Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Кыргызстанда экстремизмге азгырылган аялдар көбөйдү


Кыргызстанда аялдар арасында радикализм өсүп жатат. 2005-жылы бул көрсөткүч 8% түзсө, учурда 23% чамалады. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте күч органдары жана дин өкүлдөрү "Экстремизм жана терроримге каршы күрөштө аялдардын ролу" деген темада өткөргөн жыйында айтылды.

Маалыматка караганда, аялдар арасындагы радикалдашуу 2010-жылдан тарта көбөйгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Антитеррор борборунун 2016-жылдагы иликтөөсү боюнча, соңку 10 жылда аялдарын радикалдашуусу 24 эсе көбөйгөнү айтылган.

Сирияга кетти деген 500дөн ашык кыргызстандыктын жүздөн көбүрөөгүн аялдар түзөт жана алардын бир тобу 25-30 жаштагы кыз-келиндер.


XS
SM
MD
LG