Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 20:16

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы айрым чет өлкөлөрдө диний билим алууга тыюу салууну сунуш кылды. Ал арада өлкөнүн өзүндө талапка жооп бербеген алты медресе жабылды.

Демократиялуу, дүйнөбий (светтик) мамлекетте диний билим берүүнү кантип жөнгө салып, жакшыртууга, улуттук баалуулуктар менен кантип шайкеш келтирүүгө болот?

“Арай көз чарай” талкуусуна Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын башкы адиси Замирбек Турсунбеков жана Кыргызстан дин башкармалыгынын окутуу маселелери боюнча бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов катышты.

“Азаттык”: Акимжан мырза, "Кыргызстанда алты медресе талапка жооп бербегени үчүн жабылды" деген маалымат тарады. Ал кайсы талаптар? Медреселерге жаңы шарттар, стандарттар киргизилип жатат десек болобу?

Акимжан Эргешов.
Акимжан Эргешов.

Акимжан ажы Эргешов: Ооба, ошондой деп да айтсак болот. 2015-жылдагы Коргоо кеңешинин жыйынында коюлган талаптардын бири диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болгон. Натыйжада Кыргызстан дин башкармалыгы менен дин комиссиясынын биргелешкен атайын комиссиясы медреселерди текшерүүдөн өткөрүп, жыйынтыгында бир топ медреселердин материалдык-техникалык абалы, окутуу шарттары начардыгынан улам алты медресе диний билим берүү укугунан ажыратылды. Азыркы күндө Кыргызстанда 100гө жакын медресе бар. Алардын ар биринде 15тен 100гө чейин адам диний билим алат.

“Азаттык”: Замир мырза, Булан институту жүргүзгөн иликтөөдө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кыргызстандыктарга айрым чет өлкөлөрдөн диний билим алууга тыюу салууну сунуш кылганы айтылган. Ал кайсы өлкөлөр, эмне үчүн тыюу салыш керек, аны кандай жүйөлөр менен негиздеп жатасыздар?

Замирбек Турсунбеков.
Замирбек Турсунбеков.

Замирбек Турсунбеков: Биз кескин түрдө "тыюу салабыз" деп айта албайбыз. Биздин өлкө либералдык-демократиялык багытты тандап алгандан кийин Кыргызстандын ар бир жараны өзү тандаган чет мамлекеттерде билим алууга укугу бар.

Коопсуздук жагына келгенде 2014-жылдагы Коопсуздук кеңешинин чечимдеринде Кыргызстандын элине исламдын кыргыз салттарына туура келген мелүүн баалуулуктарын окутуу боюнча тапшырма берилген. Ошонун алкагында Кыргызстанга туура келген, биздин салт-санаабыз менен эриш-аркак болгон ислам баалуулуктары боюнча билим берүү милдети жүктөлгөн.

Ошол эле учурда биздин салттарды жериген, тааныбаган чет элдик диний агымдардан, алардын таасиринен биздин элибизди коргоо милдети да коюлган.

Коргоо кеңешинин тапшырмасына ылайык биздин комиссия чет өлкөлөрдө диний билим алуу жөнүндө башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге иликтөөлөрдү жүргүзгөнбүз. Кыргызстандын шартына, баалуулуктарына Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Башкырстан, Татарстан, Түркия жана Египет, Малайзия мамлекеттериндеги ислам окуу жайларынын стандарттары жакын десек болот. Ушул негиздерге таянып биздин комиссия сунуштарды гана берген. Кандайдыр бир кабыл алынган чечим же норма азырынча жок.

“Азаттык”: Акимжан ажы, азыркы учурда бир кыргыз экиге бөлүнүп, бири исламчы, экинчиси теңирчи болуп жаатташуу жүрүп, муну ошол мечит-медреселердеги билимдин бир жактуу берилиши менен байланыштыргандар бар. Ошондон улам суроо туулат: мечиттерде имамдар кыргыздын улуттук баалуулуктары менен ислам баалуулуктарын бири-бирине каршы койбой бирдей, жанаша түшүндүрсө болобу?

Биздин диний билим берүү мекемелерибиз улуттук баалуулуктарыбызды эч качан четке какпайт. Теңирчилик да ошондой ишенимдердин бири, жашап келген, жашай берет.

Акимжан ажы: Биз маселени көчөдөгү сөздөргө эле ишенбей, маселени түз түшүнүшүбүз керек. Биздеги медреселер билимди бир жактуу берип, аларды экинчи фронтко даярдап жатат деген пикирлер туура эмес. Биздин диний билим берүү мекемелерибиз улуттук баалуулуктарыбызды эч качан четке какпайт. Теңирчилик да ошондой ишенимдердин бири, жашап келген, жашай берет. Алардын тандоосуна биз душмандык кылган эмеспиз. Жаатташууну жөнгө салуунун бирден-бири жолу – теңирчилердин деңгээлин көтөрүш керек. Аларды башкаларга болгон толеранттуулукка үйрөтүш керек.

“Азаттык”: Замир мырза, өткөн жуманын аягында мамлекет башчысы сиздердин комиссиянын төрагасын кабыл алып, диний уюмдар менен окуу жайлардын каттоосун кайра карап чыгып, алар менен иш алып барууну жандандыруу маселесин көтөрдү. Ага ылайык кандай иштерди жасайсыздар?

Замирбек Турсунбеков: Бизде 2014-2020-жылдарга кабыл алынган дин саясатын жөнгө салуу боюнча концепция бар. Биздин ишибиздин негизи ушул концепцияда камтылган, анын алкагында тынымсыз иштер жүрүп жатат. Президентибиз менен биздин төрага жолукканда концепциядагы маселелер дагы бир жолу каралып, такталып, атайын тапшырмалар берилди. Талаптын негизи жогорку окуу жайлар болобу, ислам же христиан багытындагы диний окуу жайлар болобу, алардын ишин кайрадан инвентаризациялап, каттоосун дагы бир жолу текшерүүдөн өткөрүп, иштебесе, талапка жооп бербесе жоюу маселеси да каралмакчы.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Диний билим: улуттук баалуулуктар эске алынса...
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:53 0:00
Түз линк


"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG