Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:36

Бишкекте мэриянын мурдагы кызматкери жоолук салынганы үчүн иштен алынганын айтып, мекеме менен соттошууда.

Шаардык сот 24-майда мэриянын аны иштен бошотуу тууралуу буйругун мыйзамсыз деп тапты, бирок кайра жумуш ордунда калтыруу боюнча арызды канааттандырган жок. Мэрия кызматкер жоолукка байланыштуу иштен кетти деген маалыматты четке кагып, келиндин иштен кетишин жумушка жоопкерчиликсиз мамиле кылганы менен байланыштырып жатат.

Мэриянын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эки жыл иштеген Сейил Маданбекова кызматынан 2016-жылдын ноябрь айында алынган.

Ал буга жоолук салынып жүргөнүн жүйө келтирип, аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиев бул маселеге байланыштуу аны менен бир-эки жолу сүйлөшүп, иштен өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазууну талап кылганын айтууда:

Ажылыкка барчу аялдар арбын

Кыргызстанда ажылык сапарга барууга кызыкдар аялдар көбөйүүдө. Алардын орточо жаш курагы 35-60 жашта. Эксперттер жыл өткөн сайын ажылык сапарга барууну каалаган кыз-келиндер да көбөйүп жатканын айтышат.

- Аппарат жетекчиси 2016-жылдын март айында мени чакырып, жеке суроолорду берди. "Ким жоолук салын деп кыйнады? Менин кызым намаз окуйт, бирок жоолук салынбайт, Москвага барсак, террорчулардын колунан балдары өлгөн ата-энелер сизди түшүнбөйт" деди. Эртеси кайра чакырып дагы сурады. Кийин арыз жазып, өзүңүз кетиңиз деди. Мен жазбайм, кетпейм деп айттым. Анан сөгүш берип арыз жазыңыз деп кайра чакырды. Кетпесеңер берене менен кетиребиз деди. Кетире бергиле, сотко берем дегем. Мен жети жыл мамлекеттик кызматкер болуп жакшы эле иштеп жаткам. Ага чейин бир да жолу сөгүш алган эмесмин. Жаңы аппарат жетекчиге жоолугум жакпай, экинчиден ордум керек болуп эле кетиришти.

Сейил Маданбекова өзүнүн иштен кеткени мыйзамсыз болгон деген негизде кайра жумушка алуу талабы менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган. Быйыл февралда сот ишти анын пайдасына чечип берген. Бирок мэрия буга макул болбой, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз жолдогон.

24-майда ишти караган шаардык сот былтыр 20-сентябрда Маданбековага жарыяланган сөгүштү, ноябрдагы аны иштен бошотуу тууралуу буйрукту мыйзамсыз деп тапты. Мажбурлоо менен иштебей калган күндөрү үчүн шаар башкармалыгын ага 50 миң 400 сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бирок аны жумуш ордунда калтыруу тууралуу райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, арыз канааттандырылган жок. Маданбекова соттун бул чечимине нааразылык иретинде Жогорку Сотко кайрылууну көздөп жатат:

- Соттун чечимин карасам, жумуш ордуна кайра барып иштесин деп жазылбаптыр. Буга чейин Ленин райондук соту токтоосуз жумуш орду калыбына келтирилсин деген өкүм чыгарган. Булар кызматтык келишим мөөнөтү бүтүп калды деп алдап кеткенге аракет кылып жатышат. Мен мэрияга сынак аркылуу келгем. Ошондо бардык кызматкерлер менен кызматтык келишим түзүлгөн. Бирок кийин муниципалдык кызмат жөнүндө жаңы мыйзам күчүнө кирип, ал келишимдер күчүн жоготкон.

Сейил Маданбекова иштебей калган күндөрү үчүн ага акча төлөө боюнча соттун чечими менен да макул эмес. Анын айтымында, былтыр ноябрдан бери алган маянасы 200 миң сомго жакын болмок, бирок сот мэрияны аз акча төлөөгө милдеттендирип койгон. Мындан тышкары ал өзүн иштен кетирген тиешелүү жетекчилерге да чара көрүлүүгө тийиштигин билдирүүдө.

"Маданбекова ишинде ката кетирген"

Бишкек мэриясы болсо Маданбекованын кызматтан алынышы жоолукка тиешелүү эмес деп ишендирип жатат. Мекеменин аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, кызматкерди иштен алуу анын мурда бир нече жолу сөгүш алганы жана жумушка жоопкерчиликсиз мамиле жасаганы менен байланыштуу:

- Маданбекова Сейил өз ишин так аткара албай, көп учурда ката кетирип, ошол себептен ага катуу сөгүш жарыяланган. Андан тышкары ар дайым негизсиз жумушка кечигип келчү. Ал үчүн да сөгүш алган. Акырында анын ишке болгон мамилесин, орой сөздөрүн этика боюнча комиссия карап чыгып, ошонун негизинде сунуш берген. Мисалы, биз жылда өнөктөштөр менен мамилени бекемдөө максатында майрамдарда аларга куттуктоо жиберебиз. Кытайдын Инь-Чуань шаарынын мэрине Тышкы иштер министрлиги аркылуу куттуктоо катын жолдогонбуз. Анда мэрдин фамилиясы туура эмес жазылып, биз жиберген адам шаар мэри эмес, анын орун басары болуп калган. Протоколдук иштерди жазып атканда да бир топ ката кеткен. Каттарда ысымдар, фамилиялар туура эмес жазылган. Андан тышкары документтер өз убагында даярдалбагандыктан, биздин делегация Кытайдагы форумга барбай калды. Маданбекованын башка негиздери жок болгондуктан, "жоолук салынганым үчүн жумуштан кетирди" деп айтып чыкты.

Ал эми Сейил Маданбекова Кытайга делегациянын документтерин даярдоо маалында сыркоолоп, жумушка келбей калганына карабай жазаланганын айтууда. Ал жоолукка байланыштуу жумушунда басмырлоого тушукканын айтып, былтыр мусулман аялдардын "Мутакаллим" коомдук бирикмесине да кайрылган экен. Уюмдун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жоолук оронуу ар бир адамдын жарандык укугу экенин белгилейт:

Жоолукчандардын акциясы, Бишкек. 2011-жыл
Жоолукчандардын акциясы, Бишкек. 2011-жыл

- Жарым жыл мурун мага "жумушта кысым көрсөтүлүп, жоолугумду чеч" деп жатат деген. Анын сотко кайрылганы өтө туура. Демократиялык-укуктук мамлекет болгондуктан, бизде Конституциянын он алтынчы жана отуз экинчи беренелеринде жазылгандай, кайсы динге ишенет, кандай кийинет анын өз укугу. Бул жерде ал эч бир дресс-кодду бузган жок. Карап көрсөңүздөр, бизде чачын ак кылып боёп деле, чачын кое берип деле жүрүп атышат.

Ошол эле кезде коомчулукта мамлекеттик кызматтарда, мекеме-ишканаларда жана орто билим берүү жайларында жоолук салынып жүрүү этикага туура келбейт дегендер да жок эмес. Журналист Кален Сыдыкова ушундай пикирди кармангандардын бири:

- Мамлекеттик кызматтарда атайын формалар бар, ошону кийип алышпайбы. Анан өзгөчөлөнгөн туура эмес болуш керек. Бизде мыйзамдар жеткиликтүү иштелип чыккан эмес да. Назарбаев (ред: Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев) сакал койгонго, көчөдө дамбал кийип жүрүү биздин каада-салтка туура келбейт деп тыюу салган атайын мыйзам иштеп чыгып жатпайбы. Биз да ошондой иштеп чыгышыбыз керек го.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, ар бир атуул каалаган динин тутуп, каалаган кийимин кийгенге укуктуу. Анткен менен жоолукка байланышкан бул сыяктуу талаш-тартыштар токтой элек. Буга чейин бир нече жолу мектепке "жоолук үчүн киргизбей койду" деген нааразылыктар чыккан. Окуучу кыздардын оромол оронушуна каршы мугалимдерди ата-энелер адам укугун бузууда деп күнөөлөсө, окутуучулар жоолук мектептин жобосуна дал келбейт деген негизди карманып келишет.

"Азаттыктын" архиви: Жоолук жана мыйзам. 3-июнь, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG