Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Терең иликтөөнү талап кылган оор кине


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаардык соту Ала-Бука районунун тургунун "Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан" деген айып менен алты жылга эркинен ажыратты. Ал "2013-жылдары Түркияда иштеп турган убагында Сирияга өткөн жана башка адамдарды жөнөткөн" деп күнөөлөнүп жаткан. Бирок анын жакындары "айыбы толук далилденбей эле соттолду" деп жатышат.

Шаардык соттун 26-январдагы өкүмүнө ылайык Ала-Бука районунун 32 жаштагы тургуну Ниязбек Айдаров “Согуштук аракеттерге мыйзамсыз катышкан жана адамдарды жалдап жөнөткөн” деген айып менен күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

Анын жубайы Хуршида Назимжанова жолдошунун айыбы толук далилденбегенин билдирүүдө.

- Жолдошум Стамбулга барып иштеп келгенден кийин баш кошконбуз. Анын айтымында, 2012-жылдын декабрь айында иштегени барыптыр. Эч жерде каттоого турбай иштеп жүргөнү үчүн 2013-жылдын апрель айында депортация болуп келген экен. Ошол жылы биз турмуш курдук, андан бери чет жакка чыккан жок. Былтыр октябрда Бишкекке паспортторун алмаштыруу үчүн барып, кайра келе жатканда УКМК кызматкерлери кармап кетишкен. Жолдошум Сузак районундагы медреселердин биринде билим алган. Өзүм болсо Кировдогу медреседе окугам. Жолдошума "Сирияга барып, согуштук аракеттерге катышкан жана башка адамдарды жөнөткөн" деген айып коюлуп жатат. Анткени ал теңдүү досторунун бири азыр Сирияда жүргөнү айтылып жатат. Айылда мындан башка динге берилген адам жоктугунан жолдошумдан шек санап, айып коюп жатышат. Бирок булардын баары жалган.

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

Учурда үчүнчү перзентин күтүп жаткан кош бойлуу келин апасынын үйүндө жашап жатат. Шаардык соттун өкүмүнө макул болбогон үй-бүлө эми кийинки инстанциядагы сотко арыз жазууга камынууда.

- Жолдошумдун камакта жатканына 3,5 ай болду. Эки балабыз бар, үчүнчүсүн жакында төрөйм. Балдарым төрт жана эки жашта. Өзүмдүн бир көзүм көрбөйт, операция жолу менен гана төрөйм. Учурда өз апамдын үйүндө чогуу турабыз. Бизди багуучу адамды камап салышты. Жолдошумдун атасынын көзү көрбөйт, оорукчан апасы баласынын кабарын укканда инсульт болуп ооруп калды.

"Ниязбек Айдаров менен Сириядагы согуштук аракеттерде бирге жүргөн" деген негизде 2017-жылдын сентябрь айында Сузак районунун 24 жаштагы тургуну Абдулбаси Абдурахимов да камакка алынган. Аны Сузактын соту ушул жылдын 10-январында ушул өңдүү айып менен жети жылга эркинен ажыратууга чечим чыгарган.

Апасы Адинахан Юсупжанова тергөө учурунда баласы кыйноого кабылганын билдирет.

- Балам 2012-жылы Түркиянын Стамбул шаарына иштегени кетип, 2013-жылы жазында келген. Төрт жылдан кийин былтыр 27-сентябрда УКМКнын кызматкерлери камакка алган. "Сирияга барып, согуштук аракеттерге катышып келген" деген жалган айып коюп жатышат. Ал жакта уулум тагасынын көз алдында иштеген. 18 жашка жаңы толгон бала болчу. Анан кантип ошол ишке барсын? Өзү да коюлган айыптарга макул болгон эмес. Орган кызматкерлери токмоктоп, электр тогуна отургузганга чейин кыйнап мойнуна алдырыптыр. Сот да адилетсиз чечим кабыл алды. Азыр эми биз облустук сотко даттанып, иш ошол жакта каралып жатат.

"Уулум Сирияда болушу мүмкүн"

"Уулум Сирияда болушу мүмкүн"

Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылы Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны кыйла азайды.

"Кыргызстанда террордук актыларды уюштурууга камынып жаткан" деген негизде былтыркы жылдын жай айларында Сузактын Ырыс айылынын 18 жаштагы тургуну Махамаджан Жамалдинов атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан кармалып, үйүнөн граната жана ок-дарылар табылганы кабарланган.

Жалал-Абад шаардык соту аны “терроризм”, “ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо” жана “диний кастыкты козутуу" беренелери менен козголгон кылмыш иши боюнча айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Бирок баланын апасы Гүлола Тешебаева сот жаш балага карата эч ким ырайым кылган жок жана мыйзамсыз соттолду дейт.

- Мен азыр акыйкаттык издеп жүрөм. УКМК кызматкерлери атайылап жасалма жол менен балама айып коюп жатышат. Жаш балада граната, ок-дарылар кайдан болсун? Террористти кармагандай кылып үйдөн алып кетишти. Бизде дүкөндө ошондой ок-дарылар сатылабы же жаш балага бирөө ишенеби? Балам кармалган учурда граната менен окторду "үйдөн табылды" деп видеого тартып алышкан, бирок аны сотто көрсөтүшкөн жок. Ошентип ага сегиз жылдык жаза беришти. Биз облустук сотко даттанганбыз. Бирок балам оорукчан болгондуктан анын саламаттыгын текшертүү максатында сот токтоп турат. "Кызыл-Жардагы психикалык ооруканага алып баралы" десе, "орун жок" деп жатыптыр. Биздин үнүбүздү уга турган адам барбы же куру жалаа менен балдарыбыз камалып кете береби? Ал бейкүнөө отурат. Тергөөчү башында балама эки берене коюп жаткан, бизди чакырып акча да сурашты. Акча бербей, барбай койсок дагы эки беренени үстүнө кошуп ташташыптыр. Аларга да Кудай бардыр! Эч жакка чыкпаган, мектепти жаңы бүтүргөн бала болсо же бир жерди жардырып, теракт уюштурса да бир жөн. Соттор да аны карабай оор жаза берип коюшту.

Сирия, январь. Иллюстрациялык сүрөт.
Сирия, январь. Иллюстрациялык сүрөт.

"Сирияга барган деген оор айып"

УКМК тергөө учурунда жогорудагы кылмышка шектүүлөрдүн баарынын күнөөсү далилденип, айыбын угузуу менен сотко жөнөтүлгөнүн билдирип, алар айткан дооматтарды четке какты.

Соттун өкүм баракчасында жогорудагы жагдайлар мындайча көрсөтүлгөн:

"Абдулбаси Абдурахимов Түркия мамлекетине “Бишкек-Стамбул” авиакаттамы менен учуп барып, 2012-жылдын аягынан 2013-жылдын баш чендерине чейин Сирия өлкөсүндө алгачкы согуштук даярдык көргөндөн кийин Сирия өлкөсүнүн өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук кагылышууларга катышып, 2013-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга кайтып келген деп айыпталган. Ал эми Махамаджан Жамалдиновдун үйүн тинтүү учурунда 9 мм калибирлүү 38 даана патрон, 7,62 мм калибирлүү 15 даана, 5,45 мм калибирлүү 29 даана патрон, ВОГ-25Н үлгүсүндөгу граната, Ф-1 гранатасынын бир даана запалы табылган. Ошондой эле ага тиешелүү уюк телефондон экстремисттик уюмдардын символдорун колдонгону аныкталган. УКМКнын буга чейин тараткан маалыматында Жамалдинов Кыргызстанда террордук акт уюштурууга камынып жатканда кармалган. Ал мина жардырууну үйрөнүп, жанкечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келген, эл аралык террордук уюмдун башчыларынын буйругун күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн өзү жардырууга камынып жаткан. Экөө тең тергөө учурунда кыйноого кабылганын билдиришкени менен соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында денесинде эч кандай тактар табылган эмес".

Диний экстремизм багытында иш алып барган милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоодон мурун ыкчам иш-чаралар жүргүзүлөрүн айтууда. Облустук ички иштер башкармалыгынын диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы Мухидин Толубаев буларга токтолду:

- Сирияга кеткендер боюнча алгач ыкчам иш-чаралар жүргүзүлөт. Алардын ошол жакта түшкөн сүрөттөрү же видеолору чогултулуп, жакындарынан түшүнүк каттар алынат. Кээде айрым адамдар жакындары кеткени тууралуу өздөрү билдирип турушат. Биз бардык чогултулган материалдарды УКМКга иш козгош үчүн өткөрүп беребиз. Мурункуга салыштырмалуу Сирияга кеткен адамдар азайды.

“Кылым шамы” укук коргоо кыймылынын облустагы координатору Абдуназар Маматисламов терроризм жана экстремизм менен күрөшүп жаткан орган кызматкерлеринин ишин төмөнкүчө сыпаттайт.

- Чындыгында экстремизм жана терроризм менен күрөшүү мамлекеттин саясаты болуп жатат. Бирок ошол ишти аткарабыз деп орган кызматкерлери айрым кемчиликтерге көз жумуп койгон фактылар бар. Ал кемчиликтер сотто да каралбай, ошол бойдон чечим кабыл алынып жатат. Адамга айып коюлган соң ал толук далилдениши керек. Бирок далилдөө болбой жатпайбы. "Сирияга барып келди" дегенди аныктоо - бул оор процесс. Мен өзүм аралашып күбө болгон жагдай: бир жумага Түркияга барып келген баланы "Сирияга барды" деп соттоп жиберишти. Азыр ал жакка баруу да кооптуу болуп калды. Ошондуктан менин оюмча орган кызматкерлери кылмышты териштирбей, анын алдын алуу чараларын башкача көрүп, башка жол менен күрөш алып барышы зарыл.

Атайын кызматтын маалыматына караганда Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыктар 500дөн ашат. Алардын 140ка жакыны аял, 100гө жакыны балдар. Ушул убакытка чейин согуш талаасында 92 кыргызстандык мерт болгон.

Сирияга кеткен 29 тоңдуктун кийинки тагдыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:03 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG