Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 21:58

"Telegraph" басылмасы Борбор Азиядагы эң динчил өлкө деп Тажикстанды атады. Бул жагынан Кыргызстандагы кырдаал кандай?

Диний баалуулуктарды окутуу, анын коомго, өзгөчө жаштарга тийгизип жаткан таасири кандай болуп жатат? Улуттук жана диний салттарды бирдей үйрөнүп, эриш-аркак колдонуш үчүн эмне кылыш керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов, “Мутакалим” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков катышты.

“Азаттык”: Абдыкерим агай, Кыргызстанда бүгүнкү күндө диний окууларды, баалуулуктарды коомго жеткирүү кандай ыргакта, кандай шартта жүрүп жатат? Ал биздин мамлекеттин демократияны куруу максаттарына, улуттук салтына, нарк-насилине шайкеш келип жатабы?

Абдыкерим Муратов.
Абдыкерим Муратов.

Абдыкерим Муратов: Негизи биз диний билим берүүдө чоң бир ката кетиргенбиз.

Тарыхка кайрылсак, XXкылымдын 20-жылдарында диний билим берүү мекемелери жабылган. Мындай абалга бардык постсоветтик республикалар кабылган. Ошентип 1990-жылга чейин бизде чоң боштук пайда болгон.

Эгемендүүлүккө жеткенден кийин диний билим бере турган медреселерди, ислам институттарын ача баштадык. Анан аларда кимдер билим берет, кандай программалар менен, кандай шартта окутуш керек деген маселелер чыкты. Даяр методикалар жок болгондон кийин "Кайсы өлкөлөрдүн өрнөгү менен билим беребиз?" деген суроо жаралды.

Ушундай башаламандыкта медреселер район, айылдарга чейин ачылып, жайнап кетти.

Мектептен качкан окуучулардын баары медреселерге кете баштады. Эми убакыт өткөндөн кийин алардын тескери таасирин көрүп жатабыз. Медреселерди бүткөн балдар турмушка жараксыз болуп калды. Алар бир жерде молдо же имам болуш керек эле, баарына эле андай жумуш орундары жок болуп чыкты. Алардын гуманитардык, техникалык билими жок болгондон кийин жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай калышууда. Жогорку окуу жайына кирүүгө укугу жок. Бул кыргыздын өзүнчө бир чоң мууну билимсиз жана жумушсуздардын армиясын түзүп жатат деген кеп.

Мага бүгүнкү диний билим берүүнүн абалы XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башындагы кырдаалды элестетет. Анда дагы караңгылык көп болгон. Жалаң гана Куранды окута беришкен. Ошону эске алып, Исмаил Гаспиринский, Минавар кары, түбү токмоктук Алихан төрө дегендер "исламий билимди башкача окутуш керек" деп чыгышкан. Алар Стамбулду, Европаны көргөн адамдар болгон. Алар европалык стандарттагы “жадид” мектептерин ачууну максат кылган.

“Азаттык”: Нуржигит мырза, мындан 50 жыл мурдагы кыргыздын чакан айылында 30 мугалим иштеген мектеп билимдин, маданияттын, тарбиянын очогу болсо, бүгүн ошол эле айылда жалгыз молдо имамдык кылган чакан мечит негизги борборго айланды. Баягы 30 мугалим, окуучулардын көбү да ошол мечитте отурушат. Эмне үчүн мындай абал жаралды? Азыркы мектеп мечиттегидей ыйманга тарта албай калдыбы?

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

Нуржигит Кадырбеков: Биз бала кезде мугалимдин кадыр-баркы жогору эле. Алган айлыгы бардык муктаждыктарына, керектөөлөрүнө жетчү. Азыркы мугалимдерге мотивация жок, айлыгы аз. Мурда жакшы окуган балдар-кыздар гана мугалим болом дешчү эле.

Азыр айылдарда сырттан окугандар эле сабак берип жүрүшөт. Бир мугалим беш-алты предметти берген фактылар бар. Мындан сырткары мектепте коррупция, рекет маселелери жок эмес. Анан ата-энелер ыйманга үйрөтө турган мечиттен, медреседен башка жерлер жок болсо, балдарын кайда жөнөтөт?

Биздин мектептер "Кыргызстан - дүйнөбий (светтик) мамлекет" деп дин таануу сабагын окутпай коюшту. Динди таанытуунун милдетин мамлекет өзүнө алыш керек. Аны мамлекет өз колуна албаса башка бирөөлөр чыгат. Экстремисттер да ушундай кырдаалдан пайдаланып жатышат. Бизден да дүйнөбий Германия менен Норвегияда дин таануу сабагын мамлекет өзү окутат.

“Азаттык”: Жамал айым, сиз 2015-жылы берген маектериңиздин биринде "кыз-келиндер арасында радикалдашуу күчөп баратат" деп айткан экенсиз. Андан бери эки жыл өттү, азыркы абалыбыз кандай?

Жамал Фронтбек кызы.
Жамал Фронтбек кызы.

Жамал Фронтбек кызы: Абалыбыз ошондой эле, мүмкүн күчөп жатат. Анын үстүнө бул чөйрөнү иликтеп, талдоо жүргүзгөн эч ким жок. 2014-2015-жылдардагы дин саясаты боюнча концепцияда да аялдар менен кандай иш алып баруу керек экендиги так жазылган эмес. Мисалы, азыр имамдарды окутуп, үйрөтүп, стипендия берип жатабыз, алардын даражасын көтөрүп жатабыз. 2000ге жакын имам, молдокелер стипендия алса, анын ону эле аялдар. Бул аялдарга 200 эсе аз көңүл бурулуп жатат деген сөз. Аялдарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбагандан кийин диндеги аялдарды башка агымдар азгырып кетип жатат.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG