Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:44

Казакстанда "Диний ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору талкуу жаратты.

Анда маселен мамлекеттик кызматкерлерге иш маалында жума намазга же дагы башка диний жайларга барууга тыюу салуу, динге байланыштуу мыйзам бузгандарга жазаны катаалдатуу өңдүү жоболор каралган. Айрым жарандар муну диний эркиндикти чектөө катары да сыпаттап жатат.

Казакстанда мыйзамдарга дин жана диний ишенимге байланыштуу жалпысынан 60ка жакын өзгөртүү, алымча-кошумча киргени жатат.

Дин иштери жана жарандык коом боюнча министр Нурлан Ермекбаевдин билдиришине, эң ириде мамлекеттик кызматкерлерге жумуш маалында жума намазга баруусуна тыюу салуу өңдүү чара киргизилгени жатат:

- Жумуш маалында мечитке, чиркөөгө же дагы башка диний жайларга барууну тыюу маселеси буга чейин Эмгек кодекси жана Мамлекеттик кызматкердин этикасынын алкагында каралып келген. Азыр Этика кодексин бузгандардын жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштар айтылып жатат. Жоопкерчиликти кароо үчүн мыйзамда ошондой жобо болушу керек. Балким мындай жобо мыйзамга кирип калышы ыктымал. Азыр бул маселе талкууланып жатат.

Казакстан мындан туура беш жыл мурда мамлекеттик кызматкерлерге беш маал намаз окуганга тыюу салынган. Ага чейин айрым министрлик, мамлекеттик мекемелерде намазканалар ачылган болчу. Аткаминерлер мындай тыюуга моюн сунганы менен жума намазды калтырышчу эмес.

Мыйзам долбоор казак коомчулугунда кызуу талкуу жаратты жана муну дин эркиндигин чектөө катары сыпаттагандар да бар:

- Ар бир адамдын ишеними бар. Эгер ушундай ишеними болсо мамлекетке кызмат кыла албай калат деген түшүнүк туура эмес.

Буга чейин президент Нурсултан Назарбаев дин чөйрөсүн тартипке салууну тапшырган. Айрыкча узун сакал коюп, кара түстө кийингендерди кескин сынга алган жайы бар:

- Соңку кездери жаш эле жигиттер сакалын сапсыйтып жүрүшөт. Бетин чүмкөп, капкара кийинген кыздардын катары калыңдады. Бул биздин улутубузга да, салт-санаабызга да туура келбейт. Казакта караны киши өлгөндө киет. Үйдүн ээси өлдү, бала-чакасы кырылды, кара кийди деген сөз. Арийне, ким эмне кааласа ошону киет, эркин экенибиз чын го. Бирок бул казакты бөлгүсү келбеген, жүрөгү ак адамдын кийими эмес. Биз динибиз менен бирге улуттук ар-намысыбызды да сактообуз керек.

Анткен менен Дин иштери боюнча комитеттин төрагасынын милдетин аткаруучу Ермек Онгарбаев мыйзам долбоордо сакалга байланыштуу чектөө жоктугун айтууда:

- Азыр сакал, кыска кийинүүгө тыюу салуу маселеси каралган жок. Силер Тажикстанды мисалы кылып жатасыңар. Тажикстанда, маселен Шиңжаң-Уйгур автоном облсунда мыйзамдарда сакал боюнча атайын нормалар бар. Бирок биз андай норманы киргизбейбиз.

Мыйзам долбоордо мындан башка бир катар чектөөлөр бар. Мисалы, диний чөйрөдө мыйзам бузгандарга айып пулдун өлчөмү көбөйдү, жаза катаалдады.

Диний себептерден улам баласын эмдетпеген ата-энелер 70 долларга жакын айып пул төлөйт. Диний бирикмелердин жетекчилери өз иштерине жашы жете элек балдарды ата-энесинин уруксаты жок аралаштырса 650 доллардан ашык айып пул салынат.

Башка мамлекетте диний билим алгысы келгендерге алгач Казакстанда диний билим алгандан кийин гана уруксат берилет. Мыйзам долбоордо динге берилген адамдар менен кошо атеисттердин укугун коргоо каралган. Мисалы, дин жолунда жүргөндөргө да, атеисттерге да акарат келтиргендер 700 доллардан 2000 долларга чейин акчасынан айрылат.

Бул мыйзам долбоор эмки айда парламентте каралат жана жаңы жылга чейин кабыл алынышы, андагы нормалар колдонула башташы мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG