Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:27

Кыргызстанда "Йакын инкар" агымынын лидери деп табылган 47 жаштагы жаран эки айга камалды. Ал 20-октябрда Беловодск айылындагы мечиттердин биринде өлкө аймактарынан чогулган “йакын инкарчылардын" жыйынын өткөрүп жаткан жеринен кармалган.

Шектүү Москва райондук сотунун чечими менен тергөө абагына эки айга камалды. Тиешелүү органдар анын ысымын жарыялашкан жок.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун айтымында, кармалган адамга карата Кылмыш кодексинин "Улуттук, расалык, диний жана аймак аралык кастыкты козгоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат:

- Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Булар эч кимди тоготпойт, керек болсо үй-бүлөсүн дарыгерлерге алып барбайт. Баары кудайдан деп коюшат. Бүгүнкү заманбап технологияны дагы колдонушпайт, үңкүрдөгүдөй шартта жашашат.

Милициянын маалыматы боюнча, кылмышка шектүү киши Кыргызстанда “Йакын инкар” кыймылын түзүүчүлөрдүн бири катары саналат. Бул уюмга өзү 2003-жылы кошулуп, Индия, Бангладеш өлкөлөрүнө бир канча ирет барып, жылына өтүүчү ар кандай диний агымдардын жыйындарына катышып турган. “Йакын инкардын” идеяларын камтыган 20дан ашуун китепти урду тилинен кыргыз, орус тилдерине которгон. Ал ошондой эле Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү болгон деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Күч органдары кармалган адамдын үй-жайын тинтүү учурунда экстремисттик маанидеги адабияттарды, аудио-видео дисктерди табышканын, учурда алынган материалдар экспертиза үчүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Макала даярдалып жаткан маалда кармалган кылмышка шектүү адамдын тарапкерлерин жана жакындарын табуу мүмкүн болгон жок. ИИМ тараткан маалыматка караганда, ал Беловодск айылындагы эки башка даректе жашаган жана эки аялы, 12 баласы бар. Ал “Йакын инкардын” эрежесине ылайык жашап, балдарын каттоого тургузбайт, мектепке бербейт, социалдык, медициналык камсыздоодон пайдаланбайт.

Нарындагы мечиттердин бири
Нарындагы мечиттердин бири

Тыюу салынган уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири катары кармалган бул адамды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы да “Йакын инкар” диний тобунун кадыр-барктуу лидерлеринин бири деп эсептейт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Замир Турсунбеков билдирди.

- Муфтиятка баш ийбеген дааватчылардын абройлуу диний аалымы болгон десек болот. Бирок бул адамдын расмий эч кандай диний билими болгон эмес. Булардын чет өлкөдө уга турган, айтканын кыла турган маалымат булагы бар экен.

Учурда өлкө боюнча бул агымдын канча тарапташы бар экенин көрсөткөн так маалымат жок. "Йакын инкар" Кыргызстанда “Таблиги жамааттан” өзүнчө бөлүнүп чыккан агым катары айтылып келет. Бул агым өлкөдө экстремисттик уюм катары тыюу салынганга чейин эле катарын көбөйтүүгө жетишкен. Өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра башташкан.

Диний эксперт Канат Мурзахалилов пикиринде, бул агымдын жайылышы дин тутунгандар арасында караңгы коомдун көбөйүшүн шарттайт.

- Булар диний фанатизм жана караңгылыкка коомчулукту түртөт. Ошон үчүн бул агымдын тамыр жайышы коом үчүн коркунучтуу. Айрыкча динди үйрөнөм деген жаштар үчүн кооптуу агым.

Нарын: талапты тоготпогон "инкарчылар"

Акыркы кезде Нарында “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйгөнү байкалган. Облустук ички иштер башкармалыгы жыл башынан бери бул жамааттын 117 мүчөсүн кармап, эскертүү берген.

"Йакын инкар" диний тобун ээрчигендер журналисттерге сүйлөп берүүгө макул болушпайт. Бирок өз жамааты чогулган учурда өлкө мыйзамдарын "шариятка туура келбейт" деп, бийлик өкүлдөрүн сындашат деп айтылып жүрөт. "Бул жагынан алганда айрым эксперттердин “бара-бара аталган агым “халифат” курууну көздөгөн ар кандай диний радикал топторго тилектеш болуп калышы мүмкүн" деген пикирине маани берилиши керек” - дейт диний эксперт Канат Мурзахалилов.

- Бардык эле деструктивдүү топтордун, агымдардын түпкү максаты - халифат орнотуу. Айрым бир теологиялык көз караштары башка болушу мүмкүн. Бирок түпкү максаты бир болгондуктан, булар биригип кетиши толук мүмкүн. Эми булар кайсы баскычта, кандай шартта биригет - бул чоң суроо. Бирок дүйнөдөгү экстремисттик топтор күчөп турган маалда кошулуп кетүү коркунучун четке какпашыбыз керек.

Анткен менен бул пикирге кошулбаган дин тармагындагы укук коргоочу Акин Токталиев "Йакын инкарга" окшогон агымдарды кысымга алуунун арты дин чөйрөсүндө нааразычылык жаратарын айтты.

- Мындай боло берсе бардык эле диний топ радикалга айланат. Бизде кимиси радикал, экстремист деген экспертиза иштебейт.

2017-жылы 15-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту "Йакын инкар" агымын экстремисттик деп тапкан. Буга Башкы прокуратуранын кайрылуусу себеп болгон. Алар "балдар менен кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорду колдонбош керек" деген сыяктуу кескин көз караштарды карманып, чач-сакалын өстүрүп, узун кийим кийишет.

"Йакын инкар" Кыргызстанда тыюу салынган радикал уюмдардын тизмесине киргенге чейин айрым аалымдар "инкарчыларды" коомго зыяны жок, бирок заманбап жашоону тангандыгы менен өзгөчөлөнгөн адамдар катары баалап келишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG