Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Эже-сиңди: кыргыз аял кандай кийинет?


“Эже-сиңди” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында кыргыз аялдарына таандык кийимдер тууралуу сөз болду.

Талкууга "Мутакалим" Мусулман аялдар прогрессивдүү-коомдук бирикмесинин башчысы Жамал Фронтбек кызы, алып баруучу Назира Айтбекова жана ырчы Каныкей катышты. Талкууну Алия Суранова алып барды.

Алия Суранова: Акыркы убактарда кыргыз айымдарынын кийингени боюнча көптөгөн сөздөр айтылып келет. Бир четинен кээ бир адамдар: “Кыргыз аялдарынан ыйман кетти, таптакыр ачылып баратышат”, - деген сынчыл ой менен чыгышса, экинчи тараптан айымдар: “Биз каалагандай кийинебиз, кааласак кыска көйнөк киебиз, кааласак жоолук салынабыз”, - деп жооп беришет. Кыргыз аялдары ушундай кийиниши керек деген бир образ барбы?

Ислам дининин көз карашы боюнча карасак, анда аял уяттуу жерин жаап жүрүшү керек. Динге ишенген кыздар өз каалоосу менен жамынып, кийиниши зарыл.
Жамал Фронтбек кызы

Жамал Фронтбек кызы: Азыр өзгөчө бир образ түзүү кыйын, анткени ааламдашуу доорунда жашап жатабыз. Биздин мамлекет демократиялуу жолго түшкөн, ар бир жарандын укугу өз колунда. “Сен ушуну кий” деп айтканга акыбыз жок. Эгерде ислам дининин көз карашы боюнча карасак, анда аял уяттуу жерин жаап жүрүшү керек. Динге ишенген кыздар өз каалоосу менен жамынып, кийиниши зарыл. Ар бир жаран өзүн кайсы коомго, кайсы динге же өзүн ким деп аныктаса, ошого ылайык кийим тандайт.

Назира Айтбекова: Илгертеден бери кыргыз айымдары чынында эле өтө ачык эмес, узун кийинип, кымтынып, жамынып жүргөн. Кийин ааламдашып, заманбап жашоого баарыбыз аракет кылып, аз-аздан чечине баштадык.

Ар бир өлкөнүн өзүнүн мыйзамы, эрежеси болот. Ошол ар бир өлкөнүн эрежесине каалайсыңбы же каалабайсыңбы, баш ийгенге туура келет. Мисалы, Түркмөнстанда аялдар сөзсүз улуттук колоритте кийинет, кыздарынын башында улуттук топу. Бизде болсо Конституция бири-бирибиздин укугубузду тебелегенге жол бербейт. Мен Жамал эжени “эмне жамынып алдыңыз, чечиниңиз” дей албайм, эже дагы “сен жыртык шым кийип келдиң” деп, менин ишиме кийлигише албайт. Кимдин ыңгайы кандай болсо, ошондой кийинет.

Светтик өлкөдө жашап атабыз, бири-бирибиздин укугубузду сыйлай билишибиз керек, бирок биз көп учурда ошол укуктарыбызды тебелеп жатабыз. Өтө ачык кийингендерге дароо таш ыргыйт. Бирок балким, адам өзүн ушундай кийингенде ыңгайлуу сезип жаткандыр? Бири-бирибиздин жеке жашообузга ашыкча кийлигишип жатабыз.

Заманга, маданиятына, дүйнө таанымына, деңгээлине, турмушуна жараша кийиниши керек.
Каныкей

Каныкей: Ар бир адам өзүнө жарашыктуу кийиниши керек. Заманга, маданиятына, дүйнө таанымына, деңгээлине, турмушуна жараша кийиниши керек. Мисалы, мен ырчымын, эл адамымын. Сахнага жөнөкөй боёктор менен чыга албайсың, сахна - бул театр, ал жерде бир өң жаратыш керек. Ошого ылайыктуу менин образым бар.

Кийиз - кыргыздын эзелки символикасы. “Кыргыз кийизде төрөлүп, кийизде өлгөн” деген улук сөз бар. Менин дизайнер курбум кийизден заманбап кийимдерди жаратат. Кийинүүгө келгенде, ар бир адамдын өзүнүн өсүү этабы болот экен. Секелек, бийкеч кыздардын, келиндердин өзүнүн кийинүүдө орду бар, байбиче менен эненин өзүнүн орду бар.

Буга биз “андай кийин, мындай кийин” деп айтпасак деле, кыргыз маданиятыбыз ордуна салып коет экен. Жалпылап айтканда, “андай кийинбей, мындай кийингиле, ачык-чачык кийинбегиле” деп айтуудан мен алысмын. “Жамынып жатасыңар” деп айтуудан дагы алысмын. Мен бир гана гумандуулук көз караш менен карайт элем. Коомубузда ар түрдүү адам бар, биз алардын оюн сыйласак, алар да биздин оюбузду сыйлайт деп ойлойм.

Талкуунун толук вариантын төмөндөгү аудиодон уга аласыз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG