Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:07

Казакстандын Дин иштери жана жарандык коом боюнча мамлекеттик комитети намазканалар боюнча жаңы эреже киргизди.

Ага ылайык, темир жолдо, автобекеттерде, аэропорттордо жана порттордо намаз окуй турган жайларды ачууга уруксат берилди.

Расмий Астана мындан алты жыл мурун мамлекеттик жана коомдук жайларда намазканаларды ачууга таптакыр тыюу салган болчу. Бул кызуу талкуу жараткан жана жарандардын дин эркиндиги чектелип жатат деген дооматтар айтылган.

Ал арада Казакстанда ушул тушта мамлекеттик кызматкерлерге иш учурунда жума намазга барышына тыюу салган мыйзам долбоор талкууланып жатат.

Азыркы мыйзам боюнча намазканалар мамлекеттик мекемелерден, мектеп, ооруканалардан кеминде 300 метр алыс болушу керек. Дин иштери жана жарандык коом боюнча мамлекеттик комитеттин жаңы эрежесине ылайык, мындай чектөө светтик билим берүү жайларына гана тиешелүү. Ал эми мамлекеттик мекемелердин, абактардын ичинде намаз окуй турган жайларды ачууга дагы деле болбойт.

Казакстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчи орун басары Серкибай ажы Ораз эреже киргенден кийин анда көрсөтүлгөн жерлердин баарында намазканалар ачылып жатат деп ишендирди. Мисалы, Астана шаарындагы аба майданда да намазкана бар экенин айтты:

- Мен кечээ түнү эле Алматыдан учуп келдим. Экинчи кабаттагы дарыкана турган жерде намазкана бар.

"Азаттыктын" казак кызматы ушул эле күнү Астанада аэропортко барып намазкана таппай келди. Аба майдандын маалымат берчү бөлүмү дагы намазкана жок экенин бышыктады. Казак кесиптештер шаардагы автобекеттерде, темир жол вокзалында да азырынча намазкана ачыла электигин иликтешти.

Астанадагы аба бекет.
Астанадагы аба бекет.

Саясат таануучу Талгат Мамарайымовдун пикиринде, коомдук жайларда намазканаларды кайра ачуу демилгесинин артында кайсы бир топтор турат. Анын баамында, маселен, салафизм өңдүү диний агымдарды бийликтеги айрым бир таасирлүү адамдар да колдойт:

- Бирок бул баары бир дин тутуу эркиндиги, диний ишеним укугу бузулуп жатат деген маселени жокко чыгарбайт. Диний маселе боюнча бийликтеги элиталардын ортосунда таасир бөлүшүү жүрүп жатат. Бул маселе өлкөдөгү кудум азыркы саясий абалды чагылдырат. Бийлик өз бийлигин дагы чыңдоого алып келген жагдайларды шашыла издеп жатат. Аларга өздөрүнүн укугун кеңейтүү үчүн дагы кошумча күч керек.

Эксперт террор коркунучу тууралуу бийликтер көбүртүп-жабыртып келишкенин кошумчалады. Намазканаларды кайра ачууга уруксат берилишин демократиялык оң өзгөрүүлөрдүн алкагында карабоо керектигин эскертти.

Мындай пикирге талдоочу Ислам Кураев да кошулат. Анын баамында, намазканаларды диний террорчулук менен байланыштыруу жаңылыштык:

- Бул тема жалпыга маалымдоо каражаттарында өтө популярдуу жана журналисттер өз ишин кылышты. Бийлик өз кезегинде буга үн катып, коркунуч тууралуу ашыкча айтып баштады. Намаз окугандын баарын эле радикал же анын курмандыгы деп караганга болбойт. Кандай болгон күндө да террорчулардын улуту да, дини да жок. Ошондуктан маселени ушул өңүттөн кароо туура эмес. Азыр эми намазканаларды кээ бир коомдук жайларда ачууга уруксат берип жатышат. Дүйнөлүк тажрыйбада бул "таттуу токоч жана камчы" деп аталат. Бул бир жагынан мамлекет бурчка такап жатат, экинчи жагынан "баары андай деле жаман эмес" деп башынан сылап койгонго окшошуп турат.

Мындан алты жыл мурун "Диний ишмердүүлүк жана диний бирикмелер тууралуу" мыйзамга өзгөртүү кирген жана ага ылайык, мамлекеттик мекемелердеги, карылар үйүндөгү жана түрмөлөрдөгү намазканалардын баары жапырт жабылган. Андай жайлар китепканалар, тарбиялык иш-чаралар өтчү бөлмөлөргө жана башка жайларга айланган.

Ушул тушта Казакстанда аталаган мыйзамды дагы өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Дин иштери жана жарандык коом боюнча министр Нурлан Ермекбаев анда эң ириде мамлекеттик кызматкерлерге жумуш маалында жума намазга баруусуна тыюу салуу өңдүү чара киргизилгени жатканын маалымдаган:

- Жумуш маалында мечитке, чиркөөгө же дагы башка диний жайларга барууну тыюу маселеси буга чейин Эмгек кодекси жана Мамлекеттик кызматкердин этикасынын алкагында каралып келген. Азыр Этика кодексин бузгандардын жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштар айтылып жатат. Жоопкерчиликти кароо үчүн мыйзамда ошондой жобо болушу керек. Балким мындай жобо мыйзамга кирип калышы ыктымал. Азыр бул маселе талкууланып жатат.

Нурлан Ермекбаев.
Нурлан Ермекбаев.

Буга чейин президент Нурсултан Назарбаев дин чөйрөсүн тартипке салууну тапшырган. Айрыкча узун сакал коюп, кара түстө кийингендерди кескин сынга алган жайы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG