Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Динден колдоо күткөн жетекчилер


Айт намазга келген эл. Арген Бактыбек уулунун сүрөтү.
Айт намазга келген эл. Арген Бактыбек уулунун сүрөтү.

Кыргызстандыктар 21-августта Курман айт майрамын белгилешти. Майрамдык намаз Бишкектин Эски аянтында окулду. Ага шаардын тургундары жана коноктору катышты.

Намаз окулаарда Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Спикер Дастан Жумабековдун расмий сөзү социалдык тармактарда талкууга түштү.

Парламент төрагасы Дастан Жумабеков кыргызстандыктарды мыйзам чыгаруу бийлигинин атынан майрам менен куттуктап жатып, өзүнүн жеке сезимдери менен да бөлүшүп кетти:

Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

- Бүгүнкү күндө алыскы Меке шаарында биздин мекендештерибиз өздөрүнүн мусулмандык парызын аткарып, алакан жайып, ошол жерден өздөрүнүн дубасын кылып жатышат. Алар кылган дубалардын баары кабыл болсун! Ушул жерде отурган биздин мекендештер, мусулмандар, биз да тилек кылып атабыз. Баарыбыз буюрса ошол ажылык сапарыбызды аткаралы. Ошол кылган тилегибиз ишке ашсын деген ниетти айткым келет.

Буга улай спикер сөзүнүн ортосунда Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын насааттарын көңүлгө түйүш керек экенин кошумчалады:

- Жогоруда айтып кеткен биздин Дин башкармалыгынын айтылган жакшы ниеттерин, насаат сөздөрүн жүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү да тез болот.

Жогорку Кеңештин атынан айтылган бул куттуктоо коомдун кайсы бир катмарында сынга кабылды. Манасчы Дөөлөт Сыдыков парламент төрагасынын сөзүнө байланыштуу кыргыздын кылым карыткан өз баалуулуктары бар экенин эске салды:

Дөөлөт Сыдыков.
Дөөлөт Сыдыков.

- Спикер сүйлөп атпайбы: "Дин башкармалыгынын сөзүн, насыятын, жакшы нитеттерин жүрөгүбүзгө түйүп иш кылсак, Кыргызстандын өнүгүшү тездейт эле" деп. Бизде не деген баатырлар, асылдар, олуялар өткөн. Ошолордун сөзүн сөз деп, көзүн көз деп келчү эмес белек? Арстанбек, Калыгул олуялардын сөздөрүн насаат кылып жашап келчү эмес белек? Жети акенин сөзүнө таянып келгенбиз дегендей... Токтогул акыныбыз "Эшен менен калпадай, калп айткандан болбогун" деп, аларды элге үлгү кылган эмес. Эми эшендердин сөзүн уга турган мезгил келип калыптыр да...

Саясий ишмер Равшан Жээнбеков билим, маданият тармагы кыйраган коомго башка улуттардын, диндердин жана мамлекеттердин кызыкчылыгы өтө тездик менен кирип келерин айтты. Ал акыркы жылдарда Кыргызстанда диний агымдар үстөмдүк кыла баштаганын белгиледи:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Биздин жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылар бүгүнкү күндө коомдон коркконунанбы же билим деңгээлине жарашабы, динди коомго ачыктан-ачык таңуулай баштады. Өзгөчө жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылардын майрам күндөрү ЖМКны пайдаланып динди коомго ачыктан-ачык даават кылышы, диндин кандайдыр өзгөчөлүктөрүн айтышы - алар мамлекеттүүлүктүн маңызын түшүнбөй, анын келечегине баа бере албай жатканы.

Кезинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эл алдында сүйлөгөн сөзүн изилдеп, бул темада кенен маалымат алган жаш ишкер Чыңгыз Исмаиловдун айтымында, саясатчылар кайсы бир аудиоториянын көңүлүн алуу максатында кээде алардын кызыкчылыгы үчүн сүйлөп коюшу мүмкүн:

- Мен бул теманы казып изилдеп жатканда эл кызматкери болобу, коомдук ишмер болобу, оюн өзүн угуп жаткан аудиторияга ылайыктап сүйлөй турганын билдим. Мисалы, ошол дин өкүлдөрүнүн алдында мечиттин жанында сүйлөсө, ошол катмардын көңүлүн алуунун максатында сүйлөдү да. Көпчүлүк адамдар мындай кезде өзүнүн дүйнөбий өлкөнүн өкүлү экенин да унутуп калат экен.

Диний серепчи Канат Мурзахалилов болсо ар бир адамдын дин тутуу эркиндигин эске салып, бирок жетекчилер олуттуу темаларда сүйлөп жатканда коомго калыс мамиле кылганы туура экенин айтты.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

- Мамлекеттик кызматкер диний жөрөлгөдөгү майрам болуп жаткандыктан өз пикирин ошол багытта айтып койду. Диний мазмундагы сөздөрдү айтканы ал адамдын өз эрки деп ойлойм. Себеби биздин Баш мыйзамда адамдын укуктарына, эркиндигине байланыштуу маселелер да ошол кишинин өз эркиндеги маселе болуп калыш керек. Бирок биз дин башкарбаган мамлекет болгондуктан кайсы гана жетекчи болбосун орток пикирди карманып гана сүйлөгөнү орундуу болот деп эсептейм, - деди Канат Мурзахалилов.

Коомчулукта буга чейин Ак үй, Көк үйлөрдө намазканалар ачылганы тууралуу кайчы пикирлер айтылып, ал тургай парламентте жума намазга байланыштуу иш убактысын узартуу тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Курман айт: жаан алдындагы тилек
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG