Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:02

Хакимов: Дин дүнүйө илимин алууну чектебейт


Адахамжан Хакимов.

Диний ишмер Адахамжан Хакимов билим алуунун зарылдыгы, экстремизмдин тамырлашынын себептери тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.

Адахамжан Хакимов - Жалал-Абад шаарындагы белгилүү диний ишмерлердин бири. Бир канча жыл бою имамдык милдетти аркалаган. Азыр калаадагы медреседе балдарга сабак берет. Молдо менен Жаштар эс алуу багында жайгашкан чоң мечитте жолугушуп, кепке тарттык.

"Азаттык": Кыргызстанда экстремисттик топторго аралашкандардын көбү Ош, Жалал-Абад аймактарындагы жаштар экени айтылат. Бул канчалык чындыкка дал келет жана себептери эмнеде деп ойлойсуз?

Хакимов: Бул жөнүндө менде толук маалымат жок. Бирок себептерине токтоло турган болсок, жаштар арасындагы жумушсуздук, экинчиден билим деңгээлинин улам төмөндөп баратканын негиз кылып айтсак болот. Билим дегенде диний окууну эле мисал кылганым жок. Заманбап, дүйнөлүк илимдерди үйрөтүүдө да деңгээл төмөн болууда.

"Азаттык": Дүйнөбий жашоону жактаган айрым кишилерде “диний таалимге өтө эле эркиндик берилгени экстремисттик топтор үчүн пайдалуу болуп, алар өз идеяларын жайылтууда” деген пикирлер бар. Буга сиз кошуласызбы?

Хакимов: Туура эмес. Биринчиден, дин эч качан зөөкүрлүккө чакырбайт. Бул жерде социалдык, саясий, экономикалык кыйынчылыктарды да караш керек. Жашоодо түрдүү мүшкүлгө кабылган, кыйналган кишилер экстремисттик топторго кошулуп, жакшы турмушту башка жактан издеп калып жатышат. Чыныгы диндин коомго жайылышы радикалдашууга алып барбайт. Дин адамдарды жакшылыкка жетелейт.

"Азаттык": Кээ бир ата-энелер балдарына билим берүүдө бир тараптуу чечим кабыл алган учурлар бар. Айрымдар дүнүйө илимин, тагыраак айтканда мектепти тандайт. Кээ бирлери баласына диний билим берүүнү гана көздөйт. Бул боюнча талаш-тартыш да бар. Мындай карама-каршылыкты жөнгө салуу мүмкүнбү?

Хакимов: Ата-энелерге, жаштарга айтарым: шарият жактан алганда да илим үйрөнүү баарына - эркекке да, аялга да парз. Бул жалаң диний билим менен чектелиши керек деген сөз эмес. Дүнүйөлүк илимдерди үйрөнүү да парз.

Адам жашоосунда эмнеге муктаждык сезсе, аны билиши зарыл. Бул эң керектүү эреженин бири. Коомчулукка кандай илим зарыл болсо, аны өнүктүрүү, окутуу жана үйрөнүү абзел. Ар бир тармактын билимдүү өкүлдөрү болушу керек. Аны диний ишмерлер да элдин кулагына сиңирип турууга тийиш.

Сиз айткан суроого келсек, айрым үй-бүлөлөр динди гана тандап, балдарын дүнүйө илимден алыстатып коюуда. Борбор Азиянын эле тарыхын карайлы. Көп илимий ачылыштар ушул чөлкөмдөн башка жакка жайылган. Медицинада Ибн Сина, башка илимдерде, мисалы жер таанууда, математикада Беруни, Хорезми жана башкалар бизден чыккан. Андай ойчулдарды, илимпоздорду көп санасак болот. Алар жашаган кезде дин жайылтуу аябай күчөгөн болчу. Ошол учурда деле дүнүйөлүк илимдерди үйрөнүп, ачылыштарды жасашкан.

Андан тышкары, тарыхта белгилүү диний ишмерлер да Борбор Азияда жашаган. Демек, ар тараптуу илим үйрөнүүгө муктаждыкты сезишкен. Азыр эми адамдарыбыздын караңгылык деңгээлине түшүп калганынын себеби – билим алууга умтулуунун солгундап кетишинде.

"Азаттык": Билим алууга кызыгуунун жоголуп кеткенине кандай себептер бар?

Хакимов: Илим үйрөнүүгө, окууга кызыгуунун азайышына социалдык турмуштагы жетишпестиктер, жумушсуздук негиз болууда. Андан тышкары, адамдарда байлыкка кызыгуу күчөдү. Дөөлөттү гана ойлоп калган коом илимге азыраак көңүл бурат. Совет өкмөтү кулаганда элдин эртеңки күнгө ишеними да бир топ убакытка жоголгон. Эл эмне кыларын билбей калган. Көр тирилик үчүн акча топтоонун, байлык жыйноонун амалын көрүп калган. Анын айынан билим алуу маселеси артта калып кеткен.

"Азаттык": Диний агымдарды айтып жүрбөйбүзбү. Алардын пайда болуу себептерин эмнеден көрөсүз?

Хакимов: Инсандын дүйнө таанымы дайыма карама-каршылыктардан турат. Адамзат жаралгандан бери ушундай. XX кылымда, XXI кылымдын башында саясатта да, башка багыттарда да өзгөрүүлөр болду. Ага жараша аң-сезим да өзгөрдү. Айрыкча Совет өкмөтү ыдырыган соң адамдарыбыз дүйнөгө бет алды. Мурда алкактан чыга албайт элек, мындайча айтканда, камакта жашайт элек.

Ар кандай агымдардын пайда болушунда саясий топтордун таасири да бар. Адамдар алапайын таппай калган токсонунчу жылдары андай агымдар элге сүңгүп, өз идеяларын жайылтканга аябай ыңгайлуу учур болду. Ата-энелер да, мамлекет башындагылар да жаштардын тарбиясын этибар албай калган кез болду. Диний билимге да, дүйнөлүк билимге да жакшы көңүл бурулбады. Мындай учурда сырттан келген агымдар өз таасирин күчөттү.

"Азаттык": Экстремизм, терроризм биздин коомго канчалык коркунуч жаратууда? Мамлекеттик органдардын бул жаатта коңгуроо кагып жатканы канчалык негиздүү?

Хакимов: Бул кооптонууларды күчөтүлүп айтылып жаткандай кабыл алам. Диндер арасында өтө эле чоң карама-каршылык, жек көрүү жок болчу. Мындай жагдайды саясий тирештер күчөтүп салды. Адамдар бири-бирине жамандык каалабайт. Коомчулук саясий оюндардын курмандыгы болуп калууда...

Маекти бул жерден толук угуңуз:

"Дин дүнүйө илимин алууну чектебейт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:22 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG