Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

Атасынын сөөгүн беш күн жерге бере албай... 


Мүрзө казылып жаткан учур. 23-январь, 2012-ж.
Мүрзө казылып жаткан учур. 23-январь, 2012-ж.

Бишкек шаарында жана жаңы конуштарда көзү өткөн адамга көрүстөн табуу, сөөктү жерге жашыруу түмөн түйшүктөр менен коштолот. Жакын адамын жоготуп, жаны кейип турган адамды "өлгөндүн үстүнө көмгөн" кылып, көрүстөндөрдө жайдын баасы 10 миңден 30 миң сомду чапчыйт.

Бишкекте көрүстөн жайы канча турат?

Бүгүнкү күндө каза болгондорду жерге берүү өтө кымбатка турат. Мүрзө жайлардын баасы дагы жайгашкан жерине карата көпчүлүк жергиликтүү тургундар үчүн өлчөнөт. Мисалы, Маевка айылындагы көрүстөндүн баасы 12-15 миң сом болсо, Ленинский, Ново-Покровка, Военно-Антоновка сыяктуу чет жакадагы айылдарда маркумдун жайын 18 миңге чейинки сомго сатып алса болот. Ал эми шаардын ичинде жайгашкан Арча-Бешик конушунда сөөктү көмгөн жай 20 миң сом турса, 300 кишинин сөөгүнө эсептелген “Түштүк-Батыш” көрүстөнүндөгү жайлар толуп калгандыктан, бейит ордунун баасы кымбаттап, 28 миң сомго чейин чыгып кеткен.

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо-3 конушунун тургуну Жоодар Качыкеевдин башына салганды башкаларга салбасын!

Мындан эки ай мурун атасынан ажырап, аскасы кулаган адам, атасы үчүн үч күн издеп, эки күн күткөн көрүстөндү Сокулук районунан 20 миң сомго сатып алган. Айласын алты алган айыл өкмөтү акча талап кылгандан тышкары маркумдун жашаган жеринен атайын кат сураган. Натыйжада аптаптуу август күндөрүндө сөөк беш күн жерге берилбей, боз үйдө жатып калган.

Башынан өткөн бул окуяга кабыргасы кайышып, жаны кейиген Жоодар Качыкеев төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Атам Арча-Бешик конушунда мыйзамдуу каттоодо турган. “Түштүк-Батыш” көрүстөнүнөн тааныштар аркылуу жер суратсак, 25 миң сом сурашты. Атам күтүүсүз күндө өтүп кеткендиги үчүн андай суммадагы акча жок болчу. Айылга алып кеткенге андан бетер шартым жок эле. Жамандык ар кимдин башында бар эмеспи. Кошуналарым кошулуп берген кошумча акчаны ары тартып, бери тартып жатып, тааныштан тааныш салып, Сокулук районунан 20 миң сомго араң бейит ордун сатып алдым. Мындан тышкары көрүстөндү казган эки жигитке да үч миң сомдон алты миң сом карматтым. Акчанын чогулушу, көрүстөндүн табылышы менен атамдын сөөгү боз үйдө беш күндөй жатып калды.

Кошумчалай кетчү нерсе, көз жумган адам Арча-Бешик конушунда мыйзамдуу каттоодо турган. Андыктан жай үчүн эң көп дегенде төрт жарым миң сом гана төлөнүшү керек эле. Бирок иш жүзүндө жайдын баасы эки эсе кымбатка турганын билдик.

Кыскасы, кошумча төлөнгөн 15 миң сом үчүн эч кандай кагаз жазып беришкен эмес. Маркумдун үй-бүлөсү жай үчүн расмий канча сом төлөнүшү керек экенин ошого чейин билишпептир. Бөтөнчө кабыргасы кайышып турганда аки-чүкүсүнө анчейин көңүл бурулбай калат тура. Бирок колу жукалар, же колунда жоктор кандай абалга кабылаары түшүнүктүү болсо керек?

Ашка жүк, башка жүк

Он жылдан бери Чүйдө жашаган Нурай Тилекованын сегиз ай мурда төрөгөн ымыркайы төрөтканада эле чарчап калган. Наристени күнүнөн калтырбай Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы көрүстөнгө алып барып коюшкан. Ата-эне сөөктү жерге берүү зыйнатынан кайтып келе жатканда, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү астынан чыгып, жай үчүн табалап акча талап кылган.

- Кычыраган кыштын күнүндө балам Нуртилек Айтбаев төрөлгөнүнө он мүнөт өтүп-өтпөй жүрөгү токтоп калды. Көрө турган тун балабызды тагдыр минтип оңой-олтоң эле колубуздан жулуп алганы жолдошум экөөбүздү тең соолутту. Балабыздын сөөгүн эки күндөн кийин эле Беш-Күңгөй айылынын жайына койдук. Көрүстөндөн көп узабай басканыбызда тоо этегинде күтүп турган жергиликтүү айыл өкмөтүнүн үч мүчөсү тосуп алды. Астыбыздан чыгышып, дароо эле көрүстөндүн баасын айтышып, соодалаша кетишти. Жолдошум Нуралы Айтбаев жайда жаңы төрөлгөн ымыркай жатканын, алар талап кылган кызыл акчанын жоктугун айтып, талаша кетти. Бирок, ак кагаз көрсөтүп, жулунуп турушса, айлаң жок айткан акчаны берет экенсиң. Сураган суммаларын үч күн ичинде кредит алып жаптык, – дейт Н. Айтбаева.

Байтикке жатам десең, 20 миң сом камда

Баш калаанын тегерек-четиндеги көрүстөндөрдүн ичинен Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Байтик айылынын жайлары эң кымбат, абройлуу деп эсептелет.

Башка көрүстөндөрдөн айырмаланып, шаарга жакын жайгашкан Байтик көрүстөнү тоонун боорунда сейил багынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Ошондуктан бир жагынан таза, экинчиден, тоо койнунан орун алган Байтикте көрүстөн баасы башка жерлерден кыйла кымбат турат. Бул көрүстөн Байтик айылына караштуу.

Анткен менен бул жердеги жайлар шаардыктарга жана жергиликтүүлөргө деп, экиге бөлүнгөнүнө карабай, жайдын көбүн шаардыктар сатып алышат. Ошондуктан аталган көрүстөндөн жай сатып алууга суроо-талап көп. Ошентсе да Байтик айыл өкмөт башчысы Максат Абдразаков жергиликтүү тургундарга бейит бекер берилерин белгиледи. "Ал эми шаардыктарга жай башы 20 миң сомго сатылат", дейт М. Абдразаков:

- Биринчиден, шаардын ичиндеги жердин аздыгынан эл чет жактарга коё башташты. Экинчиден, "Байтиктин жери ыйык жер" деп шаардыктар биз жакка койгонго аракет кылышат. Жергиликтүү эл жайды бекер алат, ал эми шаардан, башка жактан келгендерге 20 миң сом. Себеби башка жерден келип койгондор көбөйүп, анын аркасы менен жер тарып бараткандыктан, бул бааны айылдык кеңештин депутаттары койгон. Ал эми жайды казганы үчүн ошол жердеги балдар менен келишип чечип алышат, – дейт айыл өкмөттүн башчысы.

Бишкек шаардык сөөк коюу боюнча мекемеси билдиргендей, мыйзам боюнча сөөк коюуга мусулмандар үчүн 10 чарчы метр, христиандар үчүн 5 чарчы метр жер акысыз берилет. Болгону көрүстөндүн көр казуу кызматы үчүн атайын бекитилген төлөм бар. Бул баа мусулмандар үчүн 7510 сом 58 тыйынды, христиандар үчүн 5905 сом 22 тыйынды түзөт.

Анда эмнеге жарандар каза болгон жакынына жай алыш үчүн 20-30 миң сомдон берүүгө аргасыз болууда?

Бул суроо менен “Түштүк-Батыш” көрүстөнүнүн жетекчиси Бакыт Кыдыргычевге кайрылдык.

- Биздин эл тааныш аркылуу иш бүтүргөндү жакшы көрөт эмеспи. Көрүстөндүн жетекчилигине түз эле кайрылгандын ордуна ортого киши салышат. Биз сөөк коюуга уруксат берерибиз менен ортомчу кишиси аларга барып, көр казыш үчүн төлөнчү акчанын үстүнө кошуп, олчойгон сумманы талап кылышы мүмкүн. Андай шылуундар толтура. Ошентип биз жаман көрүнүп жатабыз. Сөөк коюу кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишканалар расмий баадан тышкары өз кызматы үчүн дагы төлөм алат. Андан көрө бизге түз кайрылсын, сөөк коюуга расмий төлөмдөн башка акча берилбеши керек, - деди Кыдыргычев.

Шарият көрүстөндөрдү кайра иштетүүгө уруксат берет

Шариятта сөөк жок болуп кеткенден кийин ордун иштетүүгө уруксат берилет. Ошондуктан көп мусулман өлкөлөрүндө бир нече жылдардан кийин сөөк коюлган жерди кайра колдонуу жүрүмү кадимки көрүнүшкө айланган. Ал эми шаарларда көрүстөндөгү бейит орунунун сатылышына ислам караманча каршы.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бахтияр шариятта бардык нерсе пенделердин пайдасына колдонулушу керек экенин белгилейт.

- Шариятта көмүлгөндөн кийин сөөк канча жылда жок болуп кетет, ошого жараша иш кылынат. Мисалы, 40-50 жылда көмүлгөн сөөк жок болуп кетсе, анда ал жерди иштетүүгө шарият жол берет. А эгер сөөк ошол бойдон калса, ага тийүүгө болбойт. Анын жок болуп кетиши жер шартына, климатка жараша болот. Мисалы, нымдуу климат болсо, балким тезирээк жок болуп, топуракка айланып кетет. Ал эми учурдагы көрүстөндөрдүн бейит жайларынын сатылышына албетте, ислам каршы. Бирок, айла барбы, учур ушуну талап кылып турат. Бул муктаждык элдин көптүгүнөн, жердин тардыгынан чыгып жатат. Мамлекет ушул маселени азыр чечип, чара көрбөсө, кийинчерээк кеч болуп калышы ыктымал, – дейт Бахтияр.

Мүрзөнү башка максатта колдонууга бут тоскон кийинки маселе - кабат-кабат күмбөздөр. Адистер бекем материалдан курулган күмбөздөр сөөктөн да узак турушу мүмкүн экенин айтышат. Бахтиярдын айтымында, кымбат таштардан күмбөз орнотуу жөрөлгөсү мусулман дининин талабына туура келбейт.

- Шариятта сөөктүн ордун белгилей турган таш же башка бир нерсе койсо болот. Өтө ысырапкерчиликтин кереги жок. Сыйлайм, урматтайм деген адамга тирүү кезинде сый көрсөтүш керек. Адам бул жалганда түбөлүктүү эмес. Көзү өткөн адамга кымбат баалуу мармар таш койдуруу эч нерсеге татыбайт. Каза болгондон кийин жаны кетип, сөөгү калат. Сөөк болсо кайра эле топуракка айланат, - дейт Бахтияр мырза.

Албетте, көрүстөндүн ордун дароо эле түрттүрүп кирүү, балким, осолураак болор. "Бирок, алгач анын ордун бакчага айлантып, гүлзарга айлантып, же түздөп эгин айдатып, андан дагы бир канча жыл өткөндө курулушка колдонууга неге болбосун?" - деген ойлор көп.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө көрүстөндөрдөгү мүрзө орундарын сатуу жана сөөк коюу жөрөлгөлөрү боюнча атайын мыйзамдар бар. Маселен, Орусияда көрүстөн маселесин атайын федералдык мыйзам жөнгө салат. Жай үчүн маркумдун жакындары жыл сайын белгилүү бир суммада ижара төлөп турушат. Эстонияда жаңы жылдан тартып күчүнө кирген мыйзамга ылайык көрүстөндөрдөгү мүрзө орундарын 75 жылдан кийин кайрадан колдонууга уруксат берилет. Түркияда болсо 25 жылдан кийин ошол эле жайларга башка адамдардын сөөктөрү коюла берет жана мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Баарыбыздын барар жерибиз ошол жак демекчи, өкмөттү да, жергиликтүү бийликтерди да, ар бир кыргызстандык пендени да ойго сала турган дагы бир көйгөй бышып турган чак.

Асел Шамилова,

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

Редактордон. Жаш калемгерге таандык бул өзгөчө кызыктуу макалада жемкордук көйгөйү да чагылдырылган. Албетте, мында козголгон татаал маселелерге бир беткей кароого болбойт.

Айрым мамлекеттерде сөөк өрттөө ыкмалары да колдонулат, бирок басымдуу көпчүлүк мусулман мамлекеттеринде мусулмандар үчүн азырынча бул усулга жол жок. Салт деген - салт. Анда ар элдин өзгөчө тагдыры да бар. Сауд Арапстандагы салтты Теңир-Тоого дүңүнөн таңуулоо да талаш-тартыштуу.

Ошону менен катар, кылымдар карытып сакталган мүрзө таштар жана башка мүрзөдөгү эстеликтер, күмбөздөр - жалаң гана маркумдун жакындары үчүн эле эмес, жалпы адамзат үчүн да көөнөргүс тарыхый эстеликке, эч баа жеткис мураска айланганын белгилөө керек. 75 жылдан көп болуп кетти деп Таластагы Манастын күмбөзүнө кол тийгизе алабызбы? Эч качан!

Демек, бул маселеге бир гана диний көз караш, каржылык зарылчылык жана алыска үңүлбөгөн пенделик менен мамиле кылбоо керек, дешет тарыхчы адистер. Сиздердин омоктуу ой-пикирлериңизди күтөбүз, урматтуу окурмандар!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG