Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Макрон президенттик кызматка киришти


Франциянын жаңы президенти Эммануэл Макрон.
Франциянын жаңы президенти Эммануэл Макрон.

Франциянын жаңы президенти Эммануэл Макрон 14-майда Париждеги Елисей сарайында өткөн салтанатта ант берип, ишке расмий киришти.

Андан соң Макрон өлкөнүн буга чейинки президенти Франсуа Олланд менен жолугуп мамлекеттик иштер боюнча сүйлөштү.

Мурдагы эконмика министри, 39 жаштагы Макрон Франциянын эң жаш президенти болуп калды. Ал 7-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ашынган оңчул Марин Ле Пенди жеңген.

Сурамжылоолорго ылайык, анын "Алга" деген жаңы кыймылы 11 жана 18-июнь күндөрү өтө турган парламенттик шайлоодо ашынган оңчуларды жеңип, алдыга чыгышы толук мүмкүн.

Макрон президенттик кызматына киришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

XS
SM
MD
LG