Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:26

Акыркы он жылда өз жанын кыйган эркектер эки эсе көбөйдү. Соңку маалыматтарга караганда өлкөдө жүз миң кишинин жетөө өз жанын кыйган, ал эми он тогузу өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Адистер өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдан улам эркектердин басымдуу бөлүгүнүн коомдогу ролу, үй-бүлөдөгү кадыр-баркы төмөндөп баратканын, аларды коргоо маселеси курч экенин моюнга алуу керектигин белгилешет.

Үй-бүлөдөгү сегиз бир туугандын эң улуусу, 38 жаштагы Мирбектин каза тапканына эки жылдай болуп калды. Кырсыктан бир жыл мурда Нарында жумушу жок, турмуштан каржалган үй-бүлө көртирликтин айынан Бишкекке келген эле.

Күнүмдүк майда-чүйдө жумушта жалданып иштеп, батирде жашап жаткан үй ээси күндөрдүн биринде айылга барып, атасы менен сүйлөшкөн соң, муунуп алган. Маркумдун бир тууган иниси Улан ал күндү минтип эскерди:

- Түнү таксиге түшүп кетиптир. Эртең менен айылга барып эле атам менен учурашат. Күтүүсүз кирип келгенинен улам атам “жай эле келдиңби?” десе, “жакшы эле, документтер боюнча келгем” деп эшиктин алдында турган дейт. Анан бир заматта короого кирип муунуп калыптыр. Дароо чечип алганына карабай бир аздан кийин эле үзүлүптүр. Айылдан атам чалып "Байкеңер каза болуп калды, асынып алды" деди.

Жумушсуз да, бош орун да көп

2016-жылы Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкө боюнча 18 миңден ашык жумушчу орду бош деп жар салган.

Маркумдун артында эки уулу калган. Уландын айтымында, балдарынын келечеги үчүн деп шаарга оокат кылганы келген агасы эч убакта турмушка нааразы болуп же кыйналганы тууралуу бир туугандарына арызданчу эмес.

- Укканыбызга караганда үй-бүлөсүндө көйгөйлөр болгон экен. Андай жолго барат деп эч кимибиз ойлогон эмеспиз. Таң калып эле отуруп калдык. Айылда кыйналганы үчүн шаарга келишкен. Жумуш жок. Биринчи шаарда өзү иштеп, кийин үй-бүлөсүн алып келген. Эч нерсе айткан жок кыскасын айтканда. Үй-бүлөлүк маселелери бар экенин деле билчү эмесмин.

Адистер эркектер жаратылышынан күчтүү деп саналганы менен психологиялык жактан назик келерин, мындан улам ар кандай кыйынчылыкка бат сынарын белгилешет. Муну айрым эркектердин өздөрү деле моюнга алат.

- Кыйналгандар, үй-бүлөсүн бага албагандар көп. Бир жерге барып жумушка орношоюн десең ал да жок. Жанагы кредит деген балээ бар. Төлөй албай өлөт. Үйдө жумуш жок, бала-чака ачка отурганда ызы-чуу башталат, ажырашмай, ошондон улам айла жоктугунан өлүп жатышат. Ичимдик да себеп деп ойлойм, көбү кыйналгандан спирт ичимдигинен өксүйт, - дейт атын атагысы келбеген каарманыбыз.

Психолог Самат Алканов бүгүнкү күндө эркектердин коомдо өз ордун таба албай, жашоосуна канааттана албай, стресске кабылып, андан ары депрессияга түшкөн учурларын эң чоң көйгөй деп эсептейт. Мындай учурда алар абалдан чыгуунун жеңил жолу катары өлүмдү тандашы мүмкүн.

- Мисалы мага бирөө ыйлап чалган. Үй-бүлөсүндө акчаны аялы табат, эркекке жумуш жок. Иштебей, үйдө отурганы үчүн кыжаалат болуп, депрессияга ушунчалык түшүп кеткенде өлгүсү келе баштаган. Бир күнү көтөрө албай калып, ичкилик ичип, өзүн өлтүрөм деп чыгат. Ошондой абал болушу мүмкүн. Мага келип жүргөндөр арасында айрымдарынын ушундай программасы бар. Мен өлүшүм керек, жашоого татыктуу эмесмин, жашоо оор, мен өлсөм, көйгөй чечилип калат дегендер да бар.

Топчугүл Шайдуллаева
Топчугүл Шайдуллаева

Социолог Топчугүл Шайдуллаеванын айтымында, башкаруу чөйрөсүндө, чечим кабыл алчу жерде иштеп жаткан эркектердин да көйгөйү жок эмес.

Социологдун пикиринде, кыргыз коомунда көпчүлүк аялдардын жүк көтөргөнү эркектердин ролун төмөндөтүп, үй-бүлөдө алардын кадыр-баркынын төмөндөөсүн шарттап жатат.

- Көпчүлүгү өзүн эркекмин деп сезет, бирок ата, күйөө, уул боло турган ролуна толук кирип, татыктуу боло албай жатпайбы. Ушунун өзү эркектердин көбүн сындырып жатат. Анан алар майдаланып кетти, акча табалбай жатышат, мындан улам үй-бүлөдөгү кадыр-баркы азайып кетти. Күчкө толуп турган жигиттер эмне кыларын билбейт. Кантип ошол күчүн пайдаланып акча табарын билбейт. Ушуну биздин мамлекет ойлонушу керек. Жакшы айлык төлөй турган жер болсо, алар күнү-түнү иштөөгө даяр.

Социолог маселени ачык эле көтөрүп чыгып, эркектер дагы коргоого муктаж экенин кыргыз коому моюнга алуу керек деп эсептейт.

Эркектер такыр эле четке сүрүлүп калды. Аял киши эмне айтса жасайт, болду. Жоопкерчилик деген жок.
Кудайберген Базарбаев

Мурдагы социалдык жактан коргоо министри Кудайберген Базарбаев эркектерди камкордукка алуу маселесине 2014-жылы көңүл бурулуп, аларга психологиялык, юридикалык жардам берүү боюнча бир жылдык үч кризистик борбор ачылганын билдирди. Бирок кийин иш уланбай, алар жабылып калган. Экс-министр кыргыз коомунда эркектердин калыптануусуна, алардагы жоопкерчилик сезимин өрчүтүүгө көңүл бурулбай баратканы көйгөйдү тереңдетип жатканын айтты:

- Биз эркек балдарга такыр эле көңүл бурбай калдык. Үйдү баккан ким - аял, балдарды баккан ким - аял. Эркектер такыр эле четке сүрүлүп калды. Аял киши эмне айтса жасайт, болду. Жоопкерчилик деген жок.

Статистикалык маалыматтарга караганда өлкөдө соңку он жылда жанын кыйган эркектер эки эсе көбөйгөн. Эркектер арасында өз жанын кыюу көйгөйү 2017-2030-жылдарга карата саламаттыкты чыңдоо боюнча мамлекеттик программада белгиленген. Аталган программаны өткөн жылдын этегинде Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган эле. Анда cоңку жылдары өлкөдө эркектер арасында суицид көбөйүп кеткенине көңүл бөлүүгө жана мунун алдын алууга чакырык ташталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG