Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:46

Казакстанда жоолук маселеси сотко өттү


Казакстан, Актөбө. Хижаб жамынган төрт кыздын атасы. 1-ноябрь, 2017-жыл.

Казакстанда хижаб кийген окуучуларга байланыштуу талаш уланууда. 60тан ашуун ата-эне мектепте кыздарына жоолук салынууга уруксат берүү боюнча сотко кайрылган.

Астананын Есил соту 60тан ашуун ата-эненин доо арызын карап жаткан кези. Актөбө жана Батыш-Казакстан облусунан кайрылган ата-энелер окуучу кыздарына мектепте жоолук салынууга уруксат берүүнү талап кылып жатышат.

Окуу жылынын башталышынан бери Казакстандын бир катар райондорунда хижаб кийүүгө тыюу салынгандыктан, ондогон мектеп окуучулары сабакка барбай жүрүшөт.

Доочулардын бири Миржан Габдуллиндин айтымында, Урал облусунда 78 окуучу кыз мектепке барбай калган. Окуу жайлардын жетекчилиги кыздардын кийими милдеттүү мектеп формасына туура келбегендиктен аларды сабакка киргизбей койгон.

Хижаб маселеси боюнча Актөбөдөгү мектептердин биринде болгон жыйын. 1-ноябрь, 2017-жыл.
Хижаб маселеси боюнча Актөбөдөгү мектептердин биринде болгон жыйын. 1-ноябрь, 2017-жыл.

Урал облусунан 35 ата-эне, Актөбө облусунан 29 ата-эне Астананын сотуна кайрылган.

Алар сот аркылуу Казакстандын Билим жана илим министрлигинин №13 буйругун жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Министрликтин буйругунда "мектеп формасы дүйнөбий мүнөздөгү билим берүүгө ылайыктуу болушу керек, диний белгилери бар кийимге уруксат берилбейт" деп жазылган. Доочулардын билдирүүсүнө караганда, бул буйрук Жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пакттын 18-беренесине каршы келет.

Сотко келген аталардын бири - атын ачыкка чыгаргысы келбеген Казакстандын жараны кызы Астанада 5-класста окуурун айтат. Анын кызы хижаб киет, буга аны эч ким мажбурлаган эмес. Атасынын айтымында, кызынын тери ооруларына байланыштуу дарыгерлер жоолук салынууну сунуш кылышкан.

"Мындай чечимди кыз өзү кабыл алышы зарыл".

- Мусулман кыздар жашы жеткенде башын жабыш керек, бирок, «сен 12ге же 16га толдуң, эми жоолук салын» деп зордоого болбойт. Баланы ага даярдаш керек, бул чечимди ал өзү кабыл алат. Исламда баланы бир нерсеге мажбурлоого тыюу салынган, балага баары түшүндүрүлүп, анан апасы андан сурашы керек. Мындай чечимди кыз өзү кабыл алышы зарыл. Хижаб деп баары жаман көрүп жатышат азыр. Бирок бул биздин улуттук баш кийим. Аны чоң энелер жаш кезинде кийишкен.

Кыздын атасынын айтымында, ал салафит эмес, салттуу исламды карманат. Болгону кызынын мектепке ак жоолук салынуу укугун коргоп келет.

Астананын жашоочусу Фатима Милованова кызы жети жашынан бери жоолук салынууну эңсегенин айтат. Ал Билим берүү министрлиги кандай себептерден окуучуларга өз каалоосу боюнча жоолук салынууга уруксат бербей жатканына таң калат.

- Алар (ред. Казакстандын Билим жана илим министрлиги) балдар бизди туурап жатат деп ойлоп жатышат, - дейт Фатима Милованова.

Ал эми энелердин бири Анара Канафина арызданган ата-энелер балдарына билим алууда эч кандай тоскоолдук болбошун талап кылып жатканын гана белгилейт.

"Жоолук башка балдардын укуктарын кантип бузуп жатканы белгисиз. Муну чоңдор эле ызы-чуу кылып жатышат".

- Билим берүү боюнча мыйзам балдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, психологияга жана өнүгүүгө негизделиши керек. Эгерде ушундай болгондо кызматкерлер мындай жоолуктарга уруксат беришмек. Бул жерде кеп башкада болуп турат. Жоолук башка балдардын укуктарын кантип бузуп жатканы белгисиз. Муну чоңдор эле ызы-чуу кылып жатышат.

Дин иштери жана жарандык коомчулук боюнча министрликтин өкүлү Еркин Онгарбаев Казакстан дүйнөбий өлкө экенин жана ар бир мекеменин ички тартиптери бар экенин белгилейт. Мамлекеттик кызматкердин айтымында, мындай кырдаалды кылдаттык менен караш керек.

"Куранда жетилген кыздардын жоолук салынышы жөнүндө айтылган. Бирок бул жерде 6-7 жаштагы кыздар жөнүндө сөз болуп жатат".

- Куранда жетилген кыздардын жоолук салынышы жөнүндө айтылган. Бирок бул жерде алты-жети жаштагы кыздар жөнүндө сөз болуп жатат. Мындай бала өзүн коомчулукта кантип алып жүрүүнү билеби? Кандай кийинүү туура деп чече алабы? Мындай чечим чоң кишинин тандоосу. Балдарга ата-энелери эмнени айтса, ошону кылып жатышат. Балдарын зордогон ата-энелер такыр туура эмес иштерди кылып жатышат.

Онгарбаев «жоолукчан кыздар мектепте башка окуучулардын арасында өздөрүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн, балдардын психологиясын дагы эске алуу керек» деген ойдо.

"Бир динге карата макулдук берсек, эртең башкаларында дагы суроолор пайда болот".

- Жалпы өлкөнүн масштабында карасак, жоолук салынгандардын саны 0,15 пайыз – такыр болбогон эле көрсөткүч. Ата-энелери балдарынын укуктарын сактайбыз деп жатышат. Чындыгында өз кызыкчылыктарын эле коргоп жатышат. Казакстанда ар кандай динди туткан көп улуттуу эл жашайт. Бир динге карата макулдук берсек, эртең башкаларында дагы суроолор пайда болот.

Азыр Астанадагы ата-энелер соттун чечимин гана күтүп жаткан кези.

Акыркы жылдары Казакстанда окуу жайларга хижаб кийген окуучу кыздар сабакка киргизбеген учурлар көбөйдү. Казак бийлиги диний белгилери бар кийим кийүүгө тыюу салып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG