Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Ажылыкка барчу аялдар арбын


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда ажылык сапарга барууга кызыкдар аялдар көбөйүүдө. Алардын орточо жаш курагы 35-60 жашта. Эксперттер жыл өткөн сайын ажылык сапарга барууну каалаган кыз-келиндер да көбөйүп жатканын айтышат.

Кыргызстан дин башкармалыгынын маалыматына караганда быйыл ажылыкка барууга беш миң адам арыз берген.

35 жаштагы Аида Байсариева өткөн жылы ажылык сапарга күйөөсү менен чогуу барып келген. Ал мусулманчылыктагы бир парзын аткарууну максат кылып барганын "Азаттык" менен бөлүштү:

- Ниетибиз парздан болду. Өмүрүңдө бир жолу ажылык сапарга барыш керек деген парзды аткаруу үчүн барууну чечтик. Жолдошум экөөбүз азыр жаш, ал-күчүбүз бар кезде барып келели дедик. Анткени оңой болот дешет.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, быйылкы жылы ажылык сапарга барууга беш миңге чукул адам арыз берсе, алардын тең жарымы аялдар. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов маалымдады:

- Алдын ала божомолдор боюнча элүү пайыздайы аялдар. Орундарды бөлүштүрүүдө аял-эркек деген болбойт. Биз гендерлик теңчиликке жакшы карайбыз. Анткени ажылыкка баруу парзы шарият боюнча аялдарга да, эркектерге да бирдей милдеттүү.

Байкоочулардын баамында, аялдар ажылык сапарга балдарынын, жакын туугандарынын амандыгын, ден соолугун тилеп барышат. Анткени ислам дининде Каабада тиленген дубалар кабыл болот деген түшүнүк бар дешет алар.

Аида Байсариева күнөөлөрдөн арылуу, жараткандын кечиримин алууну максат кылгандыктан ажылык сапардан кийинки жашоого жоопкерчилик артат дейт:

- Күнөөмдөн арылайын, тазаланайын деген ниетте барасың да. Бирок баары бир жалган, сыноо дүйнөдө ар кандай өйдө-ылдый болушу мүмкүн. Пендебиз да. Ошого карабай, өзүңдү тыйып турасың. "Ажыга чейин эмнеге бардым анда?" деп өзүңдү сындап, тыйып турасың. Анын үстүнө ажыга барып келгенден кийин бир күнөөң экөө болуп жазылат деген да түшүнүк бар. Ошондуктан ажыга баруу өзүңдү сыноо деп айтар элем.

Ажылыкка баруу парзы шарият боюнча аялдарга да, эркектерге да бирдей милдеттүү.

Расмий маалыматтар боюнча, ажылык сапарга барууга арыз берген аялдардын орточо жаш курагы 35тен 60 жашка чейинкилер. Ошондой эле кыз-келиндер жана улгайган аялдар да бар. Муфтияттын маалыматында, ажылык сапарга баруучулардын жаш курагы 18 жаштан ары чектөө жок. Ден соолугу мүмкүнчүлүк берген, 18 жаштан жогору курактагы бардык адамдар барса болот.

Быйыл ажылык сапар 5-августтан тарта башталат. Ага даярдыктар азыртан тарта жүрүүдө. Кыргызстанга быйыл 4585 кишилик квота берилген.

Ажылык сапардын быйылкы баасы бир кишиге 2760 доллар деп өлчөндү. Мунун ичинен 1550 доллары аба каттамдын баасы, калганы Сауд Аравиясына кирүүгө жана ал жакта чыгашаларга жумшалат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG