Линктер

жума, 25-май, 2018 Бишкек убактысы 19:03

Сириядагы согушка кеткендер дээрлик токтогон соң Борбор Азия мамлекеттери жарандарын ал жакка жетелеген себептерди талдай баштады. Ага ылайык радикализмди кескин азайтуу чаралары иштелип чыкмакчы. Бирок адистер Сирияга кеткендердин азайганы радикализмдин басаңдаганын көрсөтпөй турганын айтып, күрөштү токтотпоого чакырууда. Диний радикализмдин алдын алуу боюнча Бишкектеги жыйында ушуга байланыштуу маселелер талкууланды.

“Борбор Азия өлкөлөрүндөгү радикалдашуу маселелери” деп аталган жыйында Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы атайын чакырган америкалык талдоочу Ноа Такер өз иликтөөлөрү менен бөлүштү.

Борбор Азиядагы исламды изилдөөчү бул аймакта жайгашкан өлкөлөрдөгү радикализмдин себептерин Сирияга кеткендердин мисалында түшүндүрдү.

Бишкектеги жыйын.
Бишкектеги жыйын.

Такер Казакстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан согуш талаасына кеткен бир нече жарандын тагдырларын баяндап, алардын жоочуларга жетеленгенин социалдык теңсиздик менен байланыштырды:​

- Сириядагы “Ислам мамлекети” террористтик уюму өзүнө тарткан адамдарды негизинен “силердин өлкөңөрдө акыйкаттык жок, силерди кемсинтишет, эч ким эмессиңер, силерде коррупция, теңсиздик бар” деп имерип алган. Түздөн-түз ушинтип айткан эмес, бирок аларды өзү жашаган өлкөсүндө, аймагында кереги жок адам экенин сездирип, анан тарткан. “Бизге келсеңер анын баары жок болот, бул жакта баары сени сыйлайт” деген ойду жеткиришкен. Басымдуу бөлүгүндө жоочулар эң көйгөйлүү аймактарга басым жасап, ал жерде кыйналып жашагандарды же жумушу жокторду азгырышкан.

Жыйын КРПМБАнын имаратында өттү.
Жыйын КРПМБАнын имаратында өттү.

Гарвард университетинин ислам изилдөөчүсү Ноа Такер ошону менен катар эле фанатизм же ашкере берилгендик көбүнчө Пакистан же Ооганстанга мүнөздүү экенин белгилеп, Борбор Азиядан Сирияга баргандар негизинен сабатсыздыктан улам азгырылганын билдирди:

- Биздин изилдөө учурунда Сирияга кеткендердин дээрлик баары диний жактан сабатсыз болгону аныкталган. Алар керек болсо ислам дини, жихад жөнүндө да көп маалымдар болгон эмес. Көпчүлүгү жаңы эле намаз окуп баштагандар болгон. Мындан сырткары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн кээ бир аймактарында мусулман жамааттары бири-бири менен келишпей, карама-каршылыктар күчөгөн учурда да ошол жерден Сирияга кеткендер арбыган.

Ноа Такер радикализмдин алдын алыш үчүн чечкиндүү чараларды ар бир мамлекет өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша иштеп чыгышы керек экенин белгилеп, бирок тыюулар менен маселе чечилбей турганын айтты. Талдоочу ошол эле хижаб кийүүнү же сакал коюну чектөө радикализмди кайрадан курчутарын эскертти. Такер ошол эле учурда улуттук иденттүүлүктү күчөтүү менен да радикализмди азайтуу мүмкүн эместигин, анда өлкөдө жашаган башка улуттарга “радикалдык маанай жугаарын” кошумчалады.

Радикализм коркунучу кала берүүдө

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакка чейин согуш майданында 92 кыргызстандык өлтүрүлгөн. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алар мурдагы жылдары кеткенин, соңку жылдары согуш талаасына баргандар дээрлик катталбаганын маалымдаган.

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

АКШдан келген ислам изилдөөчү Ноа Такер Сирияга кеткендердин азайганы радикализмди токтотпой турганын айтты:

- Адамдарды Сириядагы чатакка чакыруу же экстремизмге, радикализмге тартуу - эки башка процесс. Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө ошондой. Бирок Сириядагы согуш жарандардын радикалдашуусунун күчөшүнө чоң таасир тийгизди. Азыр эми Борбор Азия үчүн Сириядагы тополоң пауза болуп турганы менен, ал жакта дагы эле согуш жүрүп жатат. Балким “Ислам мамлекети”, “Ал-Каида” сыяктуу радикалдык кыймылдарды колдоп, алар менен бирге согушууну каалаган адамдар Сирияга кетип бүттү, алардын көбү ошол жакта өлүп калды дешибиз мүмкүн. Эмне үчүн биз андай адамдар эми жок деп ойлоп жатабыз? Эмне үчүн Кыргызстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда же ошол эле Европада, АКШда өз ордун таба албай, көйгөйлөрүн башка жол менен чече албай радикализмге киргиси келип жаткан адамдар жок деп ойлоп жатабыз? Менин оюмча биз ушуларды эске алып, алардын алдын алууну максат кылышыбыз керек.

Президентке караштуу Мамлекетти башкаруу академиясында өткөн бул жыйында чет элдик эксперттин пикирлерине кошулгандар да, каршы чыккандар да болду.

Марс Ибраев.
Марс Ибраев.

Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев өлкөдө радикализм дээрлик басаңдап калганына токтолду. Ал өзгөчө Интернетке чыккан диний кайым айтышууну ооздукташ керек деп эсептейт:

- Интернеттеги жаштардын айтышуусун, радикалдашуусун токтотуу, алдын алуу чараларын аалымдар кеңешинде талкуулаганбыз, муфтиятка тапшырма бергенбиз. Түшүндүрүү иштери болуп жатат, жума намаздарда, башка жерлерде насааттар айтылып жатат. Буюрса жакшы нукка түшөт. Бирок Интернеттеги айтышуу андан сыртка чыкпайт. Ал кан төгүүгө, чабышууга алып барбайт. Жаштарыбыз аалымдарды угат, элибиз бир бүтүмгө келет. Болгону маселени удургутуп, күчөтүп жибербешибиз керек.

Кооптондурган чакырыктар

Ошол эле кезде айрым диний аалымдардын өздөрүнүн чектен чыккан билдирүүлөрү коомчулукта радикалдык маанай жаратууга себеп болуп жатканы сынга алынып келет. Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун “Ноорузду майрамдабагыла” деген өңдүү чакырыгы мамлекеттик түзүлүшкө каршы деп бааланган.

Терроризм сөз менен жеңилбейт

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

Ушуга байланыштуу “аалымдардын өздөрүн да көзөмөл кылуу зарылчылыгы бар” дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов:

- Кээ бир диний ишмерлер "Кыргызстан - демократиялуу өлкө, эмнени кааласам ошону сүйлөсөм боло берет" деп, демократиянын принциптерин түшүнбөгөндүктөн улам ошентип сүйлөп жатышат. Мыйзамдарды билбегендиктен болуп жатат. Аларды эл угат, ошондуктан аларды мыйзамды сыйлоого чакырып жатабыз. Биз аларды дүйнөбий принциптер жазылган Баш мыйзамды сыйлоого үйрөтүшүбүз керек. Көзөмөлдөп жатабыз, ага кудуретибиз жетет.

Радикализмдин алдын алууну талкуулаган Бишкектеги жыйынды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия уюштурган. Бул жолу америкалык изилдөөчү билдирүү жасаса, келерки айларда дагы башка эксперттер да чакырылганы турат. Алар Кыргызстандагы радикализмдин алдын алуу тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Маалым болгондой, Сирия менен Ирактагы согушка Өзбекстандан, Казакстандан жана Тажикстандан да миңдеген жарандар кеткен. Алардын бир бөлүгү мекенине кайтып келип, сот жообуна тартылышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG