Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:34

Кажы-Сайда баптисттердин сыйынуу үйү өрттөндү


Кажы-Сайдагы өрттөнгөн сыйынуу үйү.
Кажы-Сайдагы өрттөнгөн сыйынуу үйү.

Тоң районундагы Кажы-Сай шаарчасында 3-январда баптисттердин сыйынуучу жайы күйүп кетти. Жергиликтүү эл арасында өрттү "башка диний ишенимдерге жасалган сабырсыз мамиле" дегендер да, аны кокустук катары баалагандар да бар.

Кажы-Сайдагы протестанттык ишенимдеги баптисттердин сыйынуу үйүндө 2-январдан 3-январга караган түнү өрт чыккан. Өрт учурунда эч ким жабыркабаганын Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады. Сыйынуу үйүнүн кароолчусу "имараттын ичинде эч ким жок болчу" деп билдирди. Бирок өрттүн так себеби аныктала элек.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, окуяны Тоң райондук ички иштер бөлүмү иликтеп жатат.

- Кырсыктын себеби экспертизанын жыйынтыгы чыкканда белгилүү болот. Каза болгондор жана өрттөн жабыркагандар жок, - деди ал.

Ошондой болсо да Кыргызстандагы Евангелиялык-христан чиркөөлөр ассоциациясынын төрагасы Александр Шумилин окуяны христиан динине өтүп жаткандарга каршы маанай менен байланыштырды.

Ал жайдагы топтолуп жаткандар менен жергиликтүү жаштар бир сыйра айтышып кетишкен экен.

- Бул кокустук эмес. "Ичине кара май куюлган шишелер ыргытылган" деп айтып беришти. Жарым жыл мурда шыйпыр чатырга чоң таштарды ыргытып кетишкен. Анын үстүнө ушул тапта баптисттердин сыйынуу убагы болуп жатат. Ал жайдагы топтолуп жаткандар менен жергиликтүү жаштар бир сыйра айтышып кетишкен экен. Сыйынуу жайынын бир чоң залы толугу менен күйүп кетиптир. Бирок бактыга жараша өрт өчүргүчтөр келгенче эле өзү өчүп калыптыр. Азыр эми укук коргоо органдарынын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Жергиликтүү баптисттер менен сүйлөштүм. Кырдаал тынч, тополоң кылышкан жок.

Шумилин өрт чыккан сыйынуу жайына канча киши барарын коопсуздук маселесинен улам айткан жок. Ал жакын арада кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлүп, кошумча акча жыйналып, сыйынуу жайы оңдолорун айта кетти.

Кажы-Сайда өрттөнгөн сыйынуу үйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:21 0:00

Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн жетекчилиги сыйынуу үйүндө чыккан өрттүн себебин дин аралык кастык менен байланыштырууга негиз жок деп эсептейт. Айыл өкмөтүнүн башчысы Памир Кутуев андай болсо сыйынуу жайы мурда деле өрттөнмөк деген ойдо.

Кажы-Сайда ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар бири-бири менен ынтымакта эле турушат.

- Сыйынуу үйү Советтер Союзу урагандан бери турат. Атайын өрттөйүн десе мурда эле өрттөп кетишмек. Дин аралык себеп жок го. Күбөлөрдүн жоктугу окуянын себебин иликтөөгө тоскоолдук кылып жатат. Анын үстүнө Кажы-Сайда ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Алар бири-бири менен ынтымакта эле турушат. Буга чейин уруш-талаш болгон эмес.

Укук коргоочу Жанара Аскер кызы диний азчылыктын өкүлдөрү кодуланган учурлар арбын деп эсептейт:

- Кажы-Сайдагы факты жалгыз эмес, Кыргызстанда мындай окуялар кез-кез болуп турат. Башка динди туткандарга карата кол салуулар, башка мыйзамсыз иштер болуп келген. Токтогул шаарчасында жахаба динин туткан адамдардын сыйынуу үйүн өрттөп салган окуя орун алган. Ала-Букада болсо маркумду жерге бербей үч жолу кайра казып чыгарып салышкан. Мындан башка да маркумдун сөөгүн жерге бердирбей, тоскоол болгон окуялар Кыргызстанда тез-тез болуп жатат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Алтынбек Эркинбаевдин оюнча, бул сыяктуу окуяларды диндер ортосундагы кастык катары кароого болбойт:

- Эскертип коё турган нерсе, айтылып жаткан фактыларды жалпы ислам дининдегилер христиан динин туткандарга кастык кылып жаткандай кабыл алып, түшүнбөшүбүз керек. “Ислам динин карманган кээ бир сабатсыз адамдардын аракеттеринен ушундай болууда” десек туура болот. Бирок, 1990-2000-жылдарга караганда Кыргызстандагы диний сабаттуулук бир топ жакшырды, жакшы жолго коюлууда. Кырдаал көзөмөлдө, маселелерди чечсе болот. Себеби мурунку учурларда эл арасында түшүндүрүү иштери аз болгон, азыр көп болууда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан каттоодон өтүп, Кыргызстанда расмий иш жүргүзүп жаткан 2330дай диний мекеме бар. Буга коомдук уюмдар, бирикмелер, фонддор, окуу жайлар, мечиттер, медреселер, чиркөөлөр жана ибадатканалар кирет. Анын 1900дөйү ислам багытындагы уюмдар жана мечиттер болсо, 370 уюм христиан динине таандык. Христиан дининдеги уюмдардын басымдуу бөлүгүн протестанттык багыттагы мекемелер түзөт.​

Кажы-Сайдагы окуя жана Кыргызстандагы диндер ортосундагы мамиле "Азаттыктын" “Арай көз чарай” берүүсүндө да талкууланды.​ Аны толугу менен төмөнкү аудиодон угуңуз:

Сабаттуулук диний араздашууга жол бербейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:38 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG