Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Жаштарга тузак жайган радикализм


Акыркы учурда Кыргызстанда жаштар эмне үчүн экстремисттик -террористтик уюмдарга азгырылып жатат? Өз элин таштап, бөтөн жердеги согушка кимдер аттанган?Аларды кандай максат менен күч жетелейт? Бул көйгөйдү кандай аракет токтото алат?

Эл аралык Search for common ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ишке ашырган “Жашстан” долбоору өлкөдө ынтымакты, тынчтыкты бекемдөөгө жана жарандарды ийгиликтүү болууга үндөйт.

Уюмдун кызматкери Акылай Каримованын айтымында, аталган долбоор элдин аялуу катмарындагы жана коомдон өзүн обочо алып жүргөн жаштар менен иштешүүнү максат кылып, улан-кыздар радикализм жана экстремизмдин куралына айланбоо жаатында иш алып барат.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Асановдун пикиринде, Кыргызстан светтик өлкө болгону менен жаштар, Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний агымдардын торуна чалынбашы үчүн мектеп программасына динди тааныткан сабактар киргизилиши керек. Бирок ошол эле учурда, дин терең сүңгүп окутулбастан, дүйнөлүк диндердин тарыхы окутулса дейт. Антпесе, жаштардын радикалдашуусуна диний сабатсыздык алып барууда.

Кыргызстандын интернет айдыңында “Хизб ут-Тахрир” сыяктуу террористтик уюмдар кенен-кесир жортуп жүрөт. Алар жаштардын башын оңой эле айландырып, катарына кошууда. Журналист Азамат Абсаттаров Кыргызстан маалымат майданында уттуруп коюуда деген ойдо.

Жаштарды азгырган радикализм тузагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:27 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

  • 16x9 Image

    Аида Бекмуратова

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенти. 

XS
SM
MD
LG