Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

"Инкарчылар" четинен кармала баштады


2017-жылы Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун өкүлдөрү.
2017-жылы Аксы районунда кармалган "Йакын инкар" тобунун өкүлдөрү.

Былтыртан бери экстремисттик уюм деп табылган "Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү четинен кармалып аткан чагы. Заманбап цивилизациядан баш тартып, ислам алгач жаралган кездеги баалуулуктарды тутунган бул уюм Кыргызстандын түштүгүндө да кеңири тараган. Эки жылдан бери уланып аткан камоо "инкарчыларды" ооздуктай алдыбы?

Ноокат районунун атын атагысы келбеген тургуну өзүнүн бир тууган карындашы күйөө баласы менен кошо "Йакын инкар" тобуна кирип кеткенин айтты. Анан айтымында, адегенде алар кадимки дааватчылардын катарында жүрүшкөн. Бирок азыр күйөө баласы менен карындашынын жүрүм-туруму айылдаштарынан кескин айырмаланып кеткение кабатыр. Ушул тапта күйөө баласы Индияда дааватта жүрөт.

- Күйөө балам азыр үйдө эмес, Индияда дааватта жүрөт. Беш баласы бар. Узун чач коюп, узун кийинет. Карындашымды ороп койгон. Үйдө шарты жакшы, мончосу бар. Балдары мектепке оронуп барышат. Бирок телевизор көрсөтпөйт. Мен алардын бизге окшоп эле, элден чыкпай жүрүшүн каалайт элем. Ушинтип жүрүп бирдемеге илешип калабы деп корком. "Кой" дегенге болбой коюшту.

Материалдык баалуулуктардан, заманбап медицинадан, мектепте окуудан жана заманбап маданий баалуулуктардан кескин баш тартканы менен айырмаланган "Йакын инкар" уюмунун мүчөлөрү Кыргызстандын Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, Токмок, Бишкек, Кант, Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында таралган. Бул диний уюм эркектери узун чач коюп, узун кийинип, аялдары бети-башын толук жашырып жүрүшкөнү менен айырмаланат.

Пайгамбарды туураган “йакын-инкарчылар”
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:53 0:00

Дин иштери боюнча комиссиянын Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Ысакбай Камаловдун айтымында, "Йакын инкар" тобу мамлекеттик мыйзамдарды тааныбаганы үчүн экстремисттик деп табылган.

- "Йакын инкар" тобунун мүчөлөрү "муфтиятка баш ийбейбиз, динди таратыш үчүн кимдир-бирөөнүн уруксаты бизге зарыл эмес" деп чыгышты. Андан сырткары "балдар мектепте окубашы керек, дүйнөбий билим албашы керек" дегенге чейин барышты. Булар кыргыз мыйзамдарын чанып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен, укук коргоо органдары менен бир топ чатактарга барышты. Ушулардын баары жыйналып келип, алардын экстремисттик уюм катары таанылышына алып келди. Кечээги камоо да мына ушулардын жыйындысы.

"Йакын инкар" уюму 2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан экстремисттик диний уюм деп табылган. Ошондон баштап бул уюмдун мүчөлөрү четинен кармала баштаган. 1-мартта "инкарчылардын" тогузу үч-төрт жылга кесилди. Дагы жетөөнүн үстүнөн соттук териштирүү жүрүп жатат.

Ош облустук ИИББнын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев диний экстремизм менен күрөш улана берерин эскертти.

- Булар мыйзамсыз аракеттери байкалгандан кийин гана кармалып жатат. Кармалгандан кийин да алардын иштери атайын эксперттерге жиберилип, текшерилип, ошолордун корутундуларынын негизинде иштери сотко өтүп жатат. Ош облусунда 2017-жылы "Йакын инкардын" 32 мүчөсү кармалган. Быйыл жыл башынан бери дагы 16 мүчөсү кармалды. Алардын тогузу үч-төрт жылга эркинен ажыратылды. Учурда "Йакын инкар" экстремисттик уюмунун дагы жети мүчөсүнүн үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат.

Анткен менен диний эксперт Икбол Мирсаитовдун айтымында, бул уюм таасирин жогото баштады.

Икбол Мирсаитов.
Икбол Мирсаитов.

- "Йакын инкар" - Кыргызстанда юридикалык каттоодон өтпөгөн диний жамаат. Аларды биз диний радикалдуу уюм деп билебиз. Алар билим берүү, дарылануу жана башкалар боюнча кыргыз мыйзамдарына каршы келген идеяларды таратканы үчүн ал уюмга тыюу салынган. Тыюу салынгандан кийин алардын саны азая баштады. Анткени айрымдары баш тартышты. Себеби буга адашып киргендер да көп. Булар биздин жергиликтүү мусулман жамаатын ичинен бөлө башташкан да.

"Йакын инкар" диний уюму 1926-жылы Индияда пайда болгон. Бул уюм Кыргызстанга "Таблиги жамаат" уюму менен бирге кирип, кийинчерээк өзүнчө бөлүнүп чыккан. 2017-жылга чейин Кыргызстанда эркин иш жүргүзгөн. Учурда бул уюмдун канча мүчөсү бар экени белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG