Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Казакстанда он киши террорчулук боюнча айыпталды


Карабулак айылындагы мечит.
Карабулак айылындагы мечит.

Казакстандын түштүгүндөгү Сайрам районунда "террорчулукту жайылтууга" жана "диний кастыкты козутууга" шектелип кармалган он адам 20-ноябрда эки айга камакка алынды.

Түштүк-Казакстан облусунун Сайрам районунда жана Шымкент шаарында 16-ноябрда өткөрүлгөн атайын операциянын алкагында 11 жергиликтүү тургун "террорчулукту жайылтуу" жана "диний кастыкты козутуу" деген шек менен кармалган.

Улуттук коопсуздук кызматынын облустук бөлүмү билдиргендей, кармалгандар "WhatsApp", "Telegram" жана башка социалдык тармактар аркылуу "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жана башка радикал уюмдардын идеологиясын жайылтып жүрүшкөн деп шек саналууда.

17-ноябрдын кечинде Шымкент шаарына караштуу Ал-Фараби райондук соту 10 адамды тергөө бүткөнчө эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

Шымкент шаарына караштуу Ал-Фараби райондук сотунун кире бериши.
Шымкент шаарына караштуу Ал-Фараби райондук сотунун кире бериши.

Судья Гани Байарыстындын айтымында, кармалгандардын бирөө жашы жете элек болгондуктан камакка алынган жок.

- Шектелгендер Сайрам районунун Карабулак жана Манкент айылдарынын тургундары. Алар сотто Интернеттеги социалдык тармактарда атайын баракча ачып, топ түзүп видеороликтерди жайылтып жүрүшкөнүн моюнга алышты. Шектүүлөрдүн айтымында, алар бул видеолор террорчулук менен экстремизмге үгүттөп жатканын жана бул чоң кылмыш экенин билишкен эмес.

Сот жана Коопсуздук кызматынын облустук департаменти бул видеолор тууралуу кошумча маалымат берүүдөн баш тартышты. Кармалгандардын арасында айылдын имамы да бар. Судьянын айтымында, аттары аталган жарандар кармалганга чейин эле социалдык тармактарда таратылган материалдар тиешелүү экспертизага берилген. Соттун чечими 20-ноябрда күчүнө кирди.

Сөз болуп жаткан Сайрам районунун Карабулак айылы Шымкент шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул айылда негизинен өзбек улутундагы адамдар отурукташкан. Кармалгандардын бири Фарух Юлдашевдин энеси Назокат Юлдашеванын айтымында, уулун жергиликтүүлөр айылдын имамы кылып шайлашкан. Ал менчик үйлөрдүн биринде ачылган мечитте иштечү.

- Саат таңкы алтыда бир нече беткапчан киши үйгө кирип келди. Алар үй-жайды чатырдан өйдө тинтишти. Баламдын колуна кишен салып, алып кетишти. Мен эсимди жоготуп жыгылдым. Фарух төрт уулумдун кичүүсү, үйлөнө элек.

Кармалгандардын биринин энеси Назокат Юлдашева.
Кармалгандардын биринин энеси Назокат Юлдашева.

​Шектүүлөрдүн дагы бири Гафур Парпиевдин энеси Клара улуу мындай ишке барганына ишенбейт.

- Эртең мененки нанүштөнү баштай элек болчубуз. Көз ачып-жумгуча эле үй полициячыларга толуп кетти. Мен нес болуп калдым. Баарын тинтишти. Менин уулум бирөөнүн тилине кирип кетчүдөй жаш бала эмес. Ал олуттуу адам, үч кыздын атасы. Таң атпай ишине кетип, кеч күүгүмдө кайтат. Күнүгө беш маал намаз окуйт. Эч кимге жамандык каалабайт.

Түштүк Казакстан облусунун Дин иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Батырбек Жалмырзаев февраль айында "Азаттыктын" казак кызматы менен болгон маегинде Шымкент шаарында, Сарыагаш районунда салафи агымынын жактоочулары көп кездешерин айткан. Быйыл жайында Сайрам районундагы диний коомчулуктун өкүлдөрү да Интернет аркылуу террочулуктун идеологиясын жайылтканы үчүн айыпталышкан.

"Эл аралык абак реформалары" уюмунун статистикасына ылайык, Казакстанда экстремизм жана террорчулук боюнча айыпталып, соттолгондор көбөйүүдө. Эгер 2014-жылы алардын саны 154 болсо, 2016-жылы 554кө жеткен. Ал эми 2017-жылдын биринчи беш айындагы көрсөткүчтөргө караганда, казак абактарындагы динчилдердин саны 3500ге жетсе, алардын 763ү салафи агымынын жактоочулары болгон, ал эми 90 киши радикалдык позициясында калганы айтылган.

Былтыр июнда Актөбө жана Алматы шаарларында болгон куралдуу чабуулдардан кийин Казакстанда Дин жана жарандык коом иштери боюнча министрлик ачылган. Бир жыл ичинде министрлик "Диний ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоорун сунуш кылган.

Анда мамлекеттик кызматкерлерге иш маалында жума намазга же дагы башка диний жайларга барууга тыюу салуу, динге байланыштуу мыйзам бузгандардын жазасын күчөтүү сыяктуу жоболор каралган.

Ошондой эле диний чөйрөдө мыйзам бузгандарга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүп, жазаны күчөтүү да сунуш кылынган. Маселен, диний себептерден улам баласын эмдетпеген ата-энелер 70 долларга жакын айыппул төлөшү абзел. Диний бирикмелердин жетекчилери өз иштерине жашы жете элек балдарды ата-энесинин уруксаты жок аралаштырса 650 доллардан ашык айып пул салынышы мүмкүн.

Башка мамлекетте диний билим алууга адегенде Казакстанда диний билим алгандан кийин гана уруксат берилет. Мыйзам долбоорунда динге берилген адамдар менен кошо атеисттердин укугун коргоо да каралган. Мисалы, дин жолунда жүргөндөргө да, атеисттерге да акарат келтиргендер 700 доллардан 2000 долларга чейин акчасынан айрылат.

Айрым жарандар муну диний эркиндикти чектөө катары да сыпатташкан. Азырынча мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жете элек. Анткен менен министрликтин сайтында жарыяланган. Быйыл жыл башында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев айрым казак жарандарынын сакал коюп, кыска шым кийип жүргөнү казак салтына жана элине жат экенин белгилеп, буга мыйзам чегинде тыюу салууну сунуш кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG