Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Быйылкы ажылыкка даярдык жана доомат


Кыргызстандык зыяратчылар Меккеде. 2012-жыл.
Кыргызстандык зыяратчылар Меккеде. 2012-жыл.

Быйыл ажылык сапарына барчуларды каттоо 9-январда башталат. Бул жылы Кыргызстанга 5510 квота бөлүнүп, зыяратка барчуларды ташууга авиакомпаниялардын арасында сынак жарыяланды.

Ажылыкка талапкерлерди каттоо 31-январга чейин уланат. Жарандар жалпысынан 13 талапты аткарышы керек.

Алгач РСК банкына 500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөн квитанцияны алышы зарыл.

2020-жылдын 31-январына чейин жарактуу болгон тышкы паспорт жана №086 формасындагы медициналык тактама талап кылынат. Анын негизинде алар Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда катталат.

Быйыл ажылыкка барууга камынып жаткан Азиз Чыныбеков документтерди чогултууда олуттуу деле тоскоолдуктарга кабылган эмес.

- Азыр баары эле жеңил, - деди ал. - Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бардыгын электрондук системага өткөрүп коюптур. Он чакты документ бар экен, аларды чогултуп жатам. Бардыгы ачык болуп, ким кайсы орунга жазылса ошол тартип боюнча кезеги менен кете берет.

​Ошондой эле ажылыкка талапкерлерди каттоо бир гана биометрикалык ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев бул тартип былтыр киргизилгенин айтып, анын себептерине токтолду:

Жолдошбек Абдылдаев.
Жолдошбек Абдылдаев.

- Биометрикалык паспорт менен каттоо тартиби былтыр эле киргизилип, ажылардын баары тең биометрикалык паспорт менен катталган. Анткени анда атайын чип бар. Ажыга барчу талапкерлер тууралуу электрондук базадан ошол чип аркылуу маалымат алабыз. Ошондуктан ушундай талап койдук.

Биометрикалык паспорт алууда аппарат жашы өтүп калган айрым жарандардын манжасын тааныбай, паспорт ала албай убара тарткандар бар экени белгилүү болду. Бирок муфтият биометрикалык паспорт менен каттоону Сауд Арабиясы да талап кылып жатканын билдирген.

Ажылык сапарга даярдык иштеринин алкагында былтыр 28-декабрда зыяратчыларды ташууга Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын авиакомпанияларына сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгы 28-январда чыгат.

Авиациялык ишканаларга “бир учакка 250дөн киши батышы керек, сынактан Сауд Арабиясынын авиакомпаниясы утса анын Кыргызстанда өкүлчүлүгү болсун, тамак-ашы адал болсун” деген талаптар бар.

Жакын арада ажылар кие турган бирдиктүү кийим-кече тигүүгө да сынак жарыяланары маалымдалды. Азырынча быйылкы ажылыктын баасы бычыла элек.

Муфтият ал бардык сынактар жыйынтыкталгандан кийин белгилүү болорун билдирди. Былтыр ажылыктын баасы бир кишиге 2890 долларды түзгөн.

Жыл сайын ажылык сапардын айланасында ар кандай маселе көтөрүлүп келет. Мисалы, укук коргоочу Качкын Булатов “муфтият артыкбаш чыгымдарды кетирип, айрым адамдарды мамлекеттин эсебинен ажылыкка алып барып келет” деп айыптады:

Качкын Булатов.
Качкын Булатов.

- Сауд Арабиясында Кыргызстандан барган ашпозчу жана башка кызматкерлерге муктаждык жок экен. Ал жакта тамак жасагандан баштап кийим жууганга чейин бардыгы камсыз болгон. Керек болсо бекер тамак даярдап берген жерлери бар. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы ага болбой эле өз ашпозчуларын, башка да кызматкерлерин жиберишет. Булар аларды “ажыга барасың” деп эле жең ичинен акча жеп атышпайбы. Бөлүнгөн квотанын калганын бийликтеги адамдардын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын туугандарына беришет да. Алар болсо ажыга карапайым элдин эсебинен барып келип атышат.

Муфтияттын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев 40 ажыга бирден ажы башчы дайындаларын жана аларга бирден дарыгер, ашпозчулар кошуларын айтууда. Ал “бул кызматкерлерди 30га жакын кишиден турган мамлекеттик комиссия тандайт” деп, коюлган дооматтарды четке какты:

- Комиссия мүчөлөрү канча ажы башчы болот, канча дарыгер барат, ажыларга көзөмөл кылыш үчүн канча кызматкер бөлүндү - баарын карап турат. Бул жактан ашыкча адам кетип калбайт. Мисалы, Меккеге барганда автобустарды көзөмөлдөй турган, жатаканаларга башчылык кылган, ажыларга сабак өтө турган кызматкерлер бар. Мына ушулардын баарына орун бөлүнөт. Атайын тизме түзүлүп, анда ким эмне кызмат аткара турганы бүт жазылат.

Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5510 квота бөлдү. Ал облустардагы калктын санына жараша бөлүштүрүлүп берилет. Былтыр Кыргызстанга 5485 квота бөлүнгөн.

Ошондой эле өткөн жылдан тартып биринчи жолу жалгыз бой, балдары жок же жесир аялдарга эч кимдин коштоосу жок ажылык сапарга барууга уруксат берилип, он аял киши барып келген. Эгер Аалымдар кеңеши бул тартипти өзгөртпөсө жалгыз бой аялдарга ажылыкка жалгыз барууга быйыл да шарт түзүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG