Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 13:06

Кыргызстанда диний билим алууга ынтызар кыз-келиндер көбөйүүдө.

Бишкектеги Ислам институтунун студенттеринин 60 пайызын кыздар түзөт. Аялдардын исламдагы орду, укуктары жана милдеттери тууралуу окуп-үйрөнгөн кыздар арасында болочок жар тандоо талабы жогорулап, феминисттик көз караштар күч алганы айтыла баштады.

Кыргызстандагы Ислам институтунун ректору Марс Ибраев диний сабаттуулугун арттырууну самаган кыз-келиндердин көбөйүшүнүн бир нече себебин атады. Ага эң оболу кыздардын чөйрөсү, ата-энеси, мыкты эне болуп, татыктуу бүлө күтүү максаттары менен каржылык мүмкүнчүлүктөрү да себеп болууда.

- Кыздар саны жагынан көбүрөөк. Кызыгуу көп, өтө тандоо менен алынгандыктан өтпөй калгандары да бар. Биринчиден, "окуйлу" дегендер көбөйүп жатат. Мисалы, башка окуу жайларга ата-энелеринин багыттоосу менен барып, бирок кайра бизге келип өз каалоосу менен окугандар арбын. Экинчиден, чөйрөсүнүн, ата-энесинин таалим-тарбиясы, багыты менен келгендер бар. Баштапкы максаты - илим алуу, анан бала тарбиялоону, кайненени, ата-энени сыйлоону үйрөнүү үчүн, келечекте мыкты эне болууга даярдануу үчүн да келишет.

Марс Ибраев
Марс Ибраев

Кыздардын диний жактан сабаттуу болушу, исламдагы аялдардын милдеттери менен укуктарын окуп үйрөнүшү алардын жашоодогу талаптарын, өзгөчө болочок жарын тандоонун чен-өлчөмдөрүн жогорулатканын диний эксперттер белгилеп келет. Бул айрым учурда исламдагы феминизмди жаратары айтыла баштады.

Мисалы 25 жаштагы Карачач мектепти бүткөндөн кийин Бишкектеги медреселердин биринен диний билим алган. Учурда чет өлкөдө маянасы жакшы жерде иштейт. Туугандарынын күндө кулак ушалап, "Качан күйөөгө тийесиң?" деген суроосуна карабай, турмуш курууга али шашпай турганын айтты.

Ал шариятты карманган, динде көрсөткөн талаптарды аткарып, аялды исламда көрсөтүлгөндөй сыйлай алган адамды али таба электигин айтууда. Карачач "көңүлүмө төп келбеген, аялзатын сыйлаганды билбеген адам менен кол кармашып, "жашым өткөнчө турмушка чыгып, төрөшүм керек" деген катардагы кыздардан болгум келбейт" дейт.

Заманбап келиндер

Казакстанда “келин” деп аталган атайын социалдык тармак бар. Аны казакстандык Дидара Пернебаева аттуу студент жаш келиндердин маселесин чечүүгө жардам болсун деген ниетте ойлоп тапканын айтат. Тиркемеге катталган миңдеген келиндер өз кеңештери, тамак-аш сырлары, ар кандай турмуштук пайдалуу кеңештер менен бөлүшөт.

- Билим алгандан кийин көбүрөөк тандап калган учурлар бар. Медреседе устаздар кеңеш берип же окутканда ар дайым алдыга идеалдуу образды коюшат. Алар "катардагы жөнөкөй кыздардай болбогула" дешет. "Турмушка чыгып, бала төрөп эле үйдө отургула" деп эч качан үгүттөбөйт. Ошондуктан күйөө экинчи орунга коюлат. "Силерден башка чоң максаттарды күтөбүз, көп окугула, дин жолунда көп кызмат кылгыла" дешет. Эми медреседе айтылган идеалдуу образ абдан аз. Баарына эле андай туш келбейт.

Карачач диний билим алган кыздар өзүн баалаганды үйрөнүп, өз шарты менен талабын айтканды үйрөндү деген ойдо.

- "Жөн эле турмушка чыгып кете бербей өзүңөрдүн шартыңарды, талабыңарды айткыла" дейт. Мисалы шарият боюнча баланын ата-энеси менен чогуу эмес, өз алдынча жашаганга укугубуз бар экенин айтышат. Шарият боюнча бизге аялдарга кандай мамиле жасашы керектигин айтышат. Ушундай укуктарыбызды билгенден кийин болочок күйөөнү ошого жараша издеп, тандап калышат деп ойлойм.

Жарандык активист Шахризада Аданова да кыз-келиндер өзүн баалаганды үйрөндү деген пикирге кошулат. Анын пикиринде аялдар да, эркектер да ислам принциптери менен жашаса ажырашуу, зомбулук, кордук болмок эмес.

Шахризада Аданова
Шахризада Аданова

- Албетте, аялдар ислам динин үйрөнгөндөн кийин өзүн сыйлап, өзүн мурдагы абалдан бир топ жогору коюп калары бышык. Себеби ислам дини аялдарды аябай сыйлайт. Азыр ар кандай тренингдер өтүп жатат, Батыштан келген тренерлери деле "эркек өзүнүн аялына көп акча жумшабаса, ал ийгиликсиз болот же аз акча тапкан эркектер менен мамиле түзбөгүлө" деп эле айтып келатышат. Бул кошуна мамлекетте, Кыргызстандагы тренингдерде деле айтылат. Исламды фантастикалык көз карашта эмес, илимий көз караш менен караганыбызда ошого амал кылганыбызда гана ажырашуулар аз болмок деп ойлойм. Ислам бизге даяр тренинг, даяр жашоо образы. Биздин аял, эркектер аны толук амал кылбай жатабыз. Ошондуктан да ажырашуулар көп болуп жатат.

Шахризада Аданованын баамында билимдүү, акча тапканды билген ийгиликтүү кыздардын айрымдары бой жүргөндү артык көрөт. Көбү эптеп эле турмушка чыгууну максат кылбайт.

- Өзүн жакшы алып жүрө албаган эркектер менен жолугуп, сүйлөшүү же турмушка чыгуу билимдүү аялга кызыксыз болуп жатат. Эгер аялдын ой жүгүртүүсү бийик болсо, тапканы өзүнө жетсе ага дагы эмне керек? Ага жакшы сөз айткан, романтик эркек керек. Эгер жакшы сөзү жок болсо же тапканы да жакшы болбосо ошон үчүн да кыздар турмушка чыккысы келбесе керек. "Андан көрө күчүк багып алганым эле жакшы" дешет да кыздар деле.

Эже-сиңди: күйөөгө тийүүнүн "мөөнөтү"

Кыргызстанда акыркы жылдары кыздар жогорку окуу жайын аяктап, жумушка орношуп, 30 жашка жакындап калганда күйөөгө тийген жаңы көрүнүш пайда болду.

Психолог Асел Байымбетова эркектер өзүнө коюлган талаптарды аткарбагандыктан турмуш курууга шашпаган кыздар көбөйүп жатат деген ойдо. Экинчиден, буга шарият менен жергиликтүү менталитеттин айкалышпай жатканы себеп деп эсептейт.

- Турмуш курууга ашыкпаган кыздар көп. Анткени талаптар өстү, өзгөрдү. "Кыздар тартиптүү, тил алчаак болушу керек" деген көп талаптар айтылганы менен эркектер өздөрүнө коюлган талаптарды аткарбай жатпайбы. Алар "аялдар мындай, тигиндей болушу керек" деп аялдын милдеттерин абдан жакшы билишет. Өздөрүнүкүн билишпейт. Үй-жай, шартын түзүп бериши керек. Жакшы кыздар абдан көп. Бирок кээде менталитеттин айынан үй-бүлөлөр бузулуп жатат. Шариятта "эң биринчи күйөөсүнө жагып, ошону угуш керек" десе, менталитет боюнча "кайненесине жагыш керек" дешет. Куйөөсүнө отчет берип, кайненесине айтпай койгону үчүн тил уккан келиндер кайрылышат. Көп жаш келиндер ушундан кыйналышат. Шарият боюнча күйөөсү үйдө жок болсо, анын башка эркек туугандарын үйгө киргизбеши керек. Бирок ал аткарылбай жатпайбы.

Ислам институтунун ректору, диний эксперт Марс Ибраев кыз-келиндердин диний билим алуусу аялдарды экинчи сорт катары көргөн, аларды "күйөөсүнүн буйругунан чыкпай, үйдө гана отурушу керек" деген тар көз карашты жокко чыгарууда деп эсептейт.

- Диний маселелерде дагы сырткы гана көз караш менен бирин-экин аны карманган инсандардын туура эмес үлгү болушунун натыйжасында "аялзаты экинчи, үчүнчү сорт, ал үйдөн чыкпай, таптакыр күйөөсүнүн буйругунан чыкпай отуруш керек" деген адамдарда ошондой түшүнүк жаралып калган. Аялзатынын канчалык көп туура маалыматка, жакшы илимге ээ болушу менен феминисттик эмес, эркекти дагы, үй-бүлөнү баалаган аялзаты көбөйүп жатат деп ишенем.

Учурда Ислам институтунда билим алып жаткан 800дөй студенттин 60 пайызга жакынын кыздар түзөт. Анткен менен кыргыз үй-бүлөлөрү илгертен диний көз караш же шарият боюнча эмес, өзүнүн каада-салтына ылайык теңин таап же кудалашып келгенин айткандар да бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG