Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Өзбек жараны Стокгольмдо теракт уюштурганын моюнга алды


Стокгольм
Стокгольм

Рахмат Акилов сотто Швеция борборундагы кандуу окуя өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топтун буйругу менен ишке ашканын билдирди.

Мурдараак Стокгольм полициясынын башчысы Дэн Элиассон Акилов тууралуу укук коргоо органдарында башка далилдер да бар экенин маалымдаган.

Сот 11-апрелде Акиловду камакка алууну чечти. Теракт боюнча тергөө иштери уланууда. Акиловдун соту болжол менен бир жылга созула турган тергөө иштери аяктагандан кийин болору айтылды.

39 жаштагы өзбекстандык жаран башкарган жүк ташуучу автоунаа 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борбордун имаратын сүзүп өрттөнүп кеткен. Курулушта иштеген Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалган. Окуядан төрт адамдын өмүрү кыйылып, он беши жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG