Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Коомдук уюм муфтийдин мүлкүнө кызыкты


Максат Токтомушев. Архивдик сүрөт.
Максат Токтомушев. Архивдик сүрөт.

"Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети" аттуу өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү 12-апрелде басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда уюмдун мүчөлөрү муфтий Максатбек Токтомушевди "ажылыкты уюштурууда коррупцияга жол берген" деп айыптап чыгышты.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы айыптоону "негизи жок" деп четке какты. Диний эксперттердин арасында "өкмөттүк эмес уюмдун билдирүүсүнүн артында саясат турат" деп болжогондор бар.

Басма сөз жыйынында өзүн "Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети" деп атаган коомдук бирикменин укук коргоочусу катары тааныштырган Келдибек Аскаралиев Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушевди "2014-жылы муфтийлик кызматка келгенден бери ченебегендей байыды, Бишкек менен Ошто жыйырмадан ашуун кымбат баалуу үйлөрдү алып, жакындарына каттаткан" деп билдирди:

Келдибек Аскаралиев Бишкектеги басма сөз жыйынында. 12-апрель, 2018-жыл.
Келдибек Аскаралиев Бишкектеги басма сөз жыйынында. 12-апрель, 2018-жыл.

- Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы Ы.Абдырахманов көчөсүнүн №112 дарегинде жайгашкан үйдү отуз сотых жери менен 300 миң долларга сатып алып, атасы Токтомушка каттатып койгон. Түштүк магистраль жана Чыңгыз Айтматов көчөлөрү кесилишкен жердеги көп кабаттуу үйдөн төрт бөлмөлүү батирди 200 миң долларга сатып алган. Гоголь көчөсүндөгү "Karven" деп аталган турак-жай комплексинен дагы бир батирди кымбат баага алган. Акматбек Сүйүнбаев көчөсүндө кимдир-бирөө менен чогуу көп кабаттуу үй куруп жатканы такталууда. Мындан тышкары Ош шаарында, Кара-Кулжада да үйлөрү, имараттары бар экени, Сауд Арабиясынын Мекке шаарында да рестораны менен мейманкана салып жатканы айтылууда. Ушунун баарын муфтий кантип алып, тездик менен байып кетти? Ал эмне, Рокфеллердин жакыны, иниси же бир тууганыбы?

Келдибек Аскаралиев муфтий мындай иштерди "өзү жалгыз жасаган эмес, аны экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов калкалап келген" деген пикирде. Буга далил катары ал "муфтийдики" деп үч үйдүн сүрөтүн көрсөттү. Бирок анын колунда өз айткандарын далилдеген документтер жок экен. Муну көп жылдан бери укук коргоо органдарына кайрылып, иш алдыга жылбай келгени менен түшүндүрдү.

Келдибек Аскаралиев "муфтийдин үйү" деп көрсөткөн сүрөттөрүнүн бири.
Келдибек Аскаралиев "муфтийдин үйү" деп көрсөткөн сүрөттөрүнүн бири.

"Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети" коомдук бирикмесинин координатору Анварбек Төлөмүшев муфтияттагы алешемдиктерди текшерип чыгуу керек экенин айтты:

- Биз көрсөткөн сүрөттөр, айткан маалыматтарыбыз - бул айсбергдин үстүңкү эле жагы. Алардын баарын аныкташ үчүн президент муну тиешелүү органдарга берсе, ошондо баары ачыкка чыгат. Мисалы, жаңы салынган мечиттин тегерегинде да алешемдик толуп атат. Булар "Йакын инкар", салафтар, суннийлер жөнүндө, дин тармагындагы башаламандык тууралуу колун көтөрүп кыймылдап да койбойт. Анткени Кыргызстанда ошондой башаламандык болуп турса, буларга пайдалуу.

Анварбек Төлөмүшев. Бишкек, 12-апрель, 2018-жыл.
Анварбек Төлөмүшев. Бишкек, 12-апрель, 2018-жыл.

Басма сөз жыйынын өткөргөндөр битир-садага да ачык-айкын бөлүштүрүлбөй жатканын кошумчалап, президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуу кабыл алышты. Алар муфтияттагы коррупцияны, муфтий менен Икрамжан Илмияновдун ажылык сапарга катышын иликтеп берүүнү өтүнүштү.

Айтылган дооматтарга карата Икрамжан Илмияновдун оюн билүү аракетибиз азырынча майнапсыз болууда.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы болсо Келдибек Аскаралиев менен Анварбек Төлөмүшевдин жогорудагы дооматтарын толугу менен төгүндөдү. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаевдин билдирүүсүндө, айтылгандардын бири да чындыкка дал келбейт:

Максат Атабаев.
Максат Атабаев.

​- Ажылык иштери 2014-жылдан тартып толугу менен электрондук системага өтүп, мекеме аралык комиссия тарабынан ачык уюштурулуп келет. Мекеме аралык комиссиянын курамына муфтият кызматкерлери, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, ИИМдин, УКМКнын, Транспорт жана жол министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Тышкы иштери министрлигинин өкүлдөрү кирип, ажылыкты уюштуруп, сынактарды өткөрүп келишет. Ал эми авиакомпаниялар арасында жарыяланган сынакта быйыл жалгыз гана Сауд Арабиясынын "Флайнас" авиакомпаниясы катышты. Кыргызстандык авиакомпаниялар "кара тизмеде" болгондуктан, сынакка катышууга арыз берген эмес. Битир-садага боюнча топтолгон акча каражаттарынын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 15 пайызы райондук хатибияттарда, 15 пайызы облустук казыяттарга жана 20 пайызы муфтиятка келип түшүп, атайын түзүлгөн комиссия тарабынан муктаждарга, жетим-жесирлерге, гемодиализ менен ооругандарга жана майыптарга таратылып берилет. Арча-Бешик конушундагы үй азирети муфтийге таандык. Калган даректердеги үйлөр боюнча айтылган маалыматтар чындыкка туура келбейт жана жалган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы укук коргоочу Келдибек Аскаралиев, Анварбек Төлөмүшевди ыймандуулукка, адилеттүүлүккө жана Жараткан Алла-Тааладан коркууга чакырат. Эгерде айткан маалыматтарын далил менен көрсөтүп бербесе, укук коргоо жана сот органдарына кайрылууга мажбур болобуз.

Максатбек Токтомушев муфтийликке 2014-жылы келип, 2017-жылдын 4-апрелинде кайра шайланган. Негизи бул мекеменин тарыхында коррупцияга, ажылык зыяратты уюштуруу иштериндеги мыйзам бузууга байланышкан маселелер буга чейин да көтөрүлүп, тиешелүү тармактар териштирген учурлар болгон.

Муфтийлик орун да талашка түшүп, көптөгөн жаңжалдар менен коштолуп келгени да белгилүү. Диний эксперт Данияр Мурадилов "азыр да ушундай саясат жүрүп жатат" деген көз карашын "Азаттыкка" билдирди:

- Муфтияттын ишинде мурункуга салыштырмалуу асман менен жердей айырма бар десем болот. Азыр оң жакка өзгөрүүлөр болду. Муфтийге жана муфтиятка карата сын-пикирлер саясий иш деп ойлойм.

"Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети" коомдук бирикмесин адвокат Акин Токталиев жетектейт. Уюмдун мүчөлөрүнүн билдирүүлөрүнө бийлик кандай реакция кылары азырынча беймаалым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG