Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:16

Стокгольм: теракттагы ИМ тобунун карааны


Дроттнингатан көчөсү
Дроттнингатан көчөсү

Aftonbladet гезитинин жазышынча, шектүү адам Дроттнингатан көчөсүндө болгон чабуулга жоопкерчилик алган.

Стокгольмдун борборундагы террордук кол салууга шектүү делип эки адам кармалды.

Швециялык Aftonbladet гезити кармалгандардын бири 39 жаштагы Өзбекстандын тургуну жана өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топтун жактоочусу экенин айтканын жазды. Полиция кармалгандардын бири кылмышты түздөн-түз аткарган деп эсептейт.

Гезиттин ишенимдүү булактары кармалган адамдын жеңил жараат алганын, кийиминен айнектин сыныктары табылганын айткан. Жанында бет кап болгон. Бирок полиция бул маалыматты ырастоодон баш тарткан.

Aftonbladet түз алып көрсөткөн пресс-жыйында полициянын өкүлдөрү төрт адам өлгөнүн тактады. Алардын үчөө теракт болгон жерде, бирөө ооруканага баратканда үзүлгөн. Ооруканага жеткирилген 15 жабырлануучунун тогузунун абалы оор.

Жума, 7-апрель күнү саатына 60 чакырым жүргөн жүк ташуучу унаа Стокгольмдогу Дроттнингатан көчөсүндөгү жөө адамдар жүрчү жерден өткөн. Ал бир нече адамды коюп өтүп, Ahlens соода борборун сүзүп токтогон. Андан кийин кол салган адам качып кетүүгө үлгүргөн.

Шаар тургундары окуя болгон жерге гүл жана шам алып келип эскеришүүдө. Швециянын королу Карл XVI Густав жакындарынан айрылгандарга жана жапа чеккендерге көңүл айтты.

Буга чейин Европада автоунаа менен элге кол салган бир нече террордук акт катталган. 22-мартта Лондондо болгон чабуул беш адамдын өмүрүн алган. 19-декабрда Берлинде Жаңы жылдык жармаңкеге чогулган элге жүк ташуучу автоунаа сүзүп кирип, андан 12 адам мерт болгон.

2016-жылы Франциянын Ницца шаарында да жүк ташуучу унаа менен чабуул жасалып, 86 адамдын өмүрү кыйылган. Булардын баарына «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG