Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:46

Берлин жармаңкесиндеги окуя “теракт” деп жоромолдонууда


Берлиндеги жанкечтинин унаасы.
Берлиндеги жанкечтинин унаасы.

Германиянын расмий өкүлдөрү Берлиндин эл көп чогулган аянтындагы кеминде 12 адамдын өмүрүн алган окуяны “ыктымал террорчул акт” деп атады. Дүйшөмбүнүн кечинде жүк ташуучу унаа аянттагы жаңы жылдык жармаңкеге 80 метрдей сүзүп кирип, ондогон адамды тебелеп кеткен.

Немис бийлиги унаанын айдоочусу бул ишке атайылап барганын айтууда. Полиция унаанын айдоочусу делген кишини камакка алды. “Рейтер” агенттиги аны Берлиндеги качкындардын борборунда баш калкалап жаткан 23 жаштагы пакистандык жаран деп атады.

- Мен кире бериште тургам. Анан катуу добуш уктум. Мени бир нерсе басып калды. Жерге жыгылдым. Бир аздан кийин менин жанымдагы көп киши кыймылсыз жатканын байкадым,- деди окуянын күбөсү.

Унаадагы экинчи адам окуя болгон жерде жан бергени, ал Польшанын атуулу экени жана окуя учурунда айдоочунун жанында отурганы аныкталды. Немис полициясы жүк ташуучу автоунаа Польшада катталганын билдирип, ал уурдалган болушу мүмкүн деп жоромолдоодо. Берлиндеги бул окуядан кийин өлкөдө коопсуздук чаралары дагы күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG