар аткара албайт».

Мадали Ойтемиров умра сапарын уюштурган ишканалардын көбөйүшү тейлөөнүн сапатын жогорулатып, бааны да түшүргөнүн айтып жатат. Туристтик ишканалардын расмий сайттарында умранын баасы бир кишиге 1000 доллардын тегерегинде башталып, зыяратчылар жатчу мейманкана, түзүлгөн шарттарга жараша «эконом», «комфорт» жана «люкс» болуп баасы көтөрүлүп кете берет. Бул тармакты жакшы түшүнгөн ишкерлер умра сапарларын уюштурууда жыл сайын миллиондогон каражат айланарын айтышты.

Муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев туристтик ишканалардын ээлеринин кабатырлыгына жооп берип, «муфтият кичи ажылыкты уюштурууну толугу менен өзүнө алат» деген сөздөрдү четке какты:

«Мындай чочулоого негиз деле жок. Анткени туристтик ишканалар чет мамлекеттерге сапарларды уюштургандай эле Сауд Арабиясына деле ушундай эле сапарларды уюштурат. Биз аларга кийлигишүүбүзгө мыйзам да жол бербейт. Алар жарыя бергенде «саякат» деп жарыя беришет. Мисалы, алар умрага «ибадат» деп эмес «Кытай, АКШга, Сауд Арабиясына» саякат деп жазышат».

Хабиб Арзыкулов.
Хабиб Арзыкулов.

«Itravel» туристтик компаниясы да жакындан бери умра сапарларын уюштура баштады. Бул ишкананын өкүлү Хабиб Арзыкулов кичи ажылыкка баргандар расмий сандардан да көп экенин айтып жатат. Анын сөзүнө караганда, былтыр 16-17 миң киши умрага барган.

«Туристтик фирма түздөн-түз киши таппашы мүмкүн. Көбүнесе умрага элди баштап барган умра башчылары иштейт. Умра башчылары - мечиттерде имам болгон, диний иштер менен алектенип жүргөн кишилер. Алар мамлекеттен айлык ала албайт же аз айлык алат. Фирма болсо алар умрага гид болуп келгени үчүн айлык берет», - деди Арзыкулов.

Мусулман коомчулугунда умра «кичи ажылык» деп аталып, адамдар каалаган учурда Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына барып, зыярат кылып келишет. Умра сапарын уюштурган фирмалар кабарлагандай, Кыргызстанда умрага баргандардын көбү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG