Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Парламентте көп балалуу аталарды колдоо сунушталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Кыргызстанда көп балалуу аталарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү сунуштады. Мындай демилгени депутат 14-июндагы жыйында "Жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жатканда көтөрдү:

- Мен бул мыйзам долбоорунда "Эмгек сиңирген ата" деген мамлекеттик сыйлыкты киргизүүнү каалайм. Бизде апаларды колдогон "Баатыр эне" жана башка сыйлыктар бар. Аталарга андай колдоолор жок. Саламаттыгы начар, бирок баласын багып жүргөн аталар бар. Ошондуктан "Эмгек сиңирген ата" наамын киргизип, аталардын макамын көтөрүүнү сунуштайм.

Ушул сыяктуу сунушту 13-июнда парламенттин тармактык комитетинде Аалы Карашев да көтөргөнү кабарланган.

Бүгүнкү жыйында балдардын жөлөкпулун көбөйтүү, көп балалууларга колдоо көрсөтүү маселеси талкууланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG