Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Швецияда терактка шектелген Акиловдун иши сотко өттү


Стокгольмдогу террордук чабуулга шектелген Рахмат Акилов (швед телеканалынан тартылган сүрөт)
Стокгольмдогу террордук чабуулга шектелген Рахмат Акилов (швед телеканалынан тартылган сүрөт)

Швециянын прокуратурасы ушул жылдын апрель айында Стокгольмдо террордук чабуул жасаган деп шектелген 39 жаштагы өзбекстандык Рахмат Акиловдун ишин териштирип бүттү. Сот 2018-жылдын февралында башталышы мүмкүн.

7-апрелде Швециянын баш калаасы Стокгольмдун чоң көчөлөрүнүн биринде жүк ташыган машине жөө жүргөндөрдү качырып кирип тепсеген. Беш киши каза таап, 15 адам жараат алган. Чабуулга шектүү деп эки киши кармалган, анын бири өзбекстандык Рахмат Акилов машиненин рулунда отурган. Полиция суракка алганда Акилов күнөөсүн дароо мойнуна алып, “өз максатына жеткенин, жасаганына маашырланып турганын” айткан.

Швед полициясы элди тепсеп кеткен машинанын айдоочусу "Ислам мамлекети" террордук тобунун жактоочусу экенин билдирген. ​“Соттун ал террористтик кылмыш жасаган деген шектенүүсү өтө жогору. Бул анын мамлекетке зыян келтирип, үрөй учурган коркунуч жаратуу ниети бардыгынан кабар берет. Соттун чечими ушул шектенүүлөргө негизделди” – деген прокурор Ханс Ирман.

Стокгольмдун террордук чабуул болгон көчөсү, 7.04.2017
Стокгольмдун террордук чабуул болгон көчөсү, 7.04.2017

Акилов карасанатай оюн ишке ашырган соң “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жактоочуларына кат жазганга да үлгүргөн.

10-апрелде швед маалымат каражаттары өзбекстандык жигиттин террордук топтун жактоочулары менен Telegram аркылуу жазышкан каттарын жарыялаган. Орус тилинде жазылган каттарда Стокгольмдун борборунда кантип чабуул койгонун майда-чүйдөсүнө чейин баяндаган. Ошондой эле машине менен тебелеткенде аз эле кишинин өмүрү кыйылганына “өкүнгөнүн” билдирген. “Машина туура эмес жакка кирди, бир нече кишини тепселеттим. Азыр аэропорттомун, туңгуюк” – деп жазган.

Рахмат Акиловдун Телеграмдагы каты
Рахмат Акиловдун Телеграмдагы каты

Полициянын маалыматына караганда 39 жаштагы самарканддык жигит Швецияга 2014-жылы саясий башпаанек сурап барган. 2016-жылы швед бийлиги анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Өткөн жылдын 16-декабрда Швециянын миграция кызматы өз эрки менен өлкөдөн чыгып кетүүгө төрт апта берген. Акилов кайда экенин билгизбей жашынгандан кийин миграция кызматы анын ишин полицияга өткөргөн.

Швед медиасы Рахмат Акиловдун ден соолугун текшерип, акыл-эси жайында деген тыянак чыгарышканын маалымдаган. Соттук медицина боюнча мамлекеттик башкармалык чабуул жасаганда дагы Акилов эмне кылганын толук түшүнүп турган деген бүтүм чыгарып берген.

Кийинчерээк өзбек бийликтери батыш өлкөлөрүнө Стокгольмдо чабуул жасаган Акилов башкаларга дагы коркунуч туудурарын эскерткен. Өзбекстандын тышкы иштер министринин билдирүүсүндө Акилов Самаркандда диний экстремизмге айыпталгандан кийин Швецияга акча тапканга кеткени айтылат.

“Бизде болгон маалыматка ылайык, ал өз мекендештерин Сирияга барып “Ислам мамлекетинин” катарында согушууга активдүү үгүттөгөн. Ал кат-кабар тараткан каналдар аркылуу террористтик пропаганданы катмыган видео роликтерди Өзбекстандагы туугандарына жана башка тааныштарына жиберип турган” – деп билдирген өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.

Ташкент Акиловго эл аралык издөө жарыялаган. Өзбекстандын атайын кызматтары ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун тажик канатына катышы бар деп боолгологон.

2015-жылы Акилов Түркия менен Сириянын чек арасында кармалып, Швецияга депортацияланганын Рейтерс агенттиги өзбек коопсуздук кызматындагы булактарына таянып жазып чыккан. Ал маалыматка караганда Рахмат Акилов улут тажик болгондуктан Швецияга баргандан кийин “Ислам мамлекети” террордук тобунун тажик канатынын таасири алдында калган.

Стокгольмдун чеке белиндеги жашыруун мечитке барып жүргөн. Ошол жерде террордук топка ылым санагандар менен мамиле түзүшү мүмкүн деп шведдердин журналисттери жазышкан.

Апрель айынын соңунда Самаркандда өзбек коопсуздук кызматы Рахматтын 44 жаштагы агасы Алим Акиловду кармаган. “Балким анын дагы инисинин жасаганына тиешеси бардыр. Рахматтын сотуна катышууга Швецияга барууну пландап жаткан” – деп алардын туугандарынын бири “Азаттыктын” өзбек кызматына айтып берген. Кармалгандан бери Алим Акиловдун кабары угула элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG