Линктер

шаршемби, 24-май, 2017 Бишкек убактысы 03:11

Франциянын жаңы президенти Эммануэл Макрондун үй-бүлөсүн дүйнө коомчулугу кызуу талкуулады. Макрон өзүнөн 24 жаш улуу аялы Брижиттин сүрөөнү менен президенттикке жетти деген көз караш да жок эмес.

Мансап үчүн күрөштө кыргыз үй-бүлөсүндө аялдын сүрөөнү маанилүүбү? Дегеле аял-эркек өнөктөштүгү калыптанганбы? Эркек аялдан кичүү болбош керек деген түшүнүктүн төркүнү эмнеде? Ушул жана башка суроолор кезектеги "Арай көз чарай" талкуусундагы суроолордун өзөгүн түздү.

Талкууга педагогика илимдеринин доктору Ишенгүл Болжурова, жазуучу, журналист Олжобай Шакир жана теле алып баруучу Нурзат Токтосунова катышты.

Ишенгүл Болжурова: Бул тарыхта болчу нерсе. Мухамбет пайгамдардын байбичеси деле өзүнөн көп улуу болгон. Курманжан деле датка боло электе Алымбек даткага канча жардам берген. Көптөгөн хандарды аялдары колдогон. Биздин заманда деле Элеонора Рузвельт Американын оор кырдаалында кандай жардам берген күйөөсүнө. Хиллари Билл Клинтонду президент кезинде кандай сүрөдү эле.

Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

Азыркы транзиттик абалда биздин коомду аял сактап калды. Ишсиз, сынып калган күйөөлөрүн энелик сезим менен сүрөп, бизнес ачып берип, оор экономикалык абалдан чыгууга жардам берди. Баатырдык кылды. Менчиктештирүү, андан мурда, совет мезгилинен бери эле оор жумушту аял жасап келген, эркектин аты чыккан. Бул - аялдын күйөөсүнө үй-бүлөнүн ээси, балдардын атасы, арка-жөлөк деген аяр мамилеси. Мындай бири-бирине сыйды жаманга чыгарбашыбыз керек. Мамлекеттин пайдубалын түзүп жатпайбы. Бирок, азыркы жаштар арасында бай аялдарга альфонс (бакма-ред.) болгон жаман көрүнүштөр бар, бирок андайлар аз.

Нурзат Токтосунова: Коомдо кимдир бирөө жеңишке жетсе эле анын себеп-жайын издеп башташат. Макрондун жагдайында аялынын улуу болгонун көрө калышты. Аялынын жардамы сөзсүз болду, бирок, ал жетишсиз болмок.

Нурзат Токтосунова.
Нурзат Токтосунова.

Менин да жолдошум кичүү. Биз үйлөнгөнгө чейин бул жөнүндө ойлочу эмесмин. Чынында корунуу бар экен. “Иий, анын аялы он жаш улуу экен!” деп, же эки жаш улуу болсо да келиндер кысынган учурларды билем. Бизде рухий эркиндик калыптана элек экен.

Ал эми кыргызда калыптанып калган аял эркектен кичүү болушу керек деген түшүнүк биринчи кезекте тукум улоо зарылчылыгынан пайда болсо керек деп ойлойм. Ар бир эне баласынын көбүрөөк бала-чакалуу болуусун каалайт.

Олжобай Шакир: “Аял жакшы – эр жакшы” деген кыргыздын көчмөн философиясынан келаткандай, аял бар жерде манабыңбы, кулуңбу, тирлиги тың болгон, үй-бүлөлүк гармонияга алып келген.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

Бизде бийликти колдон алдырып коюуну, улуураак аялга үйлөнүүнү, эркектин пастыгындай көргөн түшүнүк жашайт. Мен жеке өзүмдүн мисалымда айтайын, менин мурунку келинчегим раматылык болуп кетти, менден 13 жашка улуу эле. Үч баласы менен алгамын. Бирок, турмушта эриш-аркак жашадык. Бир туугандарым, ата-энем өлгөндө аларга мен келинчегимчелик кайыша алган жокмун. Себеби, аялым мага тоодой таяныч экенин сездим. Ошол эле учурда өзүнөн улууга үйлөнгөн кээ бир жоро-жолдоштор ошондон психологиялык жабыркаган, корунган учурларын көрдүм. Биз тиги болбойт, бул болбойт деген жалган рамкаларда жашайбыз.

Талкуунун толук версиясын бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG