Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Радикализм майдадан башталат


Сириядагы согушкерлердин бири
Сириядагы согушкерлердин бири

4-декабрда Кыргызстандын президенти өлкөдөгү диний радикал күчтөрдүн аракеттерин алдын алуу боюнча коопсуздук кызматына тапшырмаларды берди.

Коомдун радикалдашуусуна айрым дин аалымдарынын мыйзамды тоготпогон билдирүүлөрү себеп болуп жатабы же чет элдик дааватчылардын таасириби?

“Арай көз чарай” талкуусуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов, саясат таануучу, профессор Алмаз Акматалиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башкы адиси Эсенгелди Жумакунов катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, бүгүнкү кыргыз коомунда диний радикалдашкан күчтөрдүн аракеттери күчөп жатат десек болобу? Эгер ошондой болсо, ага кандай жагдайлар таасир берүүдө?

Эсенгелди Жумакунов: Акыркы үч-төрт жылдан бери диний кырдаалдагы маселелер күчөп келатат. Мындай көрүнүш жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө да орун алды.

Диний негиздеги касташуунун натыйжасы Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерден көрүнүүдө. Тилекке каршы, ошондой кандуу чатактардын ичинде биздин да жарандардын болушу, алардын жүздөп саналышы коркунучтуу абал түзүлгөнүнөн кабар берип турат.

Албетте, мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамсыз аракеттер үчүн жазага тартуу иштери укук коргоо органдары ж.б. тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп келатат.

Радикалдык маанайдагы ой-пикирлер 2001-жылдан бери күчөп жатканы байкалат. Ошондой эл аралык деңгээлдеги пикирлер Кыргызстанга да “жихадчыл” маанайларды жаратып жатат. Демократиялык баалуулуктарга каршы пикирлер да жаралууда.

Марат Иманкулов: Биз бул маселени түшүнүш үчүн буудайдын данын сабагынан ажыратып алгандай так билишибиз керек. Бизде жалпы динди туткандар менен ичиндеги экстремисттик, радикал топторду ажырата билишибиз зарыл. Бизге экстремисттик-террористтик маанайдагылары өтө кооптуу. Динди өз кызыкчылыгына пайдаланып жаткандар арасында биздин мамлекетке түздөн-түз коркунуч бар.

Дагы бир жагы мындай - коркунуч геосаясий максатта жасалып жатат. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан кандуу окуяларга, террорчулукка диндин эч тиешеси жок. Биздин жаңы президент ушул жагдайларды эске алып, биздеги абалды туура түшүнүп, атайын кызматтын жетекчилигине радикализм, экстремизм маселелеринин алдын алуу боюнча чара көрүү боюнча тапшырмаларды берип жатканы эң туура. Бирок ал тапшырмалар кандай аткарылып жатканы - ал өзүнчө маселе.

Жакынкы Чыгыштагы калабаларды басыш үчүн эмне деген күчтөр, мамлекеттер кийлигишүүдө! Террористтик уюмдардын негизги мизин кайтарып жатканда алар калган күчүн Борбор Азия тарапка буруп жатышат, биз ошондой коркунучтарга даяр турушубуз керек. Ага жалгыз эле атайын кызматтын күчү жетпейт, жалпы мамлекетибиз, коомчулук даяр турушубуз керек. Мамлекеттик деңгээлде чоң иш-чаралар жасалышы зарыл. Кыргызстандын жалгыз колунан келбейт, эл аралык деңгээлдеги кызматташууну да колдон чыгарбаш керек.

Радикалдык маанайдагы ой-пикирлер 2001-жылдан бери күчөп жатканы байкалат. Демократиялык баалуулуктарга каршы пикирлер да жаралууда.

Алмаз Акматалиев: Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, террористтик жана экстремисттик коркунучтардын дин менен байланышы бар. Бардык нерселер акырындап башталат, демократиялык баалуулуктарды чанып, биздин дүйнөбий мыйзамдарды аткарбай, баш ийбей коюу аракеттери, “минтип эле койсок болот” деп мамиле кылуу жүрүп жатпайбы.

"Шарият боюнча кыздарды 9 жашында күйөөгө берсеңер болот, бир туугандардын балдары үйлөнсө болот" деп ачык эле айтып жатышат. Терроризм жөн эле асмандан түшүп калбайт, ушундай майда нерселерден башталат.

Мыйзамды бузгандарды мамлекеттик органдар, атайын кызматтар чакырып, “бул кадамың туура эмес” деп жок дегенде эскертүү бериш керек да. Кыргызстан Борбор Азияда бул маселеде да өзүнчө “аралча” болуп отурат. Казактар, тажиктер, түркмөндөр, өзбектер жыргаганынан катуу саясат жүргүзгөн жок. Себеби алар алдыдагы коркунучтарды сезип жатышат.

Кыргызстандын мамлекеттик органдары мен жогоруда айткан маселелерге эмне үчүн көңүл бурбайт? Кыргызстандын канча жараны кайсы диний окуу жайлардан билим алып келген, азыр канчасы окуп жатат - муну эч ким билбейт. Мыйзамга ылайык катуу чара көрүш керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргызстанда радикалдуу маанай байкалабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:20 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG