Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Швеция соту өзбек жаранын камакта калтырды


Швеция соту Стокголмдогу кол салуу боюнча айыпталган Өзбекстандын жаранын сотко чейин камакта калтыруунун мөөнөтүн узартты. 39 жаштагы Рахмат Акилов 21-декабрга чейин камакта болмокчу.

Тергөөчүлөр аны "7-апрелде пиво ташыган машинени уурдап, шаар борборунда жөө кишилерди атайлап сүздүргөн" деп айыпташкан. 5 кишинин өмүрүн алган ал окуя терроризм катары каралууда.

Өзбестандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов апрелде Акилов 2914-жылы мекенинен Швецияга көчүп кеткенден кийин «Ислам мамлекети» экстремист уюму тарабынан жалданганын айткан.

XS
SM
MD
LG