Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Эркектен руль "талашкан" аялдар


Рулдагы аял. Иллюстрация
Рулдагы аял. Иллюстрация

Кыргызстанда азыр машине айдаган кыз-келиндер жаңылык деле болбой калды. Башкалаадагы такси кызматында иштеп, эл ташыган аялдардын саны ондоп саналат. "Аялзат" берүүсүндө коомдогу ушул тенденция тууралуу кеп кылабыз.

Дөңгөлөк үстүндөгү эркиндик менен кошо аял кишинин саламаттыгы, үйүндөгү ынтымак коркунучка капталган жокпу?

Айдоочу кесибин аркалаган аялдар рулду башкаруу кыргыз аялына эркиндик, убакытты үнөмдөө жана кошумча ыңгайлуулук алып келгени менен, анын мүнөзүн өзгөртүп, үйдөгү түйшүктүн көбөйүшүнө алып келерин айтышат. Күнү-түнү эл ташуу чынында аял киши үчүн аябагандай эле оор.

Герцогиниянын эрдиги

Дүйнөдө аял кишинин машине айдаганы алгач ирет 1907-жылы Британияда катталган. Лондондун тургуну, Юзес аттуу герцогиня өз акчасына алгачкы "Кабриолетин" айдап чыгып, консервативдүү, эркектердин өкүмү күч өлкө жашоочуларын таң калтырган.

Аялдардын рулга отуруусу өткөн кылымдын 40-жылдарынан тарта көнүмүшкө айланган.
Аялдардын рулга отуруусу өткөн кылымдын 40-жылдарынан тарта көнүмүшкө айланган.

Ал эми аялдарга айдоочулук күбөлүк 1930-жылдардын башында берилген. 1940-жылдары рулга отурган кыз-келиндер көбөйгөн. Ал эми 1970-жылдары автоунаа өндүрүшү өнүгүп, аялдардын машинеге ээлик кылуусу эркектерге барабар даражага чукулдаган.

Ал эми Кыргызстанда аялдардын жапырт рулга отуруусу акыркы 10 жыл ичинде көбөйгөн. Журналист-котормочу Нуржан Касмалиева да алардын катарында.

- Машине айдаганыма 13 жылдан ашты. Ал кезде азыркыдай кыз-келиндер көп деле айдачу эмес эле. Кээде жолдо бара жатсаң кичинекей балдар «Эй, карачы, аял айдап бара жатат», - десе, айрым учурда чоң кишилер деле таңыркап карап калганын байкачумун. Азыр аялдын рулга отурганы көнүмүш эле болуп калбадыбы.

Кендирди кескен коомдук транспорт

Эки жылдан бери өз ишин автоунаа менен бүтүрүп жүргөн Айгүл Жунушалиева автоунаа айдоо аял үчүн абдан эле ыңгайлуу экенин айтты:

Бишкек
Бишкек

​- Көздөгөн жагыңа тез жетесиң. Өзгөчө балалуу айымдарга жакшы. Мектебине же бакчасына кечиктирбей жеткизип коёсуң, кайра кыйналбай алып келесиң дегендей. Бул жагынан жакшы эле экен. Бирок көчөгө чыкканда айдоочулардын көбү жол эрежесин сактабайт эмеспи. Ушунун айынан кээде үйгө маанайың бузулуп, ачууланып келесиң. Кээ бир айдоочулар эч кимди көзүнө илбей, ыңгайсыздык жаратат. Эгерде өлкөбүздө коомдук транспорт мыкты иштесе, айдабай деле коймокмун.

Чет элде оңойураак

Айдай аттуу мекендешибиз буга чейин Түркияда жашап келген. Ал Кыргызстанда машине айдоо маданияты сакталбай, жол эрежелеринин одоно бузулушу аялдар үчүн кошумча түйшүк жаратууда деп эсептейт.

- Кыргызстанда аял кишиге машине айдоо кыйыныраак. Мисалы, мен буга чейин Стамбулда жүрдүм. Ал жакта аял кишиге көбүнчө жол беришет, айдоочулар арасында тилектештик күчтүү. Эркектер эрегишпей сабырдуу мамиле жасашат. Бул жакта андай көрүнүш дээрлик жок. Тескерисинче, аял болгонуң үчүн жолуңду талашат, жаман көргөндөр да бар.

Каршы болгон эркектер

Ошол эле мезгилде рулга отуруп алып, манчыркап, мас абалында кырсыкка учураган кыз-келиндер да жок эмес. Июнь айында 20 жаштагы кыздын жол эрежесин сактабаганы 50 жаштагы эркек кишинин өлүмү менен аяктады. Мындай көрүнүштөрдөн улам айрым мырзалар "аялдар жөн эле үйдө отурса" деп баа беришет. Алардын бири, Өзгөн районунун тургуну Калмамат Турдубаев аялдардын машине айдоосуна таптакыр каршы:

Таксист Гаухар Иминова, Бишкек.
Таксист Гаухар Иминова, Бишкек.

- Ар нерсенин өз орду менен болгону жакшы да. Аял менен эркектин өз милдети бар. Кокус аял кишинин күйөөсү майып болсо же көзү өтүп кетсе, анда автоунаа башкарса болот. Калган учурда үй-бүлөнү эркек башкарат, бар-жогун таап келип, камсыз кылат дегендей. Андыктан аял балдарын багып, кир жууп, үй тазалап, тамак бышырып эле жүрсө жакшы болмок. Аял руль талашканда анда өзүмбилемдик сезими күчөп, үйдүн ынтымагы ыдырайт. Экинчиден, машинени азыр баары эле жакшы айдай бербейт. Мен байкагандан аялдардын 80 пайызы трассага чыкканда өзүнө ишенип кетеби же коркобу айтор, кырсыкка учурап калууда.

Эркектер жалкоо болуп баратабы?

Журналист-котормочу Нуржан Касмалиева аялдын машине башкарып, түйшүктү өз моюнуна алганы бир жагынан жакшы болсо, экинчи жагынан эркектерди жалкоолукка үйрөтөт деген ойдо.

Стамбулда айдоочулар арасында тилектештик күчтүү. Эркектер эрегишпей сабырдуу мамиле жасашат. Бул жакта аял болгонуң үчүн жолуңду талашат, жаман көргөндөр да бар.
Айдай

Аял кыйынчылыктарды жеңген сайын анда менменсинүү да жаралып, эркекти кемсинтүүгө чейин барышат, - дейт Касмалиева:

- Машине айдаган аял өзүн эркин, ишенимдүү сезет. Анан үй тирлигиндеги көп эле жумуштарды өзү аткарып калат. Бир топ жакшы жактары бар. Маселен, күйөөсүн күтпөй эле балдарын ары-бери ташып, өз ишин кыла берет. Бирок мындай шартта эркектерибиз жалкоо болуп бара жатат. Көп түйшүк аялдын эле моюнуна үйүлүп, үй-бүлөдө теңсиздик жаралууда. Ансыз деле эркектерибиз жатып ичер болуп баратпайбы.

please wait

No media source currently available

0:00 0:10:05 0:00
Түз линк

Таксини шуулдаткан айымдар

Ушу тапта Кыргызстанда такси кызматында иштеп, эл ташыган аялдардын саны да өсүүдө. Болжол менен отуздан ашуун кыз-келиндер такси кызматында бир нече жылдан бери эмгектенип келе жатышат. Алардын басымдуусу жалгыз бой аялдар. «Жорго» такси кызматында иштеп жаткан Жыпаргүл өз кесибинин ден соолугуна тийгизген таасирине токтолду:

Бишкек
Бишкек

- Күнү-түнү иштеп жүрүп көзүмдүн курчу кетти. Начар көрүп калдым. Албетте, анан стресс болосуң. Эл деген ар кандай да. Кээде начар кардар түшүп калат. Бир жумада бир жаман киши жолугат да. Биз ага катуу айта албайбыз. Кыздар такси айдайт экен деп сыйлагандар да бар. Алар машинеге отурары менен эле өмүр баяныбызды сурап, кызыга баштайт.

Дагы бир Аида аттуу келин эки кызын күнү-түнү такси айдап иштеп багып жүрөт. Бул кесибине айрым туугандары, айрыкча апасы каршы болсо да тобокелдикке барып жүргөнүн айтып, кардарларга сый мамиле кылып эле чектелбей, өзүн аял катары сулуу, таза, тыкан алып жүргөнгө аракет кылат:

- Башында жакындарыбыз "түнкүсүн кооптуу, айдаба" деп айта беришчү. Айрыкча апам аябай сарсанаа болчу. Анан "бизде белги берген кнопка бар, аны басканда башка эркек таксичилер жардамга келет" деп жубатып жүрүп араң көндүрдүм. Жаман жери, эки кичинекей кызыма жетиштүү көңүл бура албай жатам. 24 саат иштеп, кээде эле бакчадан алып, аптада бир ирет эле чогуу болбосом башка күндөрү аларды көрбөйм деле. Анан алар: «Апаке жок дегенде бир күнү кучакташып жаталычы» деп сурана беришет.

Илим эмне дейт?

Франциялык окумуштуу, социология илимдеринин доктору Ян Демоли эркектерге караганда аялдар автоунаа айдаганда көбүрөөк рахат аларын белгилейт. ​

Машине айдаган аял өзүн эркин, ишенимдүү сезет. Анан үй тирлигиндеги көп эле жумуштарды өзү аткарып калат. Мындай шартта көп түйшүк аялдын эле моюнуна үйүлүп, үй-бүлөдө теңсиздик жаралууда.
Нуржан Касмалиева

Ал эми ислам дүйнөсүнө таанымал саудиялык окумуштуу Шейх Салах аль-Лухайдан "Машине айдоо аялдын жыныстык органына зыян келтирип, гормоналдык бузулууну шарттайт" деп айтканын Британиянын Daily Mail гезити 2013-жылы басып чыгарган. Мындай тыянактарга таянуу менен араб бийликтери аялдарды рулга отургузбай келет. АКШнын Канзас штатынын окумуштуулары 2005-жылдан 2011-жылга чейинки жол кырсыктарын талдашып, алардын ичинен күндүз жөө киши өтчү өтмөктөрдө жана жол кесилишинде кырсыкка учурагандардын көбү аял экенин аныкташкан. Ошентсе да кыз-келиндер айрым эркектерге караганда жол эрежесин туура сактарын адистер эбак эле далилдешкен.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG