Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:13

Дин өкүлдөрүнүн жоругу сынга кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде балдарды урган медресе мугалими иштен алынып, Араванда опузалоого шектүү имамга кылмыш иши козголду.

Баткенде медресе мугалими эреже бузганы үчүн окуучуну сабаганы, Араванда болсо айыл имамы бир жашоочуга "ала жипти аттадың" деп айып салганы тууралуу маалыматтар талкууга түштү.

Медреседеги молдо жеткинчектерди урганын мойнуна алган, бирок арыз жазылбагандыктан милиция кылмыш ишин ачкан эмес. Аравандагы имамдын иши тергелип жатат. Өзү үй камагында.

Медреседеги жазалоо

Баткен облусундагы медреседе окуган 9-10 жаш чамасындагы балдарды мугалими сабаганы тууралуу тасма 3-мартта Интернетке чыкты. Анда жеткинчектер денесиндеги көгаланы чоң кишилерге көрсөтүп, устаты аларды эреже бузганы үчүн чыбык менен сабаганын, үйдөгүлөргө кабарлайын десе телефондору жок экенин айтышат.

Баткен облустук милициясынын расмий маалыматына ылайык, окуя 2017-жылдын 12-июлунда Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жайгашкан "Имам Азам" атындагы медреседе болгон.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев "Азаттык" радиосуна кабарлагандай, молдо иштен айдалган, бирок ага мыйзамдуу чара көрүлгөн эмес:

- Күбөлөр муфтиятка ошол эле учурда маалымдашкан. Андан соң комиссия түзүлүп, шектүү мугалимди иштен алганбыз. Медресе мүдүрүнө да эскертүү берилген. Өлкөдөгү бардык медреселерге да эскертилип, мындай окуялар кайталанбашы керек экендиги айтылган, - деди Атабаев.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын эртеси бул боюнча жергиликтүү тургундан билдирүү түшкөнүн, аны Кадамжай райондук милициясы иликтөөгө алганын маалымдады.

Балдарды чыбык менен уруп "тартипке чакырган" молдо - Исфайрам айылынын 27 жаштагы тургуну. Анын аты-жөнү ачык айтылбай жатат. Ал милицияга берген маалыматында эки бала уктап жаткан досторунун бетине сыя менен чийип шоктук кылышканы үчүн эскертүү иретинде чыбык менен урганын билдирген. Окуучулардын ата-энелери соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, "эч кандай дообуз жок" дегенден кийин кылмыш иши ачылган эмес. Кадамжай райондук прокуратурасы милициянын бул чечимин текшерип, өзгөртүүсүз калтырган.

"Азаттык" медреседе окуган балдардын укугу, аларга тарбия бергендердин маданияты кандай болушу керек экенин сурап, муфтияттын окуу-тарбия бөлүмүнүн башчысы Аким Эргешовго кайрылды:

Аким Эргешов.
Аким Эргешов.

- Шарият жана жалпы адамзаты тааныган бардык укуктарга балдардын да акысы бар. Зарыл учурда медреседен үйгө кетүүгө да укуктуу. Бирок окуу жайдын да талаптарын аткарышы зарыл. Сиз менен биз окуган мектептерде да эреже бар эмеспи. Ички тартипти сактоого милдеттүү. Шарият боюнча баланы уруп тарбиялоо туура эмес.

Имамдын опузасы

Ал эми Араван районундагы Чертик айылынын имамы, Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Орунжан Мамадалиев аттуу жаран жергиликтүү тургунга "аялыңды алдап, ала жипти аттадың" деп 400 миң сом айып салганын жабырлануучу тарап айтып чыкты.

- Ошондой адамдар өз абройун гана эмес, динибизди да каралап жатышат. Алар пайгамбарыбыз көрсөткөн жол-жоболорду айтышат, бирок өздөрү амал кылышпайт. Биз аларды ээрчип намаз окуп жүрөбүз, - дейт молдо айып салган жарандын агасы Азадбек Рахманов. Ал иниси сабалганын да кошумчалады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуяны бышыктап, ал 18-февралда болгонун билдирди. Расмий маалыматта молдо жергиликтүү тургунга өзү жалгыз эмес, шериги менен догурунганы айтылат. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, алар камакка алынган. Бирок адвокатынын арызынын негизинде имам үй камагына чыгарылганын Ош облустук сотунун өкүлү Бекзат Осмонкулов билдирди.

Ош облусунун казысы Самидин Атабаев кылмышка шектүү жаран имамдыктан бошотулганын айтты:

- Араванда жүрөбүз. Эл менен да, молдолор менен да жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Имам болуп жүргөн жигит андай иш кылбаганын айтты. Иликтенсе, калганын сот чечет.

Опузалоого байланыштуу шек саналып жаткан Орунжан Мамадалиев менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болбоду. Тепе-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы Закир Исаков ал депутат экенин, имам болуп эмгектенерин бышыктап, окуянын чоо-жайы 6-марттагы сессияда каралаарын белгиледи:

- Маселе айылдык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине кирди. Ошондо талкуулайбыз. Өзү менен байланыша албай жатабыз. Ошол окуядан кийин чөнтөк телефонун өчүрүп коюптур.

Динди жаманатты кылышпаса...

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Тазабек Икрамов жогорудагы маселелерди бир тараптуу карап, коомдо дин өкүлдөрүнө карата жек көрүүнү пайда кылбаш керек деген пикирин ортого салды:

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

- Мындай иштерден улам динге көө жаппаш керек. Элди да ушуга чакырам. Бир адамдын кылыгы менен дин өкүлдөрүнө баа бербеш керек. Күч органдары текшерип, ошолор аныктап, күнөөсү болсо жазаласын.

Президентке караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистери эки окуя боюнча териштирүүгө көз салынып жатканын маалымдашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG