Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:03

“Эже-сиңди” уктуруусунун бул чыгарылышында “Эркектер коргоого муктажбы?” деген тема талкууга алынды.

Талкууга укук коргоочу Азиза Абдирасулова, филология илимдеринин кандидаты, доцент Назгүл Мазекова жана “Данакер” үй-бүлөнү коргоо борборунун аткаруучу директору Наргиза Конушалиева катышты. Талкууну Алия Суранова алып барды.

Алия Суранова: Акыркы убакта социалдык тармактарда эркектер да психологиялык, эмоциялык, керек болсо физикалык жактан жабыркап жатышат деген ой-пикирлер айтылып жатат. “Аялдар жана балдардын гана укуктары эмес, эркектердин да укуктарын биз коргоп жүрүшүбүз керек, аларды дагы ойго алышыбыз керек, анткени эркектер дагы кандайдыр бир басымдын алдында кыйналып жүрүшөт”, - деп айтып башташты. Биздин коомдо чындап эле эркектер коргоого муктажбы?

Азиза Абдирасулова: Адам укугун коргоого келгенде, мен эркек-аял, бала, кары-картаң деп бөлгөндү туура көрбөйм. Кыргызстанда 16 миңден 18 миңге чейин камакта отургандардын дээрлик 94-95% - эркектер. Кыйноого жана уруп-сабоого дагы эркектер кабылат.

Назгүл Мазекова: Үй-бүлөлүк мамилеге карата айтып келгенде, эркектер коргоого муктаж эмес. Атам замандан бери эле үй-бүлөдө эркек башчы, коргоочу, сактоочу болгон. Ошондуктан, үй-бүлөлүк маселеге келгенде коргоого муктаж деп айтуу уятыраак деп ойлойм. Ал өзү үй-бүлөнүн коргоочусу болушу керек.

Азыр коомдо, үй-бүлөдө эркектер аялдардан дагы алсыз болуп кетти деп айтылып келет. Бул каяктан келип чыгып атат? Бул биздин коомдогу ички жана тышкы миграция, экономикалык жана социалдык маселелерге туура келгендей сезилет, анткени ата уулун тарбиялабай эле сыртка чыгып кеткен болот, таштап кетет, энеси тарбиялайт. Бала бакчада, мектепте, жогорку окуу жайында да аялдын тарбиясын алат. Ошондон улам аялга окшошураак эркектердин пайда болушуна чейин алып келип атат.

Наргиза Конушалиева: Бизде балдар үч-төрт жашынан тартып эле, бала кулап калса: “Тур, сен эркексиң да! Сен ыйлабашың керек!” – деп ата-энеси кайталап келет. Ошондон баштап баланын аң-сезимине “мен ыйлабашым керек”, “мен жардам сурабашым керек” деген ой бекем орноп калат. Биздин психологдор муну туура эмес деп айтышат, себеби ар бир адам, алардын ичинен эркектер да жардам сураганга үйрөнүшү керек.

Талкуунун толук вариантын төмөндөгү аудиодон уга аласыз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG