Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Диний агымдардын артында ким турат?


Сирия менен Ирактагы согуш басаңдаган сайын адистер жоочулар кайда барарына тынчсызданууда.

Кээ бир талдоочулар "согушкерлер Европаны көздөй бет алат" дешсе, башкалары "Ооганстандагы абал жоочулар үчүн ыңгайлуу" деген пикирде. Бирок кыргызстандык айрым адистер жоочулардын Ооганстанга келиши Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн коркунучтуу деп эсептешет.

“Дин, укук жана саясат” борборунун жетекчиси Кадыр Маликов Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы коопсуздукка негизинен тышкы факторлор таасир тийгизип жатканын айтты.

Кадыр Маликов.
Кадыр Маликов.

- Кыргызстандагы жана жалпы эле Борбор Азиядагы абалга сырткы жагдайлар көбүрөөк таасир тийгизип жатканын биз түшүнүшүбүз керек. Кээ бир мамлекеттер динди, тагыраак айтканда исламды колдонуу аркылуу өздөрүнүн сырткы саясатын жүргүзүүдө. Алар исламды тышкы саясатта идеологиялык долбоор катары колдонушат. Мусулман мамлекеттерине лидер болууну каалаган чоң мусулман мамлекеттери өз ара атаандашып жатышат.

Мындан сырткары, ислам дини бардык мусулман мамлекеттеринде, анын ичинде өздөрүн дүйнөбий деп эсептеген мамлекеттердин ички саясатында да негизги жагдайлардын бири. Мусулман мамлекеттери кайрадан исламдашуу жараяндарына күбө болуп жатышат. Ислам дини маданият, тарых же болбосо исламий каада-салт катары эмес, саясий фактор катары кабыл алына баштады. Ислам саясий жана экономикалык кризистерден чыгуунун жолу катары каралып жатат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы демократиянын жоктугу, социалдык теңсиздиктин өкүм сүрүшү, экономикалык, илимий-техникалык артта калуу исламга ушундай миссиянын жүктөлүшүнө түрткү болуп жаткан чагы. Муну менен катар мусулмандар Батыш мамлекеттерине исламдын душмандары жана колониалдык коркунуч катары карашат.

Ваххабизм кээ бир араб өлкөлөрүндө бийликти кармап туруш үчүн колдонулганын белгилеген Кадыр Маликовдун ою боюнча, керек болсо мусулман эмес мамлекеттер да такфиризм сыяктуу исламдык идеологияларды өз максаттарында пайдаланышат деген ойдо.

Ошол эле учурда ал кыргыз коомчулугунда диний маселелердин айынан болуп жаткан талаш-тартыштар элдин динчил мусулмандар жана дүйнөбий мусулмандар болуп бөлүнүшүнө алып барышы мүмкүн деген кооптонуусун жашырган жок.

Ислам жана саясат маселесин биз тарыхтан өчүрүп коё албайбыз. Себеби тарыхта халифат деген нерсе болгон. Халифатта белгилүү бир деңгээлде адилеттүүлүк болгон.

- Дагы бир маанилүү маселе - бул саясий ислам же исламдагы саясат маселеси. Азыр исламды саясаттан бөлүп кароого болбойт. Бирок исламдан саясатташкан исламды, тагыраак айтканда исламды саясий максатта колдонууну бөлүп караш керек. Ислам жана саясат маселесин биз тарыхтан өчүрүп коё албайбыз. Себеби тарыхта халифат деген нерсе болгон. Ислам мамлекет түптөөчү система болуп да эсептелет.

Кыргызстанда мамлекет исламды өнүктүрүүгө, ислам менен мамлекеттин мамилесин жөнгө салууга аракет кылса да, канчалаган документтер, концепциялар кабыл алынса да баары кагаз жүзүндө эле калып жатат. Чиновниктер дүйнөдө эмне болуп жатканын билишпейт жана бул маселеге советтик көз караш менен карап, толук деградацияга дуушар болуп жатышат. Диний кадрлар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын гана ойлошот. Жаштардын суроо-талабына жооп берүүдө кыйналып жатабыз. Бизге аалымдар, теологдор, илимпоздор керек. Мамлекет менен исламдын, бийлик менен мусулмандардын ортосунда ишенимди калыптандыруу зарыл.

Геосаясат боюнча адис Таалатбек Масадыков болсо экстремисттик топтордун жайылуу коркунучунун негизги себеби социалдык-экономикалык маселелерге барып такалаарын белгиледи:

Таалатбек Масадыков.
Таалатбек Масадыков.

- Коркунуч бар, бирок бул коркунуч үчүн НАТОну, Американы же Орусияны күнөөлөп кереги жок. Эң негизги себеп - бул социалдык-экономикалык проблемалардын чечилбей жатышы. Нан жок болсо, иш жок болсо, көчөдө тартип жок болсо, эл адилеттүүлүктү издей баштайт. Ушул жерде саясий максатты көздөгөн ар түрдүү оюнчулар пайда болуп жатат.

Борбор Азияга ар кайсы держава ар түрдүү карайт жана бул чөлкөм азыр талашка түшүп жаткан кез. Америка Кошмо Штаттары Борбор Азияны Орусиянын таасиринен арылтып, Ооганстан менен кошо НАТОнун кол алдына өткөргүсү келет.

Борбор Азия үчүн коркунуч азыркы учурда Ооганстан менен Пакистандын аймагында пайда болуп жатат. Мунун тарыхый өтмүшү да бар. Эске сала турган болсок, 1979-жылы Советтер Союзу Ооганстанга аскерлерин киргизгенде аларга каршы мусулмандар жалпы жихад жарыялаган эле. Бул жихадды мусулман мамлекеттери жана Батыштын бардык мамлекеттери колдогон. Бул согуштун айынан 1980-жылдан тартып Пакистанда, тагыраак айтканда ар түрдүү уруулар өз алдынча жашаган түндүк жана түштүк Вазиристанда качкындардын лагерлери пайда болгон. Ал лагерлер кийинчерээк жоочулардын лагерлерине, машыгуу лагерлерине айланган. Кыскасы бул лагерлерде талибдер, андан соң башка топтор тарбияланышкан. Илгертен бери эле ал лагерлерде өзбек туугандар, Кавказ элдеринин өкүлдөрү жашаган.

Качкындардын лагерлери жөндөн-жөн эле согушчандардын лагерине айланбай турганын айткан Масадыков алардын артында белгилүү күчтөр болгонун, негизи эле дайыма терроризмди колдогондор чыгаарын эске салып, Пакистан менен Ооганстандагы качкындардын лагерлерине акча жана курал-жарак берилгенин баса белгиледи.

"Ислам мамлекети" уюмуна да курал-жарак берилип, колдоо көрсөтүлгөнүн эске салган Масадыков "бул уюмга мындан ары Ооганстанда колдоо көрсөтүлөт жана ал Борбор Азия мамлекеттери үчүн коркунуч туудурат" деген божомолун ортого салды:

- Булардын баары бир жерден экинчи жерге которулуп, көчүп турган өзүнчө долбоор болуп эсептелет. Буга окшогон долбоорлорго жаштардын кошулуп жатканына ар түрдүү себептер бар. Кээ бирлери жумуш издеп барса, кээ бирлерин бийлик таарынткан. Негизинен адилеттүүлүктү издегендер кетип жатышат. Билбей ал жакка барып калгандар да аз эмес. Бул жерде эң чоң кемчилик мамлекеттик, өкмөттүк түзүмдөрдө деп эсептейм. Эгер алар маселени ушул жерде чечишсе, көңүл бөлүшсө, коррупция болбосо, мындай нерсе болмок эмес. Жарандарыбыздын тигил же бул уюмга кирип кетишине биз өзүбүз күнөөлүүбүз.

Ооганстандын түндүк аймактарында жоочулардын лагерлери пайда болуп жатканын массалык маалымат каражаттары байма-бай айтып жатканына байланыштуу "Бул топторду ким колдоп жатат?" деген суроо туулат. Масадыков бул боюнча өз божомолун билдирди:

Биздин күч органдары бул коркунучтардын алдын алууну эмес, өз чөнтөгүн ойлоп отурушат.

- Ооганстандын аба аймагын биринчи кезекте НАТОнун күчтөрү көзөмөлдөйт. Анда аныктоого мүмкүн болбогон учактар жана тик учактар кандайча жоочуларды жана керектүү курал-жаракты Ооганстандын түндүгүнө ташып келүүдө? Ким колдоп жатат бул нерсени? Бул жоочулар эртең эле бизге кол салат деп айтуудан алысмын. Бирок коркунуч күчөп баратат.

Биздин күч органдары бул коркунучтардын алдын алууну эмес, өз чөнтөгүн ойлоп отурушат. Алардын арасында жакшылары жокпу? Бар. Бирок чечим кабыл алуучулар жеке кызыкчылыгын гана ойлошот. Алар мындай коркунуч бар экенине жана жагымсыз окуялар тез аранын ичинде болуп кетишине ишенишпейт.

Талдоочулар Кыргызстанда иш алып барып жаткан диний агымдардын жана топтордун коопсуздукка тийгизген таасири жөнүндө маселе көтөрүп келатышат. "Дегинкисин "Таблиги жамаат", салафийлер коомго пайда алып келип жатабы же зыянбы?" деген суроолорго Таалатбек Масадыков мындай жооп берди:

Акимге: "Сен эмне үчүн жума намазга барбадың?" деп сурашса, аким "эмдиги жума намазга сөзсүз барам" деп отурат.

- "Булар биз үчүн керекпи?" деген суроого мен өзүм да жооп таба элекмин. Менин байкоомо караганда, биздин күч органдарыбыз да жамааттарга ыктап, ар кимиси ар башка жамаатты колдоп алышкан. Кээ бир күч түзүмдөрү "Таблиги жамаатты" колдосо, кээ бирлери салафиттерди колдошот. Ал эми түштүк тарапта ваххабийлер жергиликтүү бийликти башкарып алыптыр. Акимге: "Сен эмне үчүн жума намазга барбадың?" деп сурашса, аким: "Кийинки жума намазга сөзсүз барам" деп отурат. Коркунуч бар жана бул коркунуч күндөн күнгө күчөп баратат.

Эксперттер жаңы шайланган президенттин дин саясатын кантип жүргүзөөрү жана анын араб өлкөлөрү менен мамилеси тууралуу да пикирлерин билдиришүүдө. Саясий эксперт Бакыт Бакетаев Сооронбай Жээнбековдун өлкөнү таптакыр исламдаштыруу боюнча саясат жүргүзбөй турганын мындайча белгиледи:

Бакыт Бакетаев.
Бакыт Бакетаев.

- Мамлекеттик башкаруу убакыттын өтүшү менен тигил же бул маселени чечиш үчүн белгилүү деңгээлде жөндөм жана жол жобо иштеп чыгып, калыптандырат. Трамп Америкада бийликке келээрде элдин баары "эмне болот" деп коркуп жаткан. Бирок ал келгенден кийин көп деле өзгөрүү болгон жок жана Трамп Американын калыптанган мамлекеттик саясаттын улантып жатат. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун келиши менен мамлекетибиздин исламга карата мамилеси катуу өзгөрбөйт деп ишенимдүү айта алам. Мен Сооронбай Шарипович менен он жыл Жогорку Кеңеште чогуу иштештим, аны дүйнөбий жана гуманист адам катары жакшы тааныйм. Ал динге ишенет, бирок фундаменталисттик деңгээлде эмес. Ошондуктан мен келечекте Кыргызстан ар түрдүү дин өкүлдөрү жашаган жакшы бир дүйнөбий мамлекет болот деп эсептейм. Мисалы, мен коммунистмин, мурда атеист элем. Мага окшогондор Кыргызстанда көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG