Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Казакстан: Өкмөттүк жайларда намазканалар жабылат


Казакстанда дин боюнча жаңы мыйзам кызуу талашка түштү. Казак парламентинин төмөнкү палатасы - мажлис бул аптада мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Байкоочулар анын айрым жоболору атуулдардын дин тутуу эркиндигин чектей тургандыгын айтышса, расмий өкүлдөр муну диний экстремизмге каршы күрөшүү зарылдыгы менен түшүндүрүүдө.

Казакстанда дин боюнча алгачкы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган эле. Андан бери документ бир нече ирет өзгөртүлгөн.

Бул жолу мыйзамдын ичи эле эмес, анын аталышы да алмаштырылууда. Эгер аракеттеги мыйзам “Диний ишеним эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” деп аталса, жаңы документ “Диний ишмердик жана диний бирикмелер жөнүндө” деп өзгөртүлдү.

Каттоо үчүн талап күчөйт

Казакстандын Дин иштери боюнча агенттигинин башчысы Кайрат Лама Шарифтин айтымында, негизги жаңылыктардын бири – диний бирикмелердин макамынын аныкталышы. Мындан ары диний бирикменин аты анын багытын жана макамын кошо камтуусу керек.

Укук коргоочу, Казакстандагы Хельсинки комитетинин президенти Нинел Фокинанын “Азаттыкка” маалымдашынча, мыйзамдын көпчүлүк жоболору өлкө кол койгон эл аралык документтерге кайчы чыгууда:

Нинель Фокина
- Диний ишеним эркиндиги жөнүндөгү түшүнүк мыйзамдан аталышынан, ага катар тексттен да жоголду. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактта жана биз кол койгон Вена документинде мамлекет диний бирикмелерге түзүмүн өз дининин талабына ылайык уюштурууга мүмкүндүк берери каралган.

Маселен иудейлердин, мусулмандардын, христиандардын, кришнаиттердин диний бирикмесинин түзүмү ар башка. Бирок мыйзам диний бирикмелердин баары үчүн алардын конфессиясына карабай бирдей структураны талап кылууда.


Жаңы мыйзамга ылайык, диний бирикмелердин катталуусу үчүн талап күчөтүлүүдө, ал эми каттоосу жок иштегендер мамлекет тарабынан жазага тартылышы мүмкүн. Жаңы жоболор боюнча жергиликтүү диний уюм куруу үчүн элүү, аймактык уюм түзүү үчүн 500, ал эми республикалык уюм деген макам алуу үчүн кеминде 5000 мүчө болушу зарыл.

Мыйзам күчүнө кириши менен, казак мажлисинин депутаты Нуртай Сабиляновдун айтымында, өлкөдөгү диний уюмдардын баарынын кайра каттоодон өтүүсү талап кылынат:

- Мыйзам диний бирикмелерге байланыштуу маселелерди иретке салат деп ойлойм. Кайра каттоодон өткөргөн кезде аларга коюла турган талаптар бул мыйзамда караштырылган.

“Беш убакыт намазга беш ирет уруксат алуу керекпи”?

Казакстандын жаңы мыйзамынын дагы бир негизги өзгөчөлүгү мындан ары мамлекеттик мекемелерде диний ырым-жырымдарды жасоого тыюу салынып жатканы. Ал күчүнө кирсе, мамлекеттик мекемелердеги, аскерий бөлүктөрдөгү, жогорку окуу жайлардагы намазканалар жабылат. Мындан улам иш ордунда намаз окуй албай калабызбы деп тынчсыздангандар көбөйүүдө.

Бирок депутат Нуртай Сабияланов белгилегендей, кайсыл бир мамлекеттик кызматчы өз иш бөлмөсүндө намаз окуй турган болсо, жоопкерчиликке деле тартылбайт:

- Мыйзамда динге сыйынуучулук деген бар. Эгер намаз окуп, Кудайга сыйынуусун жасай бере турган жеке адамдарга жоопкерчилик караштырылбайт. Ал эми калган жагдайларда мыйзамды бузган болсо административдик жоопкерчиликке тартылат. Эгер адам иштеген бөлмөсүндө окуйм десе, намазын окуй берүүгө болот.

Казак парламентинин дагы бир депутаты Ирак Эликеев жаңы мыйзамды кабыл алуу зарылчылыгын мындайча түшүндүрөт:

- Бизде кезинде түрмөлөрдө мечит салынды. Мамлекеттик мекемелерде намазкана бөлмөлөрү ачылды. Коргоо министрлигинде кээ бир азаматтар намазым бар деп кетип калат экен. Студенттер намаз окуйм деп сабагын таштап кетишет экен. Жаңы мыйзамдын зарылчылыгы ушул маселелерден улам чыгып отурат.

Казакстандын дин боюнча жаңы мыйзамдын долбоору коомчулукта бир топ кайчы пикирлерди жаратты. Ага нааразы болгондор Астана менен Алматыда жыйын куруп, Дин иштери боюнча агенттиктин мыйзамды даярдаган жетекчилиги кызматтан кетишин да талап кылышты.

“Адилет” деген саясий партиянын төрагасы Максүт Нарыкбаев мындай дейт:

- Жумуш жасаган жеринде намаз окуу үчүн алдын ала уруксат алуу керек. Беш убак намазга ошондо беш ирет уруксат алуу керекпи?

Көйгөй мыйзам менен эле чечилбейт

Казакстанда дин чөйрөсүндө тезинен тартип орнотуу керектигин жакында президент Нурсултан Назарбаев өзү айтып чыккан болчу. Ал ай башында парламенттин күзгү сессиясынын ачылышында буларга токтолгон:

- Ким кааласа бул жакка келет, мечит ачып, атасынын атын койот. Ал мечиттер эмне менен алектенерин эч ким билбейт, эч ким каттабайт, бекитпейт. Мамлекет болгондон кийин биз үйүбүздө тартип орнотуубуз керек. Сөз кимдир бирөөнүн дин тутуу эркиндигине тыюу салуу жөнүндө жүрүп жаткан жок. Сөз мамлекетти диний экстремизмден коргоо жөнүндө жүрүп жатат. Муну бардык мамлекеттер, атүгүл исламды мамлекеттик дин катары кабыл алгандар да жасоодо.

Алматылык саясат таануучу Досым Сатпаев Казакстан светтик өлкө болгондуктан мамлекеттик мекемелерде диний ырым-жымдарга тыюу салынып жатышын туура деп эсептейт. Бирок ал мыйзамда чектөөлөрдү күчөтүү менен эле дин чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүү мүмкүн эмес деген көз карашта:

- Жаңы мыйзамды кабыл алып, кыска мөөнөттүн ичинде эле ал бардык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет деп байоо адам эле эсептесе керек. Анткени экстремисттик уюмдар байланышкан аракеттердин негизинде биринчи кезекте социалдык себеп жатат. Тажрыйба көрсөткөндөй, Казакстанда мыйзамдардын чоң топтомун кабыл алып коюуга болот, бирок алар бизде көп себептерден, анын ичинде чиновниктердин өздөрү ал мыйзамдарды эффективдүү жана сабаттуу арткарууну каалабаганынан улам иштебейт. Экиничи жагынан мыйзам кабыл алып жаткан кезде ал мыйзам күрөшүүчү көйгөйдүн тамырын түшүнүү керек. Менимче диний экстремизмдин тамыры негизинен Казакстандын көп жарандарынын, өзгөчө жаштардын социалдык-экономикалык абалы анча жакшы эместигинде жатат.

Саясат таануучу Досым Сатпаев дин боюнча жаңы мыйзам бийликтин быйыл Батыш Казакстанда орун алган окуяларга алгачкы реакциясы экендигин кошумчалады.

Быйыл майда Актөбөдө бир жанкечти өзүн өкмөттүк кеңсенин кире беришинде жардырып жиберген эле. Ал эми өткөн айдын соңунда Атырау облусунда коопсуздук күчтөрүнүн операциясы учурунда террорчу деп шектелген бир адам жок кылынып, он сегиз киши камакка алынган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG