Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Ош: имамдар илимден четтеп турат


Оштогу мечиттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Оштогу мечиттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ислам дининин популярдуулугу артып, аны туткандар күн санап көбөйүп жатканына карабай диний сабаттуулук аксап жатканы айтылууда.

Айрым дин аалымдары илим казып, китеп жазып отура турган молдокелердин аш-тойдон колу бошобой жатканын айта баштады.

Ошол эле убакта "ислам дини жаңы илимий ачылышка муктаж эмес" деген молдокелер да бар.

Тарыхчы Жолдошбек Бөтөнөев диниятчылар элди үндөгөнү менен классикалык исламды заманга жуурулуштуруу маселеси артта калып жатканын сындап жүрөт.

- Дүйнөлөшүү доорунда классикалык ислам менен Кыргызстандын заманбап талаптарын жуурулуштуруу маселеси чечилбей келет. Молдокелер исламды заман талабына ылайыктап алып чыга албай жатат. Айрымдарынын аш-тойдон колу бошобой, анысы аз келгенсип саясатка аралашып, аткаминерлерди жандап, кошоматтанып жүрүп калышты.

Жолдошбек Бөтөнөев мечиттерден жана диний китеп дүкөндөрүнөн майда-чүйдө котормолордон башка жергиликтүү молдокелердин колунан жаралган ири эмгектерди көрө электигин айтууда:

Жолдошбек Бөтөнөев.
Жолдошбек Бөтөнөев.

- "Тиги казы тигиндей китеп жазыптыр, бул имам мындай китеп чыгарыптыр" дегендей сөздөрдү мен кезиктире элекмин. Эл арасында пикир жаралып, "мобул молдонун китебинде мындай илимий жаңылык бар экен" деген сөздү уга элекмин. Мен болгону мечиттердин жанында майда-чүйдө 100-200 сомдук даарат алууну, намаз окууну үйрөткөн кичинекей китепчелердин жайнап жатканын гана көрүп жүрөм.

Кыргызстанда ислам таануу боюнча ири эмгектер жаралбаганы менен популярдуу молдокелердин динди оозеки түшүндүргөн, оозеки тараткан ыкмасы кеңири колдонулуп келет.

Маселен, күндөлүк турмушта ислам менен мыйзамдын же салттын ортосундагы талаш жагдайлар боюнча коомчулук дароо эле кайсы бир молдокенин оозунан жооп алышы адатка айланган.

Муну Оштогу теология факультетинин деканы Самаган Мурзаибраимов ар бир талаш маселеге олуттуу жүйө менен жооп берген илимий эмгектерди жазууга дараметтүү илимпоздун жоктугу менен түшүндүрдү.

Самаган Мурзаибраимов.
Самаган Мурзаибраимов.

- Биздин коомчулук кээ бир нерселерге бат жооп берүүнү талап кылат. Ошого жараша суроосуна телефон, теледеги түз эфир аркылуу жооп алганга көнүп кетти. Ага жооп берген адам үчүн да оңой. Анткени бир нече хадис билет. Ошонун негизинде сүйлөп коюш оңой.

Кайсы бир суроого бир нече илимий жүйөнү таап, аны китеп кылып жазуу көп эмгекти талап кылат. Муну азыркы молдокелерден да, теологдордон да талап кылуу бир аз орунсуз. Себеби китеп жазууга дараметтүү адамдар Кыргызстанда дээрлик жокко эсе. Муну моюнга алуу керек.

"Коомчулук тиричилик деңгээлинде калды" деп, ошолордун деңгээлинде сүйлөп эле жашообузду улантып жатабыз. Бул биринчи этап. Эми "СМС аркылуу талак берсе болобу?" деген деңгээлден көтөрүлүп, салмактуу илимий исламга өтүшүбүз керек.

Дин ишмерлеринде болсо ислам боюнча илимий китеп жазуу маселесинде пикирлер бир кылка эмес. Маселен, Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев "китеп көп, аны окуган киши жок" деген пикирде.

Бардык нерсе пайгамбардын хадиси менен Алланын куранына барып такалат.

- Котормолор тынбай эле жаралып жатат. Ислам илими ошол эски илимдерден которулуп алынат. Ислам илимин адамдар ойлоп чыгара албайт, чыгарма жаза албайт. Ошон үчүн бардык нерсе пайгамбардын хадиси менен Алланын куранына барып такалат. Негизи бизде китеп маселеси чечилген. Окубай туруп, "китеп жок" деген туура эмес. Окушубуз керек.

Акыркы учурларда Ош МУнун теология факультети диний темада кырктан ашык китепти түрк тилинен кыргызчага которгон. Азыр да “Хадистердин негизиндеги ислам” аттуу жети томдук илимий китеп басмадан чыкканы турат.

Бирок жергиликтүү молдокелер, имамдар, казылар тарабынан ислам дини боюнча илимий жүйөлөргө негизделген бир да салмактуу эмгек жарала элек.

Молдолордун билими - мезгил талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:02 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG