Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Диний кырдаал: жамааттардын ажырымы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Булан институтунун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен кошо кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдөн диний билим алышын изилдеген баяндамасы Кыргызстанда ар кайсы мектептерден чыккан диний топтордун жана жамааттардын көп түрдүүлүгү, ажырымы жана алардын диний кырдаалга таасири боюнча талкууга жем таштады.

Диний аалымдар жана дин таануу тармагы боюнча адистер жаштарды диний билим алыш үчүн чет өлкөлөргө жиберүү тартипке салынбай, натыйжада динди түшүндүрүүдө коомчулукту ажырымга алып келүүчү диний радикалдык көз караштар күчөп, коомдук аң-сезимге таасир этиш үчүн диний жамааттар ортосунда тымызын тирешүү бар экенин белгилешет.

Катталбай жаткан "кадрлар"

Соңку 25 жылда Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн ислам боюнча диний билим алууга умтулуу аракеттери күч алган. Ислам динин тутунган бир катар кыргызстандыктар Египет, Сауд Арабиясы, Түркия, Иордания, Пакистан жана Сирия сыяктуу өлкөлөргө барып, ал жактагы жогорку ислам окуу жайларында билим алса, көпчүлүгү Индия жана Бангладеш сыяктуу өлкөлөрдөн үч-төрт айлык же болбосо бир жылдык диний дарстарды угуп келишкен. Бул диний курстардан адатта алар ошол өлкөлөрдө дааватта жүрүп, андагы мечиттер жана медреселер аркылуу өтүшөрү баяндамада көрсөтүлгөн. Бирок ошол диний жогорку билим алууга же кыска мөөнөттөгү диний окуу дарстарына кеткендердин так саны белгисиз.

Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова

Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова изилдөөнүн жыйынтыгы чет өлкөгө окууга бараткандардын санын тактоо зарылдыгын көргөзгөнүн белгиледи:

- Диний билим алыш үчүн Египетке, Сауд Арабияга жана Пакистанга кетип жаткан биздин жарандардын санын биздин мамлекеттик органдар - муфтият дагы, дин иштери боюнча комиссия дагы, Тышкы иштер министрлиги дагы билбей турганы белгилүү болду. Соңку жылдары туристтик виза менен же жекече чакыруулар аркылуу бирөөлөрдүн жардамы менен сыртка диний билим алууга кеткен жаштардын агымы көп экени изилдөө учурунда байкалды. Бул өтө тынчсыздандыра турган көрүнүш. Биздин баяндаманын корутундусунда чет өлкөлөрдөгү сапаттуу жана коопсуз диний билим берген окуу жайлар менен гана келишим түзүп, ошол жактарга гана балдарды окууга жиберүүнү жолго коюу боюнча сунуштар берилди.

Салттуу ислам менен "импорттолгон илимдин" аралыгы

Анткени Булан институтунун изилдөө баяндамасында ислам боюнча диний билим алыш үчүн Кыргызстандан сыртка чыгып кеткендер адатта чет өлкөлөрдөгү диний радикалдык-экстремисттик уюмдардын торуна түшүп, алардын динди бурмалап окуткан окуу борборлоруна кабылып калуу коркунучу жогору экени эскертилген.

Мисалы, баяндамада Пакистанда диний окуу жайлардын басымдуу бөлүгүн расмий катталбаган медреселер түзүп, алар"Таблиги жамаат" жана "Ахл-у Хадис" сыяктуу ар кандай диний агымдарга тиешелүү экени изилденген. Өлкөнүн Панжап аймагында Ахл-у Хадис жамаатына тиешелүү медреселер, мечиттер, диний-экстремисттик багыттагы басмаканалар жана саясий уюмдар бар экени баяндамада көрсөтүлгөн. Дин тармагындагы адистер диний радикалдык идеология ошондой көмүскө иш алып барган окуу борборлору аркылуу Кыргызстанга келиши мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

Дин таануучулар буга чейин Орто Азияда салттуу ханафий мазхабынын негизинде исламды окутуунун Бухара мектеби таасирдүү болгонун белгилешет. "Ал мектеп кастыкты, жек көрүүнү четке кагып, динди таңуулоо аркылуу эмес, назик ынаным аркылуу жайылтууну көздөгөнү менен азыр өлкөгө келип жаткан диний агымдардан кескин айырмаланат" дешет.

Жалал-Абад облусунун мурдагы казысы Дилмурад ажы Орозов Кыргызстанда ошол салттуу мектепти сактап калып, сырттан кирген ар түрдүү көз караштагы диний агымдарга тоскоолдук жасалбаганына токтолду:

- Биздин ата-бабалар карманып келген, азыр биз салттуу ислам деп айтып жаткан диний мектеп негизинен Фергана өрөөнүндө кеңири жайылган эле. Биздин кыргыз аалымдар дагы совет бийлигине чейин да, ошол доордо да ошондой мектептерден таалим-тарбия алышкан. Өлкө эгемендик алган жылдардан кийин андай аалымдардын көбүнүн көзү өтүп кетти. Бирок биздин ата-бабалар карманган мазхабды, ошол акыйданы карманып, андан ары өркүндөтүп, салттуу исламдын мектебин сактап калууга жакшы аракеттер болбоду. Анткени эгемендиктин алгачкы жылдарында "Ким, каяктан кандай илим-билим алып келди?" деген суроого маани берилбей, "Кайсы чет өлкөлөрдөн окуп келди?" деген нерсеге көбүрөөк көңүл бурулуп кетти. Чет өлкөдө окугандын баарын эле илимдүү катары кабыл ала баштадык. Бирок анын кандай окууну окуп келгенине кызыкпадык.

Ушундай эле пикирди колдогон Надыр ажы Ассамудинов Кыргызстанда соңку 20 жылда сырттан келген чет элдик диний мектептердин таасири күчөп, анын натыйжасында динди түшүндүрүүдө, Куранды чечмелөөдө жана намаз окууда эки анжы түшүнүктөр пайда болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай жагдай мусулман коомчулугуна жик салып, пикир келишпестиктерди жаратууда.

Муфтият иш жүзүндө салттуулукту колдойбу?

Кээ бирлери намазды колун киндигинин тушуна коюп окуса, башкалары көкүрөгүнө чыгарып алат, бирөөлөрү талтайып туруп окуса, башкалары түз турат. Анан эки ортодо ар кимиси өзүнүкүн туура деп, бирин-бири жаман көрүп, ажырым пайда болуп жатат.
Надыр ажы Ассамудинов

Надыр ажы Ассамудинов ​муфтият менен аалымдар кеңешин "жагдайды тартипке салууда алсыздык кылып жатышат" деп сынга алды:

- Мисалы, кайсы бир маселени Пакистандан окуп келгендер башкача түшүндүрсө, Сауд Арабиядан окуп келгендер бөлөкчө айтып берип, түшүндүрүп жатышат. Мурда баарыбыз бирдей намаз окуп, кайсы бир маселелер боюнча бирдей өкүмдөрдү угаар элек. Азыр эми кээ бирлери салафий болуп, башкалары таблиг, анын ичинен дагы инкарчы болуп, дагы башкалары ваххабий деп бөлүнүп-бөлүнүп жатышат. Бир эле намаз боюнча мисал келтирсек - кээ бирлери намазды колун киндигинин тушуна коюп окуса, башкалары көкүрөгүнө чыгарып алат, бирөөлөрү талтайып туруп окуса, башкалары түз турат. Анан эки ортодо ар кимиси өзүнүкүн туура деп, бирин-бири жаман көрүп, ажырым пайда болуп жатат. Анан эми муфтият муну тартипке сала албайт окшойт. Салса салып коёт эле да. Муфтият "өлкө боюнча намаз бирдей тарийкада окулсун " деп фатва чыгарып койсо, ошол бардыгы үчүн аткарууга милдеттүү болот эле да.

Анткен менен диний аалым, салттуу исламдын жактоочусу Дилмурад Орозовдун айтымында, Кыргызстандын аймагында такыбачылыгы менен айырмаланган салттуу мектеп чет өлкөлөрдөн диний билим алып келген бүтүрүүчүлөрдүн таасири аркылуу 2000-жылдардан тартып сырттан "импорттолуп" келген ар түрдүү диний агымдарга орун бошотууга аргасыз болууда.

Дилмурад ажы Орозов баяндамада келтирилген өлкөдөгү диний билим берүүдөгү кырдаалдын мүнөздөмөсүн ырастап, радикалдык агымдар кеңири жайылып жатат деген ишенимин билдирди:

- Салафизм агымынын таасири Бишкекте аябай күчтүү. Ошто дагы бир топ. Андайлар Жалал-Абадда дагы бар. Бирок азыр негизинен алар көбүнчө Бишкекте. Салафий дегенибиз каяктан келип жатат? Мисалы үчүн Сауд Арабияда расмий түрдө ханбалий мазхабында болушканы менен ошол эле кезде салафий акыйдасын карманышат. Мисирде дагы ошондой. Ал жактардан окуп келгендерде албетте, ошонун таасири тийет. Мына, азыр биздин муфтиятта дагы Мисирден, Саудиядан, Пакистандан жана Түркиядан бүтүп келгендер иштешет. Мисирде окуп келген балдардын "Адеп башаты" деген түзүмү бар. Пакистанда окуп келгендердин түзүмү болсо "Таблиги жамаат" деп аталат.

"Коркунуч жок"

Бирок мындай дооматтарга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы макул эмес. Муфтийдин орун басары Замир ажы Ракиев диний чөйрөдөгү жамаатташууну табийгый көрүнүш катары мүнөздөдү. Анын айтымында, өлкөдөгү диний кырдаал айрым дин аалымдары менен эксперттер сүрөттөп жаткандай коркунучтуу эмес. Диний мектептердин ортосундагы айырмачылыктарды, диний топтордун тымызын таасир талашуусун жана жамааттар ортосундагы тирешүүнү муфтийдин орун басары ойдон чыгарылган жоромол катары четке какты.

Дааватка чыккандар. Ош
Дааватка чыккандар. Ош

Ошол эле кезде Замир ажы Ракиев мындан үч-төрт жыл мурун диний кырдаал кооптуу болгонун айтып, азыр абал бир топ тартипке салынып калганын айтат:

- Диний жамааттар буга чейин деле өз ара тил табышып келишти. Азыр деле алар өз ара түшүнүшүп, ынтымакта эле жүрүшөт. Биз эми алакандай элбиз. Жөн жерден эле чуу чыгара берүүнүн өзү туура эмес. Бул эми динди жаман көргөн инсандардын бөйрөктөн шыйрак чыгарышы. "Мусулмандар жамаат болуп бөлүнүп кетти" дегенде "алар бири-бири менен жоолашып жатат" дегенди туюндурбайт. Баары эле мусулман. Баары бир Кудайга ишенет. Анан эми динди таратууда ар бир жамааттын өзүнүн ыкмасы болушу мүмкүн. Акыйдасы бирдей болгон соң, бул жерде башка деле айырмачылык жок. Бирок эми биз келген учурда мына ошондой көрүнүштөр бар болчу. Биз мына үч-төрт жылдын ичинде ар кандай семинарларда какшап айта берип, жума намаздарда бул маселени көтөрө берип, Кудай буюрса, бул маселеде бир топ алдыга жылыш болду.

Саясатташкан исламдын социалдык базасы

Булан институтунун баяндамасында Пакистандын Муридке шаарындагы «Марказ-и Дава-йы-Иршад» медресеси билим берүү менен бирге эле саясат, соода-сатыкты жана аскер өнөрүн кошуп окута турганы белгиленген. Пакистанга дааватка барып, диний окуулардан өтүп келип жаткан кыргызстандыктардын канчасы ошондой радикалдык борборлордон даярдыктан өткөнү азырынча чалгын кызматтарына дагы белгисиз.

Андыктан бул баяндама дин таануу жаатындагы адистер арасында кызуу талкууга жем таштады. Айрыкча чет өлкөлөрдөн диний билим алгандардын арасында Кыргызстанда салафиттик агымдын ичиндеги радикалдык такфиризм идеясын тутунган жамааттар же болбосо алар менен үндөш идеяларды жайылткан диний топтор пайда болгону тынчсызданууга негиз бере турганы белгиленди.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев диний радикалдык көз караш өлкөнү эбак эле кучагына алганын төмөнкүдөй мисалдар менен негиздеди:

- Алар чет өлкөлөрдөн эмнени окуса, бул жакка келгенде ошонун баарын жайылтууга жардам беришет да. Булар ошол жактан үйрөнгөн такфиристтик идеологиясын бул жакта ачык эле колдоно коюп жатышпайбы. Мисалы, биздин мазхаб боюнча "мусулманмын" деп өзүн эсептеген адамды эч убакта "мусулман эмессиң" деп айтууга болбойт. Ал эми булар "Жанар Акаев баш болгон төрт-беш депутат эс алуу күнүн жума күнүнө которууга каршы чыгышты, көзү өткөндөн кийин аларга жаназа окулбашы керек" деп чыгышпадыбы. Муну болгондо дагы мурда муфтий болуп жүргөн, аалымдар кеңешинин мүчөсү айтпадыбы.

Радикалдык багыттагы диний окуу жайларына жакындан бери Пакистандын бийлиги өзү каршы туруп, алардын ишмердигин чектөөгө аракет кылганына карабастан ал өлкөнүн көзөмөлсүз калган тилкелеринде улам жайылып баратканы эксперттик чөйрөдө талкууланды. Пакистан бийлиги ошого окшогон диний окуу жайлар радикалдардын топтошуусуна негиз түзүп, өлкөдөгү диний кырдаалга терс таасирин тийгизип жатканына камтама болгонун эл аралык маалымат агенттиктери жакында эле жазып чыгышкан.

Мамлекет гармонияны жактырат

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Эсенгелди Жумакунов Кыргызстанда дагы диний ар түрдүүлүктү көзөмөлдөө жана баалуулуктарды айкалыштыруу боюнча дин саясаты иштелип чыкканын мындайча түшүндүрдү:

- Салттуу ислам катары ханафий мазхабы, матрудий акыйдасы миңдеген жылдан бери биздин коомдун сакталышына, анын маданий өнүгүшүнө салым кошуп келгенин белгилеп, мына ошол концепцияда ага басым жасоо керек экенин көрсөттүк. Биз аны демократиялык баалуулуктар менен кошо алып кетишибиз керек. Негизи ислам баалуулуктары менен демократиянын ортосунда карама-каршылык жок. Анан эми кээ бир радикалдык көз караштагылар же болбосо биздин акыйданы жакшы түшүнбөгөндөр бул экөөнү карама-каршы коюп жаткан учурлар бар. Биз болсо муну айкалыштырып алып барууну көздөп жатабыз. Бул боюнча дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатта дагы белгиленген.

Бирок чет элдеги күмөндүү окуу жайларга канчалаган кыргызстандыктар барып, ал жактан диний билим алып, тарбиясын сиңирип келгени тууралуу азырынча так расмий маалыматтар жок. Болгону, расмий эмес маалыматтар боюнча чет өлкөлөрдөн диний окуу жайларын бүтүп келгендердин айрымдары учурда Кыргызстанда өз мектептерин негиздеп, динди түшүндүрүүчү, жайылтуучу жана насаат берүүчү борборлорун ачышканы ачык маалымат булактарында мисалга алынып жүрөт. Айрым аалымдар турмуштук суроолорду дин түшүнүгү менен чечмелеп, өзүнүн чоң тарапташтарын топтогонго дагы жетишип калганына талдоочулар баам салышкан.

Кайсы бир ислам жамааты бийликке жакын болсо, кайсы бир агым мына ошол жогорку бийликке жол тапкан болсо мына ошолордун көз карашындагыдай болуп дин таралып, алардын таасири артышы мүмкүн.
Нургазы Мусаев

Дин темасына адистешкен журналист Нургазы Мусаев бийликтен саясий калканч издөө аркылуу өлкөдө кеңири кулачын жайууга көпчүлүк жамааттар кызыкчылыгы бар экенин белгиледи:

- "Андай топтор бир жерлерде чогулушат, анан алардын лидери бул киши" деп ачык айтуу кыйын. Бирок алардын ачык дагы, тымызын дагы иш алып барып жатканы көпчүлүккө эле белгилүү. Себеби бизде аларга тыюу салынган эмес. Бул жерде "Бизге коңшулаш эле мамлекеттерде эмнеге негизденип алардын ишмердигине тыюу салынды? Ал эми бизде эмне себептен жана эмнеге негизденип аларга тыюу салынган жок?" деген суроо жоопсуз турат. Анан эми бул жерде албетте, аларды коргогон лобби бар. Бул эми ислам тарыхынан карасак, тээ илгертен бери ошондой болуп келгени белгилүү. Арабия жарым аралы жактарда ошол мезгилдеги башкаруучулар өзүнө жакын мазхабды же акыйданы туура деп эсептесе, ошолорду аталган аймакта жайылтууга шарт түзүп келген. Ошол сыяктуу эле бизде дагы азыркы кайсы бир ислам жамааты бийликке жакын болсо, кайсы бир агым жогорку бийликке жол тапкан болсо, ошолордун көз карашындагыдай болуп дин таралып, алардын таасири артышы мүмкүн.

Жамаатташуу жана таасир тийгизүү

Дин таануучулар даават жүргүзүү аркылуу өз чөйрөсүн кеңейтип, Пакистанда, Индияда жана Бангладеште кеңири жайылган диний мектептердин бири "Таблиги жамааты" учурда Кыргызстанда таасирдүү кыймылга айланганын белгилешет.

Мындан тышкары, Кыргызстанда башы Египетте уюшулган "Мусулман агайындар" жамаатынын топтору түптөлгөнү тууралуу расмий эмес маалыматтар бар. Мисирде мындан беш жыл мурунку козголоңдун натыйжасында саясий бийликти алууга жетишкен "Мусулман агайындар" уюмуна кийин ал жакта тыюу салынган. Бирок дин таануучулар арасында Кыргызстанда Мисирден диний окуу жайын бүтүп келгендер ошол уюмга үндөш "Ихвандар" жамааты аркылуу иш алып барып жатканы талкууланып келе жатат.

Мындан тышкары, диний аалым Фетхуллах Гүленге жан тарткан "гүленчилер" жамааты дагы учурунда Мисирден жана Түркиядан диний билим алып келгендер тарабынан тымызын негизделгени маалымат каражаттарында белгиленип келген.

Ар кайсы жактан диний билим алып келгендер өздөрүнчө ынтымакта болуп, бири-бирине ыктап турушат. Анан жамааттарды түзүшөт.
Орозбек Молдалиев

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев жамаатташуу жараяны жана ага карата айрым чет элдик элчиликтердин кызыкчылыгы тууралуу маалыматтары менен бөлүштү:

- Адатта, ар кайсы жактан диний билим алып келгендер өздөрүнчө ынтымакта болуп, бири-бирине ыктап турушат. Анан жамааттарды түзүшөт. Ошол эле кезде биздеги кээ бир элчиликтер дагы кабыл алуу болгон учурларды шылтоо кылып, ошол бүтүрүүчүлөрдү чогуу чакырышып, бири-бири менен таанышууга шарт түзүшөт. Анан мен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп турган учурда "мына ошол бүтүрүүчүлөрдү кызматка алсаңар, жакшы болот эле, биз маянасын төлөө жагынан жардам берет элек" деген айрым бир элчиликтер болду. Ошол үчүн биз бул маселеге аябай этият мамиле кылышыбыз керек.

Булан институтунун баяндамасында Сириядагы кырдаалдан улам, Кыргызстанда чет өлкөлөргө диний окуу жайларга жиберүүнүн тартиби өзгөрүп, муфтият үч жылдан бери сыртка окууга жибериш үчүн жолдомо берүүнү токтоткону көрсөтүлгөн.

Баяндаманын корутунду бөлүгүндө чет элден диний билим алууну тартипке салуу жана буга карата атайын жобо иштеп чыгуу тууралуу сунуш киргизилген. Институттун изилдөөсү боюнча Кыргызстандагы расмий диний түзүмдүн жетекчилигин жогорку диний билимди Египеттен, Пакистандан жана Сауд Арабиядан алгандар түзөт. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, Ислам университетинин мурдагы ректору Марс Ибраев Египетте окуган. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана Аалымдар кеңешинин бир нече мүчөсү Пакистандан билим алышканы белгиленген. Ал эми мурдагы муфтий, диний аалым Чубак ажы Жалилов Сауд Арабияда окуган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG