Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Аялзат: күйөөгө ашыкпаган кыздар


Иллюстрация
Иллюстрация

21-кылым кыз-келиндерге, анын ичинде кыргызстандык аялдарга укмуштуудай жаңы горизонтторду ачты. Билимге умтулган кыргыздын кыздары азыр дүйнөнүн булуң-бурчунда эмгектенишүүдө.

Бирок дал ушул билимдүү, социалдык жагдайы жакшы кыз-келиндер бой жүргөндөр көбөйдү. Азиянын менталилетине жат бул көрүнүшкө кыргыз коому кандай карайт?

Британиянын Economist журналына «Азиянын жалгыз жүрөктөрү» аттуу макала чыккан эле. Анда үй-бүлө куруу, турмушка чыгуу маселеси Чыгыш, Түштүк Чыгыш Азияда, Кытайда жана Жапонияда барган сайын кечеңдеп, жалгыз бой калган кыздардын саны көбөйгөнү, буга себеп болгон факторлор саналган. Кыргызстанда да акыркы мезгилде жашы өйдөлөсө да турмуш курбай, экономикалык, социалдык жана билим деңгээлин өнүктүргүсү келген кыз-келиндер көбөйүүдө. Бирок коомдо “Качан күйөөгө тийесиң?” деген стереотип жоголбой келет.

“Чет өлкөгө качып кеттим”

Каарманыбыз Наргиза Кенжебаева университетти ийгиликтүү аяктап, баш калаада карьерасын да жогорку деңгээлде баштаган. Бирок жашы 23төн өткөндөн кийин эле жакындары, тааныштарынын “Качан күйөөгө тиесиң?” деп кайра-кайра сурай бергенинен улам жер которуп, чет өлкөгө кетип калганын айтты:

Бишкек
Бишкек

- 23 жашка чыкканда эле башталды окшойт. Кыргыз-түрк Манас университетинде окуп жатып, акыркы курска келип калганда эле жакындарымдын баары "эми эмне кыласың?" дей баштады. Байкем, жеңемдердин үйүнө барсам эле “Эми качан турмушка чыгасың? Кыздын барар жери күйөө” дешет. Башында окуумду аяктайын деп койчумун. Окууну бүткөндө мындай суроолор аябай көбөйүп, туугандарыма көп жолукпай качып калдым. Курбу кыздар деле окууну бүтүп жатабыз, турмушка чыгыш керек деп кыжаалат боло беришчү. Анан убактылуу болсо да Кыргызстандан кете турууну чечтим.

Наргиза ошентип дүйнө кыдырып, ары жагы Таиландга чейин барып иштеп жүрүп азыр Түркияда эмгектенип жүргөн учуру. Мындан ары турмуш куруу планың барбы деген суроого ал дүйнө таанымы өзөргөнүн, апасы "27 жашка чыккыча турмушка чык" деп чек койгону менен күйөөнү ойлобогонун айтты.

Энелер сары санаада

Каарманыбыз байкагандай, Жапония, Тайвань, Түштүк Корея, Гонконг сыяктуу жерлерде орточо турмуш куруу жашы акыркы жылдары кескин жогорулап кеткен. Аялдар 29-30 жашта, ал эми эркектер 31-33 жашта турмуш курганы социалдык көрүнүш катары аныкталган. Ал тургай Жапонияда таптакыр турмушка чыкпаган аялдардын саны жалпы жапон аялдарынын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн. Тайванда бул көрсөткүч беш аялдын бирөөнө дал келет.

Келин, Бишкек
Келин, Бишкек

Кыз баланын бойдок жүрүүсү кыргыз коомунда анын жакындарын тынчсыздандырарын бир нече баланын апасы Кумар Эргешова да белгилейт:

- Ата-эне үчүн кыз бала өзү түтүн булатып, орун-очок алып калганы аябай жакшы да. Жакындарынын кайра-кайра сурай бергени болсо бир чети санааркап, кызынын келечеги тууралуу ойлонуп жатканынан кабар берет. Көпчүлүк учурда биздин акылдуу, билимдүү, бардык жагынан төп келген кыздарыбыздын билим деңгээли жогорулаган сайын болочок күйөөсүнө болгон талаптары да күчөй баштайт. Анан ошол талаптарга шайкеш келген адамды издеп жүрө беришип, көпчүлүгү турмушка чыга албай калып жатышат. Бул эми албетте өксүк да. Себеби ар бир нерсенин өз маалы, убагы болот. Кыздар да ошондон кечикпесе деген энелик тилегим.

Балалуу болуу башкы маселе

2050-жылга чейин Кытай менен Индияда үйлөнгөнгө аялзаты калбай калган, бойдок эркектердин саны 60 миллионго жетерин жазат Economist журналы. Бул жагдай жеке эле Кытай эмес, дүйнөдөгү демографиялык абалга да кескин таасир этет. Маселенин экономикалык жагдайы да курч. Мисалы, Азияда жалгыздыкты жактаган, никеден баш тарткан аялдардын көбүнүн материалдык абалы айрым эркектерден жогору. Ал тургай карыган ата-энесин, бир туугандарын баккан азиялык аялдар да четтен чыгат. Жапонияда бойдок аялдар аптасына 30 саат ордуна 40 саат иштеп, баласы, күйөөсү үчүн карьерасын курмандыкка чалгысы келбейт.

Алакачууга каршы өткөн акция. Каракол, 2011-жыл
Алакачууга каршы өткөн акция. Каракол, 2011-жыл

Жалал-Абад шаарынын тургуну Тазагүл Пратова да турмушка кеч чыккан кыздарга каршы эмес, болгону балалуу болуу маселеси гана артта калып калат деп өкүнөт:

- Биз эми менталитеттен чыга албайбыз. Бирок азыр заман өзгөрдү. Кыргыздын жаш кыздарынын көбү өзүн дүйнөлүк аренадан көрүүнү самап, турмушка чыкпай калып жатышат. Башкысы койгон максаттарына жетишип, билимдүү, илимдүү болушууда. Коомдо бой жүргөн кыздарды жериген менимче эски адат. Негизи менин оюмча, 25 жаштан кийин кыз киши турмуш курушу керек. Мурун кыздарды кичинекейинде эле бирөөнүн бүлөсү деп берип салышчу. Азыр билим алуусуна көп карап жатышпайбы. Бир чети жашы өтүп кете электе эне болуп калса да жакшы болмок. Балалуу болуу жагы гана кичине ойлонтот.

Каржылык эркиндикти тандаган аялдар

Азиялык аялдарда турмуш курууга карата пессимисттик көз караш курчураак дешет батыш аналитиктери. Себеби билим албаган аялдардын катмары зомбулукка учурап, укугу ар тараптан тебеленип жатканына мисал көп. Алар эрте турмуш курганы менен ар кандай кыйынчылык тартып, ден соолугунан ажырап калышууда. Ал эми каржылык эркиндигин камсыз кылган азиялыктар бул азаттыгын эркекке же үй-бүлөлүк түйшүккө тапшыруудан коркушат.

Кыргыздын жаш кыздарынын көбү өзүн дүйнөлүк аренадан көрүүнү самап, турмушка чыкпай калып жатышат. Башкысы койгон максаттарына жетишип, билимдүү, илимдүү болушууда. Коомдо бой жүргөн кыздарды жериген менимче эски адат.
Тазагүл Пратова

Нарындын Он-Арча айылынын тургуну Курманбек Жумадылов кыздардын эрте турмуш куруусун каалаганы менен өзү 35 жашка барып калса да үйлөнө элек:

- Эрте чыкса өздөрүнө эле жакшы болот го. Саламаттыгы да аксабайт. Анан карьера деп жүрүп эле көп нерседен кечигип калып жатышпайбы. Бала төрөгөнгө да кыйын болуп калса керек. Өзү курдуу, ылайыктуу киши жок болуп калып, жалгыздыкка кабылышат. Жаш өткөн сайын адамдардан издеген сапаттар, стандарттар да өзгөрөт дегендей. Менин деле тааныштарым бар. Аларга деле эрте турмушка чыккыла деп айтып келебиз. Бирок мен азыр өзүм деле отуз бештен өтүп калдым, үйлөнө албай жүрөм. Жогоруда айткандай, талаптар башкача болуп калат экен.

Топчугүл Шайдуллаева
Топчугүл Шайдуллаева

World Economic Forum уюму да жогорку билимдүү, иштеген иши жакшы, таланттуу аялдардын турмуш куруусу дүйнөдө кечеңдеп бара жатканын анализдеген. Бирок мындай жагдай кыргыз менталитетине жат экенин, мындан социалдык теңсиздик келип чыгышы мүмкүн деген пикирин социолог Топчугүл Шайдуллаева билдирип, кеч турмуш куруудан аялзаты жабыркай турган жагдайларды да санап өттү:

- Көп кыздар азыр турмушка чыкпай калып жатат. Илгерки баалуулуктан алып караганда, азыркы учурдагы кыздардын көбүн “кара далы” деп атап калышыбыз мүмкүн да. Кыздардагы өз алдынчалык, эркиндик, демократиялык баалуулуктар, биздеги салттуу көз караштардын жоголуп баратканы, анан тандоо мүмкүнчүлүгү кеңейип, тандоо эркиндиги пайда болду. Мына ушундан улам кыздарыбыз азыр дүйнө кыдырып билим алышууда. Бирок эне болуудан кечигип калып жатышат.

Кыргызстанда жашы жете элек кыздардын турмушка эрте чыгуусу өзүнчө көйгөй болуп жатканда, Улуттук статистика комитети жарандардын никеге туруу жашы улам илгерилеп бара жатканын билдирет. Быйылкы жылдагы анализ боюнча турмушка чыккан аялдардын орточо жашы 24 болсо, эркектердики 28 деп катталган. Мындай тенденция 2007-жылдан бери уланууда. Ош, Баткен, Талас облустарында эң көп үйлөнгөндөр катталса, Бишкекте кол кармашкандар азайган.

Социологдор кеч турмуш куруунун себебин билимге умтулуу, карьера жасоо жана каржылык базаны түзүү менен түшүндүрүшүүдө. 1989-жылы кыргыз аялдарынын никеге тургандагы орточо жашы 20 эле.

Борбор Азиядагы элдин никеге туруусун изилдеген ЮНИСЕФтин “Демографиялык кулк-мүнөздөгү модернизация” аттуу отчетунда эң эле эрте турмушка чыккандар экономикасы чабал Тажикстанда жана Өзбекстанда катталган. Ал эми Азербайжан, Кавказ аймагында аялдардын турмуш куруу жашы орточо 25 деп белгиленген. Андыктан социологдор кайсы бир өлкөнүн экономикасы өнүккөн сайын никеге туруу жашы да илгерилей берерин эскертишет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG